ТОЗОКТОН ЧЫККАН ҮН

Турмушубузда тиги дүйнө, бейиш жана тозок жөнүндө дайыма эле угуп келебиз. Бирок бул дүйнөдө да ушундай көрүнүштөр кездешерине кээде ишенүүгө аргасыз болосуң.

Бул чуңкур Гватемалада 2007-жылы пайда болгон.

ТОЗОКТУН ҮНҮ
Дин ишенимдерине таянсак, бул жарыкчылыкта жаман иштерди көп жасаган адамдар тиги дүйнөдө тозокко түшөт да, ал жерден азап чегип кыйналышат. Андагы жан чыдагыс кыйноолордон тозок адамдары уккандын үшүн алган үн чыгарары айтылат. Аны “тозоктогулардын үнү” деп атап коюшат. Ошондой үндү бул дүйнөдөн да уккан адамдар болгон. Мындай маалымат 1980-жылдардан тарта айтыла баштаган. Тактап айтсак, Кола жарым аралында эң терең бургуланган скважинадан советтик бургулоочулар тарабынан жаздырылып алынган добушту тозоктон чыккан үн деп айтып келишет.

КОЛА ЖАРЫМ АРАЛЫНДАГЫ ТАБЫШМАКТУУ ДОБУШ
Мурдагы СССРдин Мурманск облусунун Кола жарым аралын литосфералык плиталарды изилдөө максатында бургулап башташат да, 1983-жылы 12 миң 66 метр терең­дик­ке жеткиришет.
Дүйнөнүн башка мамлекеттеринде жок эң те­рең скважинаны мыкты делген советтик чечен окумуштуулар ишке ашырышкан. Эгерде коркунучтуу окуя болуп өтпөгөндө, Кола скважинасы биздин жашообуздагы кадимки эле бир жер болуп кала бермек. Бирок бургулоо учурунда болуп өткөн окуя Кола аралындагы скважинаны аябай сырдуу жерге айлантып койду.
Жумушчулардын айтымында, бир жолу жумуш убагында скважинанын түпкүрүнөн дене бойду дүркүрөткөн үндү угушат. Үндүн ачуулугунан жумушчулар эмгек куралдарын кайда таштап, туш тарапка кантип качкандарын эстей албай калышкан. Жетекчи доктор Аззаков баш болгон геологдор үн бургулоочу шаймандардан чыгып жатат деп ойлошот. Аны текшерүү максатында чыккан добушту магнитофонго жаздырып алып угуп көрүшкөн. Бирок скважинанын түпкүрүнөн чыккан үн шаймандардан эмес, миллиондогон адамдардын азап чегип кыйналып жатканындай үн экенин байкашат.
Эгерде Кола скважинасында чет элдик адистер (норвегиялык) иштебеген болсо, балким, болуп өткөн окуяны азыр дагы эч ким билбеген бойдон калмак. Ал чет элдиктердин айтып берген окуясын финдердин “Амменусастия” гезити жазып чыгат да, коомчулукту дүрбөлөңгө салат. Чет элдиктер “орустар тозоктогу шайтандарды чыгарып жиберишти” деген ойлорду айтып чыгышкан. СCCР, азыркы орус бийлиги “бул айтылган нерсенин баары ойдон чыгарылган миф” деген көз карашта.

АДАМЗАТ ҮЧҮН КОРКУНУЧ ЖАРАТКАН ОЮКТАР
СССРдеги окуя кийинчерээк ар кайсы мамлекеттерде кайталанган. Мисалы, Гватемаланын Сьюдад-Нуэва шаарында тегерек оюк пайда болгон. Жергиликтүү тургундар анын ичинен шумдуктуудай үн угушкан. Бул сыяктуу тешиктер акырындык менен Жер шарынын ар кайсы булуң-бурчтарында (Малайзия, Кытай, Австралия) пайда болду. Динге ишенгендер “кара күчтөр эчактан бери жерди тешип чыкканга аракет кылып келишет. Алар жерди тешип үстүнө чыкканда акыр заман болот” дешет. Адамдар ал оюктарды “тозоктун дарбазасы” деп аташат. Чиркөө китептеринде жазылганына караганда, акыр заманда мындай тешиктер аркылуу шайтандар чыгып, Жер жүзүн каптайт имиш.

ГВАТЕМАЛАДАГЫ ТОЗОКТУН ДАРБАЗАСЫ
2007-жылдын 23-февралында Гватемаланын Сьюдад-Нуэва шаарындагы бир аймактан тереңдиги 100 метрдей чуңкур пайда болуп, андан катуу үн угулуп жана канализациянын сасык жыты чыгып теребелди каптай баштайт. Эл эмне болуп жатканын түшүнбөй карап турган. Өрт өчүргүчтөрдүн би­рөөсү жаңы салынган имараттар жайгашкан аймактын улам оңурайып чоң чуңкурга айланып баратканын видеого жана сүрөткө тартып алган.
Оюктан чучукка жетчүдөй үн бир айга чейин токтобой чыгып турган. Адамдардын үрөйүн учурган чуңкурду изилдөө үчүн ал жерге фотокамера менен жабдылган атайын роботту түшүрүшкөн. Таң калтырганы, фотокамера эч кандай нерсени тарткан эмес. Өлкөнүн суу ведомствосунун өкүлү “ушул аймактагы канализациялык түтүктөрдүн жарылышынан жана жаандан топтолгон суу жер кыртышын өзгөрүүлөргө алып келди. Натыйжада чуңкур келип чыккан” деп түшүндүргөн.
Эл ичинде “минтип пайда болгон оюктардан шайтандар чыгат” деген көз караштар буга чейин эле болгондуктан, чоң оюкту “тозоктун дарбазасы” деп атап алышкан. Анын тереңдиги 60, диаметри 30 метрдей. Ал оюктан эки чакырымдай алыстыкта 2010-жылы диаметри 20, тереңдиги 30 метрдей болгон дагы бир оюк пайда болгон.

(Тозоктон чыккан үндү бул жерден угуңуз)

Эрлан Нурманбетов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
aksy
2011-08-22 15:50:08
Myndai nerselerge ishenbeim,allahtan bashka!!!
0
operaledi
2011-08-22 17:50:40
Ишенбейм
0
ari-uri1990
2011-08-22 18:25:50
Баары АЛЛАХТАН гана болот!!!
0
kino_xxi
2011-08-22 20:44:37
kim bilet
0
zikonostra
2011-08-23 01:45:39
at, ewekterge ugulat dep uktum ele. Korustondun janynan kulaktaryn kotorup tez tez basyp otuwot. Attar!
0
Eshmanbet
2012-03-26 20:34:13
биздин ачылыштар ачылбай жаткан нерселердин бир тамчысы дегендей ар нерсе болушу мумкун
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан