“Кыргызстандын Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендери темир жолдун курулушу үчүн Кытайга берилет”,- деп Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов билдирген. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга өкмөт каражат маселесин чече албагандыктан, Кытайдын жардамы менен куруларын айткан. Кайрымжысы катары аталган кендер Кытай инвесторлоруна иштетүүгө берилмекчи. Бул тууралуу токтомго өкмөт кол койгонун да жар салган.
Көп өтпөй өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады. “Мен ал токтомго кол койгон эмесмин жана эч качан койбойм дагы. Албетте, бизге темир жол керек, бирок мындай баада жана схемада эмес”,- деди ал. Ошентип, темир жолду каржылоо тагдыры кайрадан белгисиз боюнча калды.
Маалымат үчүн: Жетим-Тоодо темирдин, Сандыкта алюминийдин жана Терек-Сайда алтын кендери бар.