ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВдин ЫР ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ

ЭНЕМ ЖАНА МЕН
Тал-тереги көзгө жүдөө, бекене,
Там кейпи жок жепирейген кепеде.
Бир бечара кемпир жашап жүрчү эле,
Кемпир мага мекен эле, Мекке эле.

Көктөн, жерден ташып учкан мага жем,
Көргөн, баккан дүйнөм эле ал энем.
Көкүрөктө көйгөйү бар, дарты бар,
Көкүлү бар, жетим сары бала элем.

“Жетим” дешсе жүрөгүмдү сыздатып,
Бети-башым жарылганча мушташып.
А түнкүсүн курган энем отурчу,
Муштум жанчкан жерлеримди “уктатып”.

Үмүт байлаар кишим жогун сезчүмүн,
Үй кыдырып “Манас” окуп кетчүмүн.
Ай, жылдызым алыс эле ал кезде,
Алыс эле жетимдерге жетчү күн.

Айлар өттү бири жалган, бири анык,
Анысына ал да, мен да тил алып.
Арык өңдүү ким бурарын билбеген,
Акырындап жашай бердик бир агып.

Кудай дагы марттык кылып жан дилден,
Куурал-шорду суратпады ар кимден.
Үч жашымда атасы жок карайлап,
Он үчүмдө энеси жок калдым мен.

Маңдайымдан кулап бактым, кулап жар,
Маарап турдум жалгыз калган улактай.
Көмдү энемди, кийин анын ордуна,
Көрдү көзөп өсүп чыкты шыбактар.

Тарткан сайын өмүр улам күзүнө,
Энем менин кирчү болду түшүмө.
Мен да бир күн айланамын шыбакка,
Мен да өлүмдүн тизе бүгөм күчүнө...

КӨЛӨКӨЛӨР
Көлөкөлөр карааны калдаңдаган,
Көлөкөлөр айланган, айланбаган.
Түшүп турат көлөкө түндөн дагы,
Түшүп турат көлөкө айбандардан.

Жалгыз мектеп... Аяздын аптабында,
Жалын “дүрт” деп алдымда, арт жагымда.
Төбөм көккө жетчү эле ошол кызга,
Көлөкөмдү тийгизип басканымда.

Күн батарда булуттар кызаруучу,
Күн батыштан чыгышка куш агуучу.
Көлөкөбүз ошондо күүгүм кечип,
Күндү кармап келчүдөй узаруучу.

Кездер болот дос дагы каттабаган,
Кездер болот тууган да кас санаган.
Баары жалган, жасалма, жалгыз гана
Жаныңдагы көлөкөң таштабаган.

Сен кичирсең, кичирип кичинеден,
Сен өрттөнсөң, өрттөнүп титиреген.
Көлөкөдөй жакынды табалбайсың,
Көргө дейре бир кеткен киши менен.

Көлөкө бар көңүлдө, чөлдө, Күндө,
Көлөкө бар мүрзөдө, дөңдө, гүлдө.
Көөдөнүмдү таш менен жанчып чыгам,
Көлөкөсүз жандарды көргөнүмдө.

“Көлөкөм” деп күн сайын жалбарынган,
Түшүп турсун көлөкө балдарыңдан.
Адамдарды сактай көр, Кудай, Кудай,
Көлөкөсүз куу жондо калганынан.

Өзүңөрдөн өзүмдү бөлгөн кезде,
Кайран башты кара жер көмгөн кезде.
Көлөкөмдү жайына жөн койгула,
Мени менен бир жатсын өлгөн кезде!..

ӨРТ
Көңүл калып, өң-алеттен азабыз,
Күндө бөлөк жолго түшүп басабыз.
Күндө бөлөк ыйман күтүп дүйнөдөн,
Биз акырын өлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдөп шапар тебишет,
Бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма,
Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким, кыйган терекпиз,
Биз байларга шайланарда керекпиз.
Эл деген – биз, макулук да, маймыл да,
Эч нерсе да, эч ким дагы эмеспиз.

Ата Журтта ач-жылаңач таланган,
Аялга окшоп зордукталган, таланган.
Өрттү көздөй жылып келе жатабыз,
Өзүбүздүн сөөгүбүздөн каланган.

АДАШКАН ЖАМГЫР
Булуттун биле албастан кайтар жагын,
Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым?
Күн санап сен тарапты тиктей берип,
Күтүүнүн жолунда өттү канча арманым?
Ак гүлүм, аппак гүлүм, аяй гүлүм,
Адашкан жамгыр көрдүм... айталбадым.

Сагынып санаамдагы баягы ырды,
Сай бойлоп тосуп жүрөм шамалыңды.
Ак куулар учуп өтсө, карай берем,
А балким, айтабы деп кабарыңды.
Көк гүлүм, көпкөк гүлүм, көркөм гүлүм,
Көрүүгө зар кылдың го карааныңды.

Билбеймин качан кетем, качан келдим,
Бир бурчун таппай жүрөм батар жердин.
Биз эми бул дүйнөдөн кездешпейбиз,
Бир гана сен деп өңдөн азар менмин.
Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм,
Сен мага азап болуп жашай бергин.

ОБОНДУУ ЫРЛАРЫНАН

ЖАЛГЫЗДЫКТАН
ЖАДАП БҮТТҮМ

Обону: Элмирбек Иманалиевдики
Аткаруучу: Токтобүбү Черикчиева

Жабыркап өңдөн азганмын.
Жатсам да сен деп жатканмын.
Жашоодон орун тапсам да,
Жаныңдан орун таппадым.

Кайырма:
Карап, карап.
Кайрадан сени самап.
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм,
Жан биргем, кандай кылам?
Жашоодо жалгыздыктан
Жадап бүттүм, бүттүм.

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап, толо албай.
Серпилип сезим, кыйналдым,
Сендейлер сендей боло албай.

ФАРИДАМ

Обону: Тынарбек Амановдуку
Аткаруучу: Асылбек Өзүбеков

Коңшулаш айылдан кезиккем,
Коңгуроо үнүңдү эшиткем.
Корооңо кире албай узатып,
Кол булгап калчу элем эшиктен.

Агымын турмуштун кече элек,
Анда сен кыз элең секелек.
Кош булак өңдөнүп экөөбүз,
Кошулуп бир аксак дечү элек.

Кайырма:
Фаридам, Фаридам, Фаридам.

Аттиң ай, өкүнөм эмгиче,
Адырдан гүл терип бергиче.
Алтыным, башкага кеттиң сен,
Алыстан кайрылып келгиче.

Азапка бактысын байлаган,
Армансыз жашоодо барбы адам?
Жоголгон күндөрдү эстетип,
Жолуктуң неге сен кайрадан?

Кайырма:

Балбылдап көздөрүң карагат,
Басчу элең жүрөктү жаралап.
Бактылуу боло көр, кантейин,
Балалык ак сүйүүм аманат.

Чолпон Сүйүнбаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Агата Кристи
2011-08-23 14:58:20
Чыныгы акындын саптары! Ырчылар"мен тоого чыктым" ырларды ырдабай ушундай саптарды алса кандай сонун болмок. Ушунчалык берилїї менен окуп чыктым.
0
Sutton
2011-08-23 17:58:12
Көмдү энемди, кийин анын ордуна,
Көрдү көзөп өсүп чыкты шыбактар.

Тарткан сайын өмүр улам күзүнө,
Энем менин кирчү болду түшүмө.
Мен да бир күн айланамын шыбакка,
Мен да өлүмдүн тизе бүгөм күчүнө...

Атамды эстеп кеттим. Атам да Атбашынын шыбак баскан корустонундо жатат... Мен да ошол ш
0
Шаиста Шатманова
2011-08-24 20:41:19
Энесине арнаган ырын окуп ыйлагым келди
0
Zamira
2011-08-24 22:21:05
Жан дүйнөм шалдырай түштү,алыс-алыс бир жактарга барып келгендей.Башымды мыкчып отурам.
0
Aitolkun
2011-08-28 15:48:19
Chynygy kyrgyz akyny!
0
ayay
2011-08-28 18:51:20
Ээх улам омур отуп токтобой, баратат го бизди такыр ойлобой. Ар кайсыны бириктирбей жанагы, ырчылар ырдашса го жойлобой. Таап алып суйом куйом создорун, кыйраткандай сезишет го оздорун. Куураган куурай сымал ооруймун, кыска омурлуу азыркы ырлар окуп алып создорун! Татынакай калем чийип кагазга, жазды акындар омур тилеп далайга. Бирок аны окуган аз уккан аз, канча обондор албай койду капарга. Жаралса го буларга да жарашкан,жан эргиткен жакшынакай обондор!Ээх улам омур отуп токтобой, баратат го би
0
Tynka
2011-12-27 09:44:41
Эн сонун!
0
chinaltyn
2013-08-18 01:13:21
эх мен да энемдин артынан жетим улактай ыйлап калдым го. эки жылдан бери апамдын корустонуно шыбак осуп турат.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан