Өмүрбек Бабановго Ак үйгө келгенден бери кандай гана сындар айтылбады. Мунун баарынан тажаганбы, вице-премьер шайлоодо өзү чыкпай, Алмазбек Атамбаевди колдой турган түр көрсөтүүдө.
“Өткөн шайлоонун эң капчыктуу партиясы” деген атка конгон “Республика” бул сапар эс алат сыяктуу. Партлидер Өмүрбек Бабанов эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт болбоюн деп чечкенби, кыскасы, шайлоого агасы Алмазбек Атамбаев менен барат өңдөнөт. “Республика” 8-августта кайрылуусун жарыялап, анда “биздин партия келе жаткан шайлоодо мамлекеттик принциптерди так карманат. Президенттик шайлоо бөлүп-жаруучу эмес, бириктирүүчү фактор болушу керек” деген кооз сөздөрүн жарыялап, лидердин президенттикке катышар-катышпасын айтышкан жок. Алар ажолукка аттангандарды керт башын эмес, мамлекеттин тагдырын ойлонууга чакырышты.
Бабанов өзү болсо: “Шайлоого бюджеттен бөлүнүүчү 449 миллион сомдон БШКга 179 миллион сом которулду. Өкмөт президенттик шайлоодо нейтралитетти сактайт”,- деди. Кана эми ушул сөздөр чын болсо!
Саясий серепчилер «Бабанов дале абалга байкоо жүргүзүүдө» дешет. Ал жоромолдорду далилдегендей, жер-жерлерде «республикачылар» штабдарды ачып, шайлоого даярдана баштаганы тууралуу кептер да айтылууда.