КАТТООГО ТУРБАСАҢ ДА ТОЛУК УКУКТУУ ЖАРАНСЫҢ

Катталган жеринде эмес, башка жерлерде жашаган жарандар шайлоолордо добуш бербей калышчу. «Ата Мекен» партиясынын демилгеси менен жарандарга жашаган жеринде шайлоо укугу берилди.

Мындан ары Кыргызстандын жараны катталган жеринде эмес, жашап жаткан жеринде добуш бере алат. Бул мыйзамды былтыркы жылы эле Убактылуу өкмөттүн декрети менен Өмүрбек Текебаев киргизгенде УӨнүн ичинде чоң чатак чыккан. “Быйыл да бул норманы өткөрүүдө кыйынчылыктар жаралды, бирок депутаттар колдоп беришти”,- дешет “ата мекенчилер”.
Кыргызстандыктар үчүн дагы олуттуу жагымдуу кабар! Аталган партия тарабынан каттоо (прописка) институтун түп тамырынан жоюу демилгеси көтөрүлөт. Тиешелүү мыйзам долбоору учурда даярдалууда. Аны жаңы жылга чейин депутаттардын кабыл алуусуна коюшмакчы. Алсак, Сокулук районунда жайгашкан дачалык шаарчаларда
эле 23 миң үй-бүлө жашайт. Жалпысынан Бишкектин айланасында мындай жашоочулардын саны 100 миңге жакын. Айтмакчы, дача шаарчалары статусу боюнча айыл жана шаарга кирбейт. Андыктан анда жашагандар каттоого алынбайт.
«Алардын бар экенин мамлекет көрбөйт. Жаш келин төрөйүн десе, «сенин каттооң жок экен» деп, төрөтканага жаткырышпайт. 1-сентябрь да келе жатат. Облустардан шаарга келген көптөгөн ата-энелер баланы мектепке бере албай кыйналышат. Бийлик тирүү турган адамды өлүктөй кабыл алууда. Андыктан биздин лидер дачаларга айыл деген статусту берүүчү мыйзам долбоорун иштеп чыкмакчы. Анда жашагандар толук кандуу жаран болушат»,- дейт депутат Жоомарт Сапарбаев.
Мурдагыдан айырмаланып президенттик шайлоодо көзгө көрүнө тургандай мөөр басылат. Мындай көрүнүш демократия өнүкпөгөн өлкөлөрдө, көбүнчө Африкадагы мамлекеттерде учурайт. БШК төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева бул процессти кемсинтүү катары кабыл албоо керек деп, зарыл болсо сыя белгини бешенесине койдурууга даяр. “Буга чейин ультрафиолет жарыгында көрүнгөн сыя менен бармак белгиленчү. Бул шайлоочулардын кайрадан добуш бербешине каралган чара эле”,- деди ал.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Kumarbek
2011-08-15 10:16:35
Э менин коментарийим калыптырбы жооб берип койгулачы сураныч Кумарбек
0
Luntik
2011-08-15 12:02:40
Жакшы экен эми пропискасы жок эле шайлоого катыша берет турбайбызбы...мынча сонун
0
Gmalika
2011-08-18 03:52:21
Shayloogo chein bul ishke ashsa en jaksy. Bolboso Bishkekte propiskasy jok turgundar daiyma vhette kalyp kelet.
0
kubatbekabdaliev
2011-08-18 12:22:00
Эн жакшы болот еле
0
№ 458, 12-18-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан