ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бегимайдын деми кысыла түштү. Маликти жеп жиберчүдөй тикчие тигилди.
– Ошол күнү Аскат менен жолуккансыз да...
– Жок, мен Аскат менен жолуккан эмесмин. Биз эс алып жаткан пансионатка силер дагы келип калдыңар. Башка жер таппай калгансып... Балдар менен пляжда бир аз “разговор” болуп кеткени чын. Анда Аскат арасында жок болчу.
Ооба, көлгө келген күндөн баштап эле Аскат башкача болуп, элден оолак болуп калбады беле. Өзүнчө эле сырдуу болуп, көздөрү кимдир бирөөнү издегенсип жаткан. Ал түгүл балдар андан “Бема, Асикке эмне болуп жатат?” деп сурашканы эсинде.
– Менин туулган күнүмдөгү розачы?
– Туулган күнүң экенин балдар аркылуу билдим. Сени куттуктап коёюн деп чечкем. Балдардан гүл алдырып...
– А ошол түнү... Менин туулган күнүм болгон түнү... Сиз кайда элеңиз?
Малик көзүн жүлжүйтө Бегимайды көпкө тиктеп турду да, столду тарс уруп жиберди.
– Сен эмне, тергөөчүсүңбү?
– Мен сизден жөн эле сурап жатам.
– Кайдан эле бул менменсинген бийкеч мени менен жолукканга шашып калды дейм. Сөз төркүнү ушуга такаларын билип эле тургам. Ха, сен Аскаттын өлүмүн менден көрүп турасың окшойт, ээ?! Угуп тур, эгерде мен аны өлтүргүм келсе, эбак мойнун толгоп жулуп алмакмын. Ишенсең ишен, ишенбесең кой. Ошол түнү мен Бишкекте болчумун. Эртең менен сага гүлдү жиберип коюп эле Бишкекке чыгып кеткем. Бул жакка келгенден кийин уктум.
Бегимай Маликке тике карады. “Жок, бул эмес. Андай болгондо мен сезмекмин. Жүрөгүм сезмек... Аскат Малик тууралуу “далдайганы эле болбосо, адамга чымындай зыян келтире албайт” деген эле. Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү бул эмес. Башка!”
Ал шалдайган бойдон ордунан турду.
– Эй, сен кайда? А заказыбызчы?
– Заказбы? Жок, өзүңүз ырахаттанып тамактаныңыз. А мен кеттим. Жакшы калыңыз. Баса, менин аркамдан көзөмөл салып, машина менен кууганды токтотуңуз. Мени башыңыздан таптакыр чыгарып салыңыз. Эгерде андай болбосо...
Колундагы салфетканы Маликтин жүзүнө ыргыткан Бегимай түптүз басып узай берди. Оозун ачкан Маликти бир карап койбой чыгып кетти.
Маликтин гана эмес, Бегимай аркасынан түшкөн бир канча жигиттин демин суутту.
Убакыт өтүп жатты.
Бегимай эми мурунку калыбындай жүзүнө күлкү аралап, элге аралашып калды. Аны көрүп сүйүнгөн ата-энеси кызы эмне кыл десе ошону аткарганга даяр. Бирок тереңде, тээ тереңде анын жарааты ачык боюнча турганын байкашкан жок. Байкашмак да эмес. Бегимай ата-энеси үчүн ушинтип жашоону чечти. “Кереги эмне?.. Менин оорум, менин сагынычым, бул меники гана. Эч кимге тиешеси жок” деп ойлочу. Тез эле жогорку окуу жайына да тапшырды.
Сабактан соң машинасына отуруп, адатынча Алинага жөнөдү. Экөө Бегимайдын үйүнө келип, кино көрүп, сүйлөшүп отурушту.
– Бема, мен интернетте көп отурат эмесминби? Жакында малайзиялык бир жигит менен тааныштым.
– Алишка, Бишкектин жигиттеринин баары бүтүп, чет өлкөлүктөр калдыбы? Кызык эле кызсың, ээ?- деп Бегимай башын чайкап, аргасыз күлдү.
– Күлбө сен. Өзүңдүн чыныгы түгөйүңдү табуу үчүн издеш керек. Жакшылап издеш керек.
– Интернет аркылуу таанышкандарга менин пикирим кандай экенин билесиң да. Виртуалдык байланыш мага күлкүлүү сезилет. Ладно, уланта бер.
– Улантсам ошо. Болгону, орчундуу бир маселе бар. Мага кызыктуу жигиттер жагат эмеспи. Ал туптуура мен каалагандай. Бирок өтө эле акылдуу чалыш жан да... Кээде мен түшүнө албаган нерселерди айтып баштаганда “өлдүм” дейм... Билесиң го, менин анча-мынчага мээм жетпейт. А сен укмуш акылдуусуң. Менин ордума анын акылдуу суроолоруна сен жооп жазып берчи.
– Койчу, ай, кайдагы бир малайзиялык неме менен сүйлөшкөнгө такыр убактым жок. Жакында сессия!
– Ал кыпкыргыз жигит. Болгону, апасынын жумушуна байланыштуу ал жакта жашаганга аргасыз экен. Ну, суранам, макул деп койсоң эми.
Алинанын каалаганын орундамайын тынчыбасын сезген Бегимай макул дебегенге аргасы калган жок. “Уралап” секирип жаткан Алина Бегимайдын көкүрөгүндөгү бурганак менен иши болгон жок. Ал ордунан туруп, терезеге барып, сыртты тиктеп калды. “Мына, жакында жаз да келет, Аскат. Сенсиз жаз! Жашоо уланып жатат. Бирок мен үчүн токтоп калгандай. Эмне үчүн мынчалык жакшы адам болуп жаралдың экен? Бир аз, бир азыраак эле жаман болсоң, балким, унутуу жеңил болмок” деп жатты. Аскат менен ушинтип сүйлөшө бермей адаты бар эле. Жашоосундагы жакшы да, жаман да нерсени айтып берип, кеңеше берет. Алина эрдин күбүрөтүп турган Бегимайды жеңден тарткылай берди.
– Жүрү, азыр экөөбүз интернетке кирели да. Балким, ал дагы байланыштадыр...
Эки курбу башын тийиштире мониторду тиктеп, Алинанын малайзиялык сүйгөнү менен сүйлөшүп жатышты.
Кыздар, мен кыргызмын. Кыргызча жакшы эле билем. Андыктан англисче эмес, кыргызча сүйлөшөлүк” деген жигиттин өтүнүчү жазылды. Алина айткандай, чын эле кызыктуу жигит экен. Дүйнө таанымы, аң сезими башкача.
– Да, чын эле өтө акылдуу жигит экен. Сөздөрүндө бир тереңдик бар,- деди Бегимай ойлуу.
– Айтпадым беле, сага жагат деп... Баса, сеникинде көпкө отуруп калдым. Апамдар тынчсызданып жаткан болуу керек. Эгерде бош убактың болуп калса, менин сүйгөнүм менен сүйлөшүп тур,- деп Алина кол булгалап коюп чыгып кетти.

ххх

Аскар оор денесин копшоп койгону болбосо, столунун үстүндө турган уулу Аскаттын сүрөтүнөн көзүн албайт. Үйүнө баргысы келбеди. Кийинки кездери өзүнөн-өзү үйүнөн кача турган болуп калды. Уулунун баскан-турганы, шайдоот кыймылы көңүлүнө түшө берет. “Баса, бүгүн бейшемби. Уулумдун көрүстөнүнө барып куран окуп келейин” деген ал ордунан турду.
– Молдого чалып койчу. “Куран окуп келели деп жатат” де. Аны жолдон алып кетебиз,- деди ал катчысына.
Бейит башына келсе, дайымкыдай Бегимай да жүргөн экен. Аны көрүп, көңүлү ого бетер ооруду. “Чунак кыз, ай-е, дагы деле бул жакка каттап...” деп кейип алды.
– Саламатсызбы, Аскар байке?
Кыз акырын үн катты.
– Жакшы, айланайын. Окууларың жакшыбы? Апаң менен атаң кандай?- деди салмактуу сүйлөгөн Аскар.
– Жакшы эле...
Көрүстөнгө коюлган гүлдестени көрүп, дагы бир жолу ичинен тынды Аскар. Молдо мукамдуу үнү менен куран түшүрүп, калгандары жүйүртө басып отура кетишти.
Аздан соң Аскардын айдоочусу менен молдо ары басып, Аскар менен Бегимай жалгыз калышты.
– Мына, тез эле жаз болуп калды,- деди Бегимай тынчтыкты бузмакка.
– Убакыт тез өтөт. Кыз балага андан да тез. Сага мурун эле айткан элем. Дагы да айтам, кызым. Эми бул жакка келгениңди токтот. Өз жашооң менен жаша.
– Сиз мага жолуккан сайын ушул сөздү айтасыз, Аскар агай. Кээде мен таң калам. Эмне үчүн Аскаттан алысташымды каалайсыз?
– Сенин оюңча, жайыңа коюш керек экен да?..
– Балким, башка ата-энелер мындай кылышпайт беле дейм да.
– Анткени мен жашоодо көп нерсени көргөм. Эгерде жараатты ырбата берсең, аны мезгил да дарылай албай калат. Өмүр бою өксүккө айланат. Мен сен үчүн андай болушун каалабайм.
– Аскаттын апасы! Ал апасы тууралуу эч нерсе айтчу эмес. Эмнеге? Балким, сиздин айыкпас жараңыз да ошол болуп жүрбөсүн?
– Аскат апасы тууралуу эч нерсе билчү эмес. Ошондуктан эч нерсе айтпаса керек. Маселе анда эмес, болгону, мен сенин кырсыкка чалынышыңды каалабайм.
Ушинтип ордунан турган ал машинасын көздөй басты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
tori
2011-08-22 15:15:32
уффф, журогум ооруп кетти. баарын эле бир жазып койгулачы?
0
Dika
2011-08-22 15:44:28
Окуп олтуруп козумо жаш толду. Ушунчалык дагы болмок беле?
0
Evelet
2011-08-22 18:03:38
Ммм окунучтуу
0
Nevajno
2011-08-22 20:22:54
Ар бир санында жаныдан табышмак?..Ар бир санында жаныдан табышмак?..
0
NurUmar
2011-08-22 21:21:51
Nevajno, tuura aytasin tabiwmak i4inde tabiwmak bolup baratat?
0
jazim
2011-08-23 01:04:56
Бегимай жанагы малайзиялык бала менен жакын болуп кетет го менин оюмча
0
Arstan
2011-08-23 02:54:11
Берилип ичине кирип алып окуп отурасам бутуп калды черт.
0
Rabihan
2011-08-23 13:52:38
Эми качан чыгат кийинки саны..
0
smska
2011-08-24 10:04:35
мм
Мм ойлонуп корсон турмуш ушунусу менен кызык
мунун баарын тагдыр деп гана баш ийиш керек Бегимай озун колго алыш керек албетте биринчи суйгонуно жетпейт бирок бегимайга да Аскар байкеге да жашоо керек да туурабы
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан