ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Улуу Британия

ХАНЗААДА УЭЛЬСТИН ҮЙҮ САТЫЛДЫ
Улуу Британиядагы эң кымбат үй орусиялык адамга таандык болуп калды. Ысымын атагысы келбеген бул адам өз убагында Георг IIнин улуу баласы ханзаада Уэльске таандык болгон турак жайды 228 миллион долларга сатып алды. 300 жылдык тарыхы бар бул имарат Хенлиден алыс эмес жерде, Лондондун жанында жайгашкан. Ээлик 80 гектар жери, атканасы, эстеликтери менен кошо сатылды.

АКШ

АЙЫМДАРДЫН ҮЧТӨН БИРИ СҮЙҮҮДӨ БАКТЫСЫЗ
Америкалык социологдордун изилдөөсүнө караганда, айымдардын ар бир үчүнчүсү никенин бактысыз болорун билип туруп никеге турушат.
Социолог Женнифер Гаувейн жакында эле ажырашкан 1000ден ашык айымдардан сурамжылоо жүргүзгөн. Алардын үчтөн бири турмушка чыгарда жолдошу менен жашай албай тургандыгын билип туруп үй-бүлө күтүшкөн.
Билип туруп бактысыз жашоого барып жаткан айымдар “кеч болуп кетти, турмушка чыгыш керек” деп өздөрүн психологиялык жактан басмырлашары аныкталды. Үй-бүлөлүү досторунун арасында өзүн ыңгайсыз сезе баштайт. “Мындан кийин азыркыдай адамды жолуктура албай калам” деп да коркушат экен. Дагы бир вариант: “Мен турмушка чыккым келип жатат. Мага турмушка чыгууну сунушташты, эмнеге макул болбойм?!”- деген ой кетет.
Психологдордун кеңеши боюнча, жашап кетүүгө күмөн бар болсо, анда турмушка чыкпай эле койгон оң.

Орусия

КИШИ ЖЕГИЧ АЮУЛАРДЫ АТЫП САЛЫШТЫ
Токойдо сейилдеп жүргөн эки туристти аюулар өлтүрүп коюшкан. Жырткычты бир суткадан кийин окуя болгон Елизов районунан таап, атып салышты.
Орусиянын Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана колдонуу боюнча агенттиги билдиргендей, Камчаткада жылдын башынан бери 15 аюу өлтүрүлгөн. Бирок жыл ичинде биринчи жолу аюулар тарабынан адам өлтүрүлдү. Атылган аюунун ашказанынан адамдын эти табылган.
Бул аюулар Камчатканын чоң жырткычтары гана эмес, планетанын чоң жаныбар түрү болуп саналат. Аюунун салмагы 700 киллограмм, денесинин узундугу 3 метрге жетет. Камчаткада 18 миңден ашык аюу бар. Жыл сайын алар адамдарга кол салат. Өткөн жылы аюудан 1 адам каза тапкан. Андан мурунку жылы 3 киши.

Япония

ОКУМУШТУУЛАР АДАМДЫН ЗАҢЫНАН ЭТ ЖАСООНУ ҮЙРӨНҮШТҮ
Окаяма лабораториясынын изилдөөчүлөрүнүн бири Мицуюки Икэда адамдардын заңынан алынган белокторду синтездөөнүн ыкмасын тапты. Окумуштууга «Tokyo Sewage» компаниясы түтүктөрдөн чыккан акыр-чикирлерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрүүсүн суранышкан. Изилдөө учурунда Икэда көптөгөн бактериялар чогулган жерде белоктор болорун таап чыккан. Окумуштуулар бул белокту алып, катализатор кошуп, жыйынтыгында эт алышкан. Эттин курамында 63% белок, 25% углевод, 3% май жана 9% минералдар кездешкен. Этке көбүрөөк окшош болушу үчүн боёк кошушкан. Өз каалоосу менен жеп көргөндөр даамын этке окшоштурушкан.
Профессор Икэда эл синтезделген этти жеш үчүн психологиялык тоскоолдуктан өтүш керек экенин түшүнөт. Бирок алар жаратылыш алдындагы жоопкерчиликтен улам бул кадамга барышарына ишенет. Мындай этте калория да аз. Демек, семиртпейт.

Корея

ЖАРЫК ЧАЧКАН ЖАСАЛМА ИТ ЖАРЫККА КЕЛДИ
Кореяда окумуштуулар Тегон деген лакап аттуу экинчи жасалма итти чыгарышты. Тегонду жарыкка алып келүү 4 жылда ишке ашып, ал үчүн 3,2 миллиард вон (3 миллион доллар) коротулду. Бул ит деле Снуппи ити чыгарылган технологияга салынып жаратылды. Бирок Снуппи клон гана болчу. Ал эми Тегонго жаңы сапаттарды кошушту. Бул ит тамагына доксициклин антибиотигин кошуп бергенде жашыл өңдө жарык чачат. Окумуштуулардын айтуусунда, иттерде адамдар сыяктуу эле 268 оорунун түрү кездешет. Итти жасалма белгилер (симптом) менен жасоо жаңы, натыйжалуу дарылоо ыкмаларын табууга көмөкчү болот.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
abaychik
2011-08-22 16:56:08
Тообо укмущтуунун тоосу жорго деген ушу го, эми адамдын заны калды эле жебегени. Ушу япондор дагы барган сайын мага жакпай кетип жатат.
0
zikonostra
2011-08-23 09:52:53
amerikostordun tamagyn taap salyptyr. Hod dok jasap jewsin
0
Juliana
2011-08-23 22:48:49
zikonostra, amerikalyktar tamakka abdan konul burat, antkeni et taza emes bolso adamdar oshol satuuchunu je kompaniyany sottop jiberet. Oshonduktan, yaponduktar hot dog jasap jeshsin, a sen amerikada boldun bele?
0
aku
2011-08-23 11:02:10
ioooo , ozubuzdun jerde bolso bir jon emi chet mamlekette jurgondo et jeshten da korkosun go.kaida baratat ilim degen.oshonu koldogon elder bar beken.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан