Америкалык көчө мушкери Кимбо Слайс 37 жашында бокс боюнча профессионалдык рингге чыкты. Ал 14-августта Майамиде мекендеши Жеймс Уэйдди 10 секундда жер жыттатты. Кимбонун көчөдөгү беттештери интернетке көп жүктөлүп, эң таанымал көчө мушкери болчу. Бул беттеши да интернетте кызуу талкууланууда.