Ажолукка ат салышкандардын саны 50гө жетти. Алардын 9у саясий партиялардан, ал эми 41и өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Экс-президенттин бир тууганы Ахмат Бакиев күчөтүлгөн режимдеги колонияга 7жылга эркинен ажыратылды.
«Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын судьясы болом деген ар бир талапкер менен жеке сүйлөшүп чыгам»,- деди президент Роза Отунбаева.
«Нарын драма театрынын директору иштен алынсын» деген талап менен анын артисттери митингге чыгышты. Алар ачкачылык жарыялоого да даяр экенин айтышууда.
«Коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан 178 өлкөнүн ичинде 14-орунда турат»,- дейт Борбордук Азиядагы эркин рынок институтунун директору Сейитбек Усманов.
Нарын шаарындагы күйүп кеткен «Мукаш ата» базарында оокатын өткөргөн 130 ишкерге өкмөт 150 миң сомдун тегерегинде кайтарымсыз акча тарата баштады.
«Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул жана Нарын райондорунун токойлорунда өрт чыгуу коркунучу күч»,-деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мамлекеттик мекемелерде электр энергиясына, сууга жана газга чектөө коюлду.
Бишкек дүйнөдөгү эң кир 20шаардын ичинен 16-орунду ээледи.
Президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна 40 тонна кагаз керектелет. Бюллетендер 5 баскычтуу коргоочу белгиге ээ болот.
Нарын облусунун Жумгал районунда 10-августтадиаметри 10 миллиметр болгон мөндүр жаады.
Учурда Түп-Кеген жолунун жалпы 76 чакырымынын30уна асфальттын биринчи катмары, ал эми 14 чакырымдык бөлүгүнө экинчи катмары төшөлүп бүттү.
Сулайман тоо, Ак-Буура дарыясынын тегерегин жана шаардык сейил бактарды тазалоого 5 миллион сом каражат сарпталып, андан 650 м3таштанды чыгарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Eric-81
2011-08-15 20:21:04
А сен Омургул келемиш болуп калыпсын арамдарды колдоп журуп минте берсен жакында соолугур болосун!!!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.