Арсен менен Айбек аттуу ырчы жигиттерибиз Юрмалада өткөн “Жаңы толкун-2011” сынагына катышып, 4-орунду ээлеп келгени тууралуу уксаңыз керек. Жигиттер бул сынак жөнүндө гезитибизге маек куруп беришти.
– Куш келипсиңер, жигиттер. Кыргызстанга келер замат эле Ысык-Көлгө жөнөпсүңөр. Катуу чарчагансыңар го...
Арсен:
– Негизи, келерибиз менен Ысык-Көлгө баруу планыбызда бар болчу. Бул жакка келгенден кийин эле Ома “Көлгө баралы, ал жактан президенттин кабылдамасына киребиз” деп калды. Ошентип жөнөп кеткенбиз. Ал жактан Роза Исаковна менен жолуктук. Бирок расмий түрдө эмес.
– Таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү тууралуу президент кеп кылса керек?
– Таланттууларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылды. Жеке бизге да токтолуп, “жакында силерди кабыл алам” деп айтты. Аны да, буюрса, көрө жатарбыз. Кыскасы, ажо айым менен сынактын жүрүшү тууралуу эле сүйлөштүк. Сынакта ырдаган ырларыбыздан аткарып бергенибизде ал киши “ушундай таланттар бар экен” деп ыраазы болду.
– Интервью башталгандан бери эле, Айбек, сен сүйлөбөйсүң...
Айбек: – Мен табиятымдан эле ушундаймын, аз сүйлөйм.
– Буга чейин ысымың көп чыкпай жүрүп эле “жарк” дей түштүң...
– Эми кандай десем, чыгармачыл чөйрөдө илгертен эле жүргөм, бирок көлөкөлөп деп койсом да болот. Көлөкөдө жүргөнүмдүн себеби ылайыктуу учурду күтүп жүрсөм керек. Бир нерсе болсо ошону карманып, анан андан ары арыш жасоого. Мына ошондой учур, Юрмалага барып келүү мага берилген бир мүмкүнчүлүк болду.
– Өз-өзүнчө ырдап жүрүп, анан дуэтте ырдоо оорчулук жараткан жокпу?
– Бири-бирибизди билип, чогуу ырдап жүргөндүктөн, тескерисинче, жеңил эле болду.
– Силерге өзгөчө атаандаштык жараткан таланттар тууралуу айта кетсең?
Арсен: – “Быйыл абдан күчтүү таланттар келишиптир” деп калыстар тобу да кимисин тандаарын билбей, аябай баштары айланышты. Биринен-бири ашкан таланттар чогулуптур.
– “Күчтүү таланттар” деп айтып калдың. Бул жактан бара жатканда “алдыңкы орундарга илинебиз” деген ишенич болду беле?
– Чынын айтсак, биз жөн гана ушунчалык мактоого татыган Юрмалада өткөн сынак кандай болорун өз көзүбүз менен көргүбүз келген. "Жаңы толкунга" дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар да келишет эмеспи. Мына ошолорду жанынан көрүү кызык болгон. Мактагандай эле экен. Биз барганда эки сааттан кийин репетицияга жөнөдүк. Тартип абдан катуу болду. Күндүзгү саат 12ден кечки саат 10го чейин даярдык жана даярдык эле болуп жатты.
– Башында жакшы эле упай топтоп, калыстар тобунун мактоосуна татып жатканыңардан, алдыңкы 3 орундун бирине илинет деп жаттык эле...
Айбек: – Башында жакшы эле бааларды алып жатканбыз. Биз деле “алдыңкы 3 орундун бирин ээлейбиз” деп турганбыз. Бирок жыйынтыгына келгенде эле 4-орунга жылып кеттик.
– Билдирбегениңер менен, катуу таарыныч менен кайткан окшойсуңар...
– Таарыныч көп деп айтпайбыз. Бирок түшүнүксүз болуп кетти. Мүмкүн, калыстар тобунун арасында бизден бир ырчы отурганда жыйынтык башкача болмок. Быйыл “Жаңы толкун” сынагынын юбилейлик чыгарылышы болду. Деги эле Орусия буга чейин байгелүү орундарга илине элек экен. Аны бизге сынак бүткөндөн кийин ачык эле айтышты. Ал эми таарынычыбыз – биз 4-орунду ээлеп жатсак, 15-орунду ээлеген Казакстандан келген таланттарга сыйлоо баракчасын берип жатышпайбы. Ал эми бизге таш балакет да жок. Чынында, аябай жаман болдук. Ушундан улам “бул кыргыздарды сыйлабагандыкпы?” деген ой келди. Баары келип эле сынакты уюштуруучулардын саясатына, Кыргызстандын аброюна келип токтоду окшойт. Сынак башталар күнү чүчү кулак суурулганда ар бир өлкөнүн элчилери келди. Биз да бирөө жарым келеби деп үмүттөндүк, бирок эч ким келбеди, өкүнүчтүү.
– Бул жактан бара жатканда да демөөрчү издеп бир топ кыйналганыңарды айттыңар эле...
Арсен: – Ооба, демөөрчү издеп ар кайсы жакка чарпылдык. Ырчы Ома да бизге байке катары абдан жардам берди. Мэрияга чуркап жүрүп, баннерлерди чыгарууга көмөк көрсөттү. Сынакка биз менен чогуу да барып келди. Андан сырткары башкы демөөрчүлүктү “Мегаком” компаниясы көрсөттү. Жеке тааныштарыбызды да тарттык, Бейшеналиева Гүлмира деген эжебиз көмөк гана көрсөтпөстөн, биз менен чогуу барып, көрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстандын желегин булгалап турду.
– Эми келгиле, маанайды чөктүрбөй, эсте калган окуяларга маектин нугун буралы.
Арсен: – Мен сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, кичине ачуумду басыш үчүн Рига шаарында сейилдеп жүргөм. Ома менен Айбек өзүнчө кетип калышкан. Бир кишилер мени чакырып калышты. Башында тааныган эмесмин. Көрсө, “Comedy club'дын” мүчөсү Гарик Мартиросян менен ырчы Сосо Павлиашвили экен. Алар мага “силер жакшы ырдадыңар, өз өлкөңөрдүн желегин татыктуу көтөрдүңөр” деп көңүлүмдү көтөрүштү.
Айбек: – Мен Бейби Фейсти (Baby Face) кыялымда да көрөм деп элестеткен эмесмин. Ырдап бүтүп, көшөгө артына өтүп жатсак, астыбыздан чыгып жатпайбы. Саламдашып, ошол жерден анын колун коё бербей катып калыптырмын.
– Азаматсыңар, жигиттер, бөтөн жерде желегибизди желбиретип келдиңер! Мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg