Экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда Коргоо министри болуп турган Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулду. Ал 7-апрель окуясына байланыштуу сот ишинде негизги айыпталуучулардын катарында болчу. Былтыркы жылдан бери камакта отурган экс-чиновниктин диабет жана гипертония менен ооругандыгы тастыкталган. Буга байланыштуу айрым чектөөлөр менен үй камагына чыгарылды. Бактыбек Калыевдин жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берүүсүнө жана башка облустарга баруусуна тыюу салынды.