КЕДЕЙСИЗБИ ЖЕ БАЙСЫЗБЫ?
Ар бирибиз бардар турмушта жашагыбыз келет. Бул үчүн өмүрүбүздүн көпчүлүк бөлүгүн иштеп, акча табууга жумшайбыз. Бирок ошол тапкан акчабыз жетиштүүбү?
АКЧАНЫН ДА ЭРЕЖЕСИ БАР
Элестетиңиз, жол кыймылынын эрежелерин билбей туруп автоунааны айдоо кыйын. Каржы жагы дагы ушул көрүнүшкө окшош. Алсак, баарыбыз акча таап, аны өзүбүздүн керегибизге жумшап, дайыма каржы агымында “сүзүп” келебиз. Жол кыймылынын эрежелери сыяктуу каржы агымынын да эрежелери бар.
Мисалы, мурда мугалимдер 3 миң сом айлык алса, учурда алар 15 миң сомго чейин ала башташты. 3 миң сом айлык кезинде тамак-аш, буюм-тайым жана кийим-кеченин арзаныраагын сатып алышса, эми көбүрөөк акча коротуп кымбатыраагын сатып ала башташары бышык. Ошентип, акча көбөйгөнү менен, баары бир ал деле кем-карчты толуктаганга жетпей калат. Чөнтөктө акча калбай калганда базардагы кымбатчылыкты айтып киребиз. Бул туура эмес. Мунун себеби көпчүлүгүбүз байлык менен кирешенин ортосундагы айырмачылыкты билбегендигибиз.
Жогоруда айтылгандай, көп акча тапкан сайын болор-болбос нерселерге ашыкча чыгым коротуу башталат. Башкаларды көрүп, алардан кем калгыбыз келбей акчаны ашыкча корото беребиз. Муну менен турмушубуз жакшыргандай сезилет. Бирок каржылык абалыбыз (бай, кедей) баягы 3 миң сом алгандай эле эч нерсеге жетпей, акчабыз суудай бат эле түгөнө берет. Колдо бар акчаны туура жумшаганды билбегендиктен, чөнтөгүбүз бош калууда. Байлык – сиздин короткон акчаңыз эмес, сиздин капчыгыңыздагы үнөмдөп, сактаган акчаңыз.
КАРЖЫЛЫК АБАЛЫБЫЗДЫ КАНТИП ЭСЕПТЕСЕК БОЛОТ?
Өзүңүздүн каржылык абалыңызды билүү үчүн бир айда алган айлыгыңызды бир айда жашоо үчүн канча акча коротсоңуз, ошол суммага бөлүңүз. Мындан чыккан сан канча айга чейин жашоого мүмкүнчүлүгүңүз бар экенинен маалымат берет.
Мисалы, 10 миң сом айлык аласыз. Ал эми сиздин бир айлык жашоого кете турган чыгымыңыз орто эсеп менен 5 миң сом.
10 000/5 000 = 2. Бул чыккан сан бир айлык маянаңыз 2 айлык жашооңуздагы керектөөгө жетет дегендик.
Эгер бир айлык маянаңыз 0дөн 3 айга чейинки жашооңуздагы керектөөгө жетсе, анда өлкө калкынын дээрлик 70 пайызын түзгөн жакыр катмарына киресиз.
Эгер бир айлык маянаңыз 3 айдан ашык жашооңуздагы керектөөгө жетсе, анда орто деңгээлдеги катмарга киресиз.
Эгер бир айлык маянаңыз 1 жылдык жашооңуздагы керектөөдөн ашса, анда өлкөбүздүн байларын камтыган 5 пайыз катмарына киресиз.
КАРЖЫ КОРУ
Эгер 10 миң сом алган адам айына 5 миң сом жашоосуна кетирсе, анын капчыгында дагы 5 миң сом калат. Колундагы бул каражат каржы кору болуп эсептелет.
Кийинки сандарда акчаны кантип туура сарптап, үнөмдөө керек? Бир айлык жашообуздун керектөөсүнөн арткан каржы корундагы каражатты кандай иштерге жумшап көбөйтсө болот? Мына ушул суроолорго жооп издейбиз.
ЭКОНОМИКАЛЫК СӨЗДҮК
Каржы кору (Финансовый резерв) – керектөөлөрүбүзгө жумшай турган колубуздагы акча каражаты.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
vau maga kerek tema eken.a to kereksizin da kerektuun da satyp ala berem
Түшүнсом өлөйүн,жэ айлык-майлык менен ишим жоктугунан түшүнгөн жокмунбу,кыскасы такыр түшүнбөй жүдөп кеттим.Бир айлык жашоого кете турган чыгымым орто эсеп менен 15-20 миң сомду түзөт.Кээде андан да көп.
Мен эч эле жеткизе албайм жок болуп кетет канча аяп иштетсем да,
Негизи ар бир барпандаган кыргыздын мээсине куя турган нерсе экен...
Айыл жергесинде тынч отурган кунун болбойт экен, кун сайын 1ден же 2ден той. Ар бирине чыгаша. Исрафты тыйбасак акыбалыбыз оор боло берет.
KG-Tolkun, сага кошулам той топур тууралы ойлонуш керек
Мен мугалимдердин маянасы которулгондон кийин абдан чунчуп бара жатам. Озум мамлекеттик кызматкермин, аялымдын айлыгы меникинен эки эсе кобойуп кетип, мага устомдук кыла баштады. Урматту мамлекет, башчысы, эмне мамлекеттик кызматкерлер бироонун жетим баласыбы, алардын деле маянасын которуп койгулачы.
кеп канча акча табууда эмес, кеп ошол тапкан акчаны туура колдонуп, колдогу тыйынды сом кылып кобойтуудо! ушул темпте жашай берсек 10-20 жылдан кийин деле озгорбой тытынып журо беребиз, эгер туура колдонсок 10-20жылдан кийин ай сайын киреше берчу булагыбыз пайда болуп калат да. Бирок кандай жол менен белгисиз... бул санында кенен, толук чагылдырылган эмес.Эмне болсо да кийинки санын кутобуз, мумкун дагы жазышар
men eger kuyoomddon koburook akcha tapsam ech kanday ustomduk kylbaym, al akchany naoborot kerektuulorgo bolup, kalganyn kiyinkigie dep saktap koymokmun. Uy-bulodo kim kancha akcha tabat dep karaganga bolboyt, kim kancha akcha tapsa oshol kuchtuu degen da maanisiz.
Мен азыр ата-энемдин эле акчасы менен журом,кийин озум иштеп акча таап калсам,уномдогонду да уйроном да.
Эмне деген тема? Кедейсизби же байсызбы? Кудайга шугур!
Кыйналып акча таппагандыктан, башкалар эки-уч ай тикесинен тик туруп идиш жууп тапкан акчасын, мен эс алганда бир кундо чачып салчымун, азыр акыл кирип, кичине уномдогонду уйронуп жатам. Просто оной акча, оной сарпталат. Бирок акчанын дагы кесири бар деген чын.
Туура эле тема го. Кедейсизби же байсызбы, ошону эсептеп билет экенбиз. Кудайга шугур, мен орточого кирдим. баары туура жазылган.Эми 1 тыйынды кантип 1 сом кылууну уйротсонор сонун болмок. Рахмат, Кубаныч Сыдыков!
bul temanar jakkan jok, jon ele ar nerselerdi jaza beriptirsiner!!!
мен да акча кармаганды билбейт экем туштон кийин окунуп атам
Жогорудагы теманы жыйынтыктап келсек, капчыгыңды кысып жашасаң бай болосуң дегени, а бирок Кыргызчылыкта кол куушуруп турууга болбойт экен.
Коп окурмандарыбыз жазышыптыр,акчамды чачып коем дешип,негизи кыргыз эли ошондой берешен болобуз!
Tuugandar! köp4ülügübüz ak4a y4yn iwteibiz bul tuura emes dep espteim.
A teskerisin4e ak4a bizge iwteshi kerek. Düinodo emne kural kyiyn degende biroo aitkan eken (AK4A) dep, anysynaaryndai oshol kuraldy tuura koldonup buzup albai tak oilonup koldongula! Aitaiyn degenim Ak4anyn kulu bolboi, ak4anyn kojoyunu bulgula!!!