АЙЖАН ГАЗИЕВА

– Айжан, музыкага болгон кызыгууң качан ойгонгон?
– Кичине кезимден эле музыкага жакын болчумун. Муну байкаган апам мени 7 жашымдан музыкалык мектепке берген. Ал жактан пианинодо, комузда ойногонду үйрөндүм. Конкурстарга катышып, же­ңүү­чү да болуп жүрдүм. Му­зыкалык мектепти бүткөн соң, 16 жашымда Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. Анда эстрадалык вокал бөлүмүн бүтүр­сөм да, жазга көп кызыкчумун. Ошондон улам окууну бүткөн соң, борбордогу кафелерде жаз ырдап иштеп жүрдүм. Кафеде ырдоо менен чоң сахнага толук даяр болуп такшалып чыктым.
– Демек, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшү­шү­ңө апаң себепкер болгон тура?
– Ооба, мен апамдын жалгыз кызымын. Анын үстүнө музыкага шыгым болгондуктан, бий болобу, хор болобу, айтор, көптөгөн ийримдерге калтырбай алпарчу. Кечке чейин мени менен гана алектенип жүргөнү эсимде. Кийин турмушка чыгып, балалуу болгонумда “эми өзүңдүн жашооңду өзүң алып кет” деп Италияга жашаганы кеткен. Азыр ошол жакта. 5-6 айда бир жолу небересин сагынганда келип турат.
– Бала кезиңден чыгармачылыкка аралашып келатсаң да популярдуу болуп кете албаганың эмнеден?
– Мен бир жалт этип чыгып, кайра жок болуп кеткен ырчы болгум келбейт. Ошондуктан, көп жылдар бою билимдин аркасынан жүрүп, сахнага көп чыга албадым. Профессионалдуу ырчы болуш үчүн эң биринчи билим керек. Ошондо гана музыканы жакшы түшүнүп, анын ар бир ыргагын жүрөгүң менен сезе аласың. Учурда болсо жеке чыгармачылыктын үстүндө тынбай иштеп жатам.
– Сени сахнадан көргөн­дөр Ассоль Молдокматованы туурайт деп айтышат. Буга эмне дейт элең?
– Ассоль эже учурда менин продюсерим. Эже мени жаңы жылдык “Голубой Огонёкто” ырдаганымдан жактырып калып, чогуу иштешүүгө макулдашканбыз. Анан дагы чыгармачылыгыма тиешелүү көптөгөн маселелерди бирге чечебиз. Мүмкүн жанында көп жүрүп калгандыктан окшошуп калсам керек.
– Жолдошуң сенин чыгармачылыгыңа кандай карайт?
– Мени толук түшүнүп, колдоо көрсөтүп турат. Ага менин ырдаганым абдан жагат. Өз­гө­чө өзү белек кылган пианинодо ойногонумду ушунчалык берилүү менен угат.
– Балаңдын музыкага шыгы байкала элекпи?
– Балама азыр 9 ай болду. Ошентсе да музыка укканды жакшы көрөт. Эң кызыгы, мен пианинодо ойноп жатсам, жөр­мөлөп келип көпкө чейин кулак төшөп угуп турат. Ушундан улам кээде балким, келечекте музыкант болуп калат деп ойлоп кетем.
– Жиниң келгенде эмне кыласың?
– Пианиного отура калып, көзүмдү жумуп ойногонумда жинимдин кайда кеткенин билбей калам.
– Ырларыңа клип тарттырам деген оюң барбы?
– Жакында жаңы “Сага” деген ырыма клип тарттырдык. Клиптин материалдык чыгымын жолдошум мойнуна ал­ды. Ал эми аппаратура жана башка тиешелүү нерселерин продюсерим көтөрдү. Буюрса, клипти жакын арада көгүлтүр экрандан көрүп каласыздар.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан