БОУЛИНГ КОЛ ЖООРУТУП, БЕЛ ООРУТПАЙТ!

“Боулингди спорт дегенге ооз барбайт” деп көп эле угам. Чынында, аны спорт катары кийин гана кабылдашкан. Айрым маалыматтарга таянсак, ал 5000 жылдан бери өз күнүн көрүп, өз алдынча өнүгүп келген.

ОЙНОЙМ ДЕСЕҢ, ОКУП КОЙГОНУҢ ОҢ
Боулинг демекчи, ал англис тилинен “bowl” – “шар”, -ing мүчөсү уланганда “шарды тегеретүү” дегенди түшүндүрөт. Шарды атайын төшөлмө үстүндө жорголотуп, 3 бурч болуп тизилген 10 кегляны бута атым аралыктан кулатуу менен упай терүүгө багытталган профессионалдык спорт түрү. Ал эс алып, көңүл ачууну да камсыздайт. Боулингди ойноодо эч кандай тажрыйба, шык талап кылынбайт жана жаш өзгөчөлүк да чоң мааниге ээ эмес.
Оюнга келсек, 1 партия 10 фреймден туруп, ар бир фреймде 2ден шар тоголотуу мүмкүнчүлүгү болот. Максималдуу упай – 300. Профессионал оюнчу кеминде 200 упай топтойт. Оюн жүрүшүндө страйк катталса (1 фреймде 10 кегляны бир тоголотуу менен жыгуу), ошол фреймде дагы бир шар атуу мүмкүнчүлүгү туулат.

ТАРЫХЫ БАР ДА, ТАРАЛЫШЫ НАЧАР!
Германия боулингдин мекени делет. Ал эми стандарттык түрүнүн (10 кегля менен ойнолуучу) мекени – Америка. 90-жылдардын соңунда Америкада “шар жана 9 кегля менен ойноо” деп аталган оюнга кумар оюну катары тыюу салынат. Бирок анын сүйүүчүлөрү оюнга 10-кегляны киргизишет да, “боулинг” деп атап коюп, ойноону улантышкан. 5 жана 9 шар менен ойнолгон түрлөрү да бар.
1946-жылы шардын кайтып келишин жана кеглянын автоматтык түрдө коюлушун камсыздаган шайман ойлонуп табылып, орнотулган. 1952-жылы түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк Боулинг федерациясы учурда 125 мамлекеттин башын бириктирет. Ал эми Эл аралык Олимпиада Комитети 1979-жылы гана боулингди спорт катары кабыл алган.
Британиялык антрополог сэр Флиндерс Петринин боулинг Египетте 5000 жыл мурун ойнолгонун айтып, 1930-жылы боулинг шаймандарынын прототиби сыяктуу табылгаларын көргөзгөн. Бул оюнга түрдүү жылдарда ханыша Елизавета I, жазуучу Мартин Лютер, адмирал Фрэнсис Дрейк сыяктуу адамдар да байланганы тууралуу маалыматтар бар. Биздин замандын 3-4-кылымдарында Германияда боулинг диний ишенимдин бир бөлүгү болгон. Эгер оюнда кегляны ата албай калса же баарынан аз атса, ал адамды күнөөсү көп деп эсептешкен.

КЫРГЫЗДА БОУЛИНГ ОЙНОГОН ЖАН БАРБЫ?
Кыргызстанда боулинг – боор көтөрүп келаткан тармак. Бизде эң чоң боулинг борбор 16 төшөлмөнү камтыйт. Кызмат баасы саатына 200 сомду түзөт. Ал жерден кыз-жигиттен тарта биргелешкен үй-бүлө мүчөлөрүн, спортчуларды, чет элдик жарандарды кезиктирүүгө болот. Эл аралык деңгээлге чыгууга азырынча федерациянын жоктугу жол бербей келет.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elya2404
2011-08-24 19:11:41
Мен аябай кызыгам! Жакшы оюн!
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан