"Нефтичини" нокаутка учураткан 3-4-голдордун автору
бразилиялык Андерсон (20-номерде)
Тыныгуудан соң футбол боюнча Улуттук Лигабыздын үчүнчү айлампасы башталып, 10-августта “Алай”-“Абдыш-Ата”, 13-августта “Нефтичи”-“Дордой” тиреши болду. Көз карандысыздык кубогунун жарым финалдык оюндарын эске алганда, 2 жуптук тең 10 күн ичинде 3-ирет беттешишти. Бул жолу алайлыктар 1:1 эсебинде канттыктар менен тең ойношсо, “Дордой” “Нефтичини” 4:0 эсебинде утуп, алгачкы жеңилүү ызасына тушуктурду.
Жүйөөлүү себептерден улам “Ысык-Көл” Жогорку Лигадан кетип, эми чемпиондукка 5 команда ат салышат.