10-августта Мехикодон алыс эмес май куюучу жайдан мексикалык экс-футболчу Игнасио Флорестин сөөгү өзүнүн кичи автобусунан табылды. Аны белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Флорес агасы Лоренсо жана карындашы Росальба үчөө апасына учурашып келатышкан. Жеңил жараат алган бир туугандары өздөрүн жоготуп коюшкан экен.
58 жашында каза тапкан футболчу Мексиканын улуттук курамында 1975-1981-жылдары ойногон. 18 жылдык карьерасында Мексиканын «Крус Асуль» командасы менен 5 ирет өлкө чемпиону болгон.