ЖАШ БАЛАЛУУ ЭНЕЛЕР ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

«Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» деп ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек. Себеби ымыркай чоңоюп, эрезеге жеткенче энесин бир топ түйшүккө салат...

ИЧ ӨТКӨК
Ич өткөк (диарея) жаш балдар арасында көп кездешкен оорулардын арасынан дене табынын көтөрүлүшүнөн кийин экинчи орунда турат. Ичеги-карындын инфекциясынан, туура эмес тамактангандан, суук тийгенден, ичип жаткан дары-дармектердин организмге жакпай калышынан же башка себептерден болгон бул оору балдар үчүн өтө коркунучтуу. Ал тургай ич өткөк оорусу бала көп кыжырданып, стресске кабылса да козголушу мүмкүн.
Эгерде балаңыздын ичи ичеги-карындын инфекциясынан өтүп жаткан болсо, көпчүлүк учурда кусуп, ичи ооруп, ал тургай дене табы да көтөрүлүшү ыктымал. Мындайда тамакты токтото туруп, жалаң суусундуктардан гана берип турган оң. Андан тышкары тезинен организм жоготкон сууну, тузду калыбына келтирүү керек. Бул үчүн, албетте, адистердин жардамына муктажсыз. Эң коркунучтуусу, баланын ичи өтө берип организмдеги суу жана туз өз нормасынан азайып кетсе, наристеңизден түбөлүккө ажырап калуу коркунучу бар.
Кээ бир учурда заңы суюлгандан да жашыл тартып, көбүктөнүп, ачуу, жагымсыз жыттанып, ичи ооруп, чүрпөңүздүн тынчын алат. Мындайда дарыгерлер аркылуу антибиотиктердин жардамы менен дарылоого туура келет. Себеби бул илдеттин өтүшүп бараткандыгы, башкача айтканда, дизбактериоз деп аталат (ичеги-карындагы микрофлоранын бузулушу). Ал тургай заңы ириң аралаш суу болуп, кээде кан аралашып кетиши да мүмкүн. Мындай учурда баланы үйдө бир мүнөткө да кармоого болбосун жана жакынкы ооруканага тез жетүү керек экендигин унутпаганыңыз жөн.
Андан тышкары туура эмес тамактануудан да жаш балдардын ичи өтүп кетиши мүмкүн. Мисалы, эмчектеги балага кошумча тамак бере баштаганда, өтө көп же организмге жакпаган тамак жеп алганда. Мындай ич өткөктүн көп деле коркунучу жок. Болгону, бир нече күн диета кармап, суюктукту көбүрөөк берүүгө туура келет.

ИЧ ӨТКӨККӨ АНАР ЖАКШЫ

  • Эмчектеги баланын ичи өтсө, аны көбүрөөк эмизүү керек.
  • Ичи өтүп жаткан балага куурулган жана катуу тамактарды бербей эле койгон оң.
  • Жаңы төрөлгөн ымыркай ичи өтпөй эле, суткасына 20 иретке чейин заңдашы мүмкүн.
  • Сүт, коон, бадыраң, өрүк, балык жана бал сыяктуу тамак-аштарды бала жаңыдан жей баштаганда ичи өтүшү мүмкүн.
  • Ичи өткөн балага кургатылган жемиштерден (өзгөчө алмуруттан) жасалган компот жана ит мурун менен мейиздин кайнатмасы пайдалуу.
  • Күрүчтүн кайнатмасын 2 саат сайын балага берсе, бир күндө эле оңолуу жолуна түшөт.
  • Анардын данын жегизип, кабыгын кайнатып берсе болот.
  • Бир стакан кайнак сууга бир кашык крахмал салып ичирсе да жардам берет.
  • Сабизди сууга бышырып, аны эзип, бир аз суу кошуп балага берсе, ич өткөктү басат.


ТИШ ЖАРУУ
Наристенин алгачкы тиштери чыга баштаган кез бала үчүн да, эне үчүн да өтө түйшүктүү. Тиштин бүйлөсү ооругандыктан, бала күнү-түнү тынчсызданып, шилекейи агып, бир аз дене табы көтөрүлүп, колуна тийген нерсени тиштегилеп, кээде ичи өтүп, ыйлаак да болуп кетет. Мындай учур 6 айдан 9 айга чейинки ымыркайларда кездешет. Кээ бир учурларда жогорудагы белгилердин бири да байкалбай эле тиши чыгып калат. Алгач алдыңкы эки кашка тиши, анан үстүңкүсү, кийинчерээк анын жанындагы тиштер болуп отуруп, бир жашка чыкканча балага 6-8 тиш чыгышы керек.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Эгер баланын тиштери экиден эмес бирден чыгып, кыйшык, анан да бир тиш чыккандан кийин көпкө чейин экинчи тиши чыкпаса, рахит оорусуна чалдыккандыгынан кабар берет.
  • 6 айдан кийин баланын тиши чыгар маалда упчу бербей эле койгон оң, тиштери түз чыгат.
  • Балаңыздын тиши чыгып жаткан учурда бүйлөсү кычышкандыктан, бардык нерсени оозуна салып тиштегилей берип оозул болуп калышы же бир нерсени жутуп, какап калышы мүмкүн экенин унутпаңыз.
  • Азыркы күндө тиш жарып жатканда бүйлөсүн оорутпаш үчүн атайын гелдер бар. Бирок бир күндө 5тен ашык жолу сүртпөш керек. Гелди эмизердин алдында сүртүүгө болбойт.
  • Бал менен бүйлөсүн сүртүп туруу керек.
  • Тиши чыгар маалда тиштегилөөчү оюнчуктарын муздаткычка муздатып берип турсаңыз, бүйлөнүн оорусун басат.
  • Тиш жаруу учурунда ич өтсө, заңы ыйлаакчага окшоп же кан аралаш болбойт. Анан да эстен тануу, ич ооруу, баш айланып кусуу дегендер болбойт. Эгер мындай белгилер болсо, ич өтүүнүн тиш жарууга тиешеси жок.


ЫСЫК ӨТҮП КЕТСЕ...
Сөзсүз эле күнөстүү жерден эмес, үйдүн ичи ысык болсо, ысыкта жылуу кийим кийгизип койсо, суусап турганда суу бербесе жана нормадан ашык толуп кетсе да балага ысык өтөт. Андайда алгач бала шалдырап, башы ооруп, бети кызарып чыгат. Ал тургай кусуп, дене табы көтөрүлөт. Анан да, эң башкысы, ысык уруп, күн өткөн бала эч убакта тердебейт. Жүрөгү тезден согуп, эс-учун жоготуп, элирип калышы да мүмкүн.

ТЕЗИНЕН ВАННАГА!

  • Салкын жерге бутун бир аз көтөрүп чалкасынан жаткырып, кийимдерин чечип же төшүн ачып коюу керек.
  • Эгер бала куспаса, ар бир 10-15 мүнөт сайын суусундук ичирүү керек.
  • Баланын денесине муздагыраак суу менен нымдалган чүпүрөктү жаап койсо болот.
  • Ваннага салып же сууну үстүнө куюп жиберүү керек. Андан соң салкын жерге жаткырып койсо болот.
  • Чекесине, колтуктарына, сандарына сууланган чүпүрөктөрдү коюп койсо да жакшы.


ДЕНЕ ТАБЫНЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Бир жашка чейинки балдардын дене табы туруктуу болбой, күндө өзгөрө берет. Анын кыймылына, аба ырайына жараша. Бирок, албетте, 37ден ашып кетсе, анын ооруп калганынан кабар берет. Дене табынын көтөрүлүшү ич өткөккө, суук тийүүгө, ангинага, жугуштуу ооруларга, тиш жарганга, аллергияга, күн өткөнгө жана башкаларга байланыштуу болот. Мындайда алгач эле баланын дене табын өлчөө керек. 38 градустан ашпаса, коркунучу деле жок жана тапты түшүрүү үчүн дары ичирүү керек эмес. Себеби адам ооруп калганда организм оору менен күрөшүп жатып дене табы көтөрүлөт. 38 градустан ашса, анда дароо дене табын калыбына келтирүү зарыл. Эскерте кетчү нерсе, эгер балаңыз тубаса оорулардын бири менен жабыркаса, анда дене табы 37,3төн ашканда эле биринчи жардам катары дары берген оң. Анан, албетте, дарыгерге кайрылуу керек.

БИЛИП ЖҮР

  • Баланын дене табы тез көтөрүлүп кетсе, «Тез жардам» келгиче денесине дароо аракты шыбап жиберсе болот. Уксус да жарайт (бир литр сууга бир аш кашык уксус кошулат).
  • Кийимдеринин баарын чечип, үстүнө жука шейшеп гана жаап койгон оң. Кээде бутуна нымдалган байпак кийгизип койсо да болот.
  • Баланын дене табы 39,5тен ашып кетсе, дарыгерге жеткенче аны тез арада түшүрүү үчүн муздагыраак сууга жалаякты малып, аны менен баланын денесин толук ороп, сыртынан жылуураак жууркан менен жаап, 15-20 мүнөт жаткырып койсоңуз болот.
  • Баланын дене табы түшпөй жаткан учурда лимон кошулган жылуу чай, сүт, ар кандай компот, ширелерди берип туруу керек.
  • 14 жашка чейинки балдарга аспирин берүүгө болбойт. Ал эми бир жашка чейинкилерге дары эмес, атайын свечалар сунушталат. Бир жаштан жогоруларга сироптор жана таблеткалар.

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
altynkamikola
2011-08-22 17:49:37
bala bakyt!bala bizdin kelechegibiz!!!aman bolushsun!umai ene ozu koldosun!!!
0
dastan1405
2011-08-27 05:59:26
altynkamikola, umai ene koldoboit allaa taalam kana koldoi alat. allaaga shirk keltiruu oto chon kuno.
+1
Arman
2011-08-23 10:34:40
Rahmat sizderge,Alla raazy bolsun,kakraz maga kerek bolup jatty ele,balamyn tish 4ygaar mezgili kelip kaldy,2 tiwinin izderi korynyp kaldy(4ygaiyn dep kaldy)
+1
Asus84
2011-08-23 13:23:24
жакшы кенеш экен
0
gukush1990
2011-08-23 19:05:35
mm raxmat,byrok okup oturup balamdyn oorup jatkanyn elestetyp,jurogum zyryldap ketty!Oorubai ele kouwsunchuu...!
0
elya2404
2011-08-24 18:40:59
Рахмат, мага дагы керек болот кудай буйруса. Бирок эчбир бала оорубай-сыркабай чоноюшсун!
0
nurkaa
2011-08-26 02:57:36
jakshy kenesh baldarybyz bar bolyshsyn
0
CHANKA
2011-08-26 14:51:16
рахмат чоон мага аябай эле керек экен себеби бизде ушул тиш чыгуу ич отуу болуп атат эле да .
0
merilin
2011-08-26 21:25:22
ен керектуу нерсе екен.
0
egemberdievagulbara
2011-12-29 05:08:34
Рахмат аябай жакшы екен
0
Shah
2012-01-11 17:28:10
рахмат
0
ss90
2016-03-03 16:41:37
ииии... сооонун маалымат экен!!!! рахмат
0
zoiy_asad2014
2016-10-12 11:58:41
Саламатсыздарбы супер инфо 2013-жылы жаз айларында кош бойлуу кезде кыз же уул экенин билуу учун календарь тууралу макаланыздар чыккан эле ошол макаланы кайсыл жерден таап окусам болот алдын ала рахмат
0
mirkaa5182
2019-08-04 00:29:09
Менин да балдарым ич өткөктөн көп жабыр тартышат
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан