WALT DISNEY ЖОМОКТОР МЕКЕНИ

“Уолт Дисней” компаниясы – дүйнөнүн көңүл ачуу өнөр жайындагы чоң корпорациялардын бири. Киностудиясы Голливуддагы ийгиликтүү, ири студиялардан болуп саналат. “Уолт Диснейдин” штаб-квартирасы АКШнын Калифорния штатындагы Бербанк шаарында жайгашкан.

ТАРЫХЫНАН
1923-жылы Уолт Дисней АКШнын Калифорния штатынын Лос-Анжелес шаарына келип, агасы Рой менен 16-октябрда Голливудда «Дисней ага-инилеринин мультфильмдер студиясы» (кийин «Дисней студиясы» же «Дисней компаниясы» деп аталып калган) деген аталыштагы чакан анимациялык студия түзгөн. 1924-жылдын 1-мартында “Дисней” өзүнүн биринчи трюктар менен тартылган фильмин тартуулайт. Ал Льюис Кэрроллдун “Алиса укмуштуулар дүйнөсүндө” китебинен алынып, “Алисанын деңиз үстүндөгү күнү” деп аталган. “Дисней” Алисанын окуялары тууралуу 56 фильм тарткан.

МИККИ МАУС
Микки Маусту Дисней Аб Айверкс аттуу аниматор менен чогуу ойлоп табышкан. Башында Мортимер болуп, кийин гана Микки Маус атын алган. Алгач Микки Маус 1928-жылы “Акылсыз аэроплан” деген үнсүз кинодо тартылган. Ошол эле жылы “Вилли кемеси” деген “Диснейдин” биринчи үндүү фильминин каарманы болгон. “Дисней” алгачкы жолу үн менен ушул чычканды чыгарган. Буга анын баш мультипликатору Аб Айверкстин салымы чоң.

«ДИСНЕЙ» КААРМАНДАРЫНЫН АТАГЫ
Дисней өз каармандарынын атагын чыгаруу үчүн көп капитал коротчу. Экранга чыккандан кийин бул каармандар комикстердин беттеринде, миңдеген ар кандай предметтерде пайда боло баштайт. 1930-жылы “Диснейдин” каармандарына окшош оюнчуктар чыгарыла баштаган. Микки Маустун жана Дональд Дактын образдарын сааттарды, кийимдерди жана башка нерселерди жасалгалоодо колдонушкан. Алардын жардамы менен канча деген товарларды жарнама кылышты. Дисней чет жерлерге анын мультфильмдерин жана андагы каармандарды коммерциялык максатта колдонууга уруксат берген лицензия сатчу. Ушинтип, ал өз фильмдерине каражат табар эле.

КОМПАНИЯНЫН ЧӨЙРӨСҮ КЕҢ
1950-жылы “Дисней” студиясы “Диснейленд” телепрограммаларын даярдай баштаган. 1955-жылы Калифорниянын Анахейм шаарында “Диснейленд-парк” деген аталыштагы көңүл ачуучу комплекс ачылган. Бул жерде балдар “Дисней” мульт­фильмдериндеги сүйүктүү каармандары менен бирге унутулгус сезимдерде көңүл ачышат. Бул аракеттер улантылып, “Дисней” өз чөйрөсүн дагы да кеңейте берген. Азыркы учурда 11 тематикалык парк, 2 аквапарк, бир канча телерадиоберүү түйүнү иштейт. Телевидение, туризм, кийим жана оюнчук чыгаруучу бизнеси жылына 22 миллиард доллар киреше алып келет. Компанияда 100 миңден ашык адам иштейт. “Форчун” журналы жарыялагандай, АКШдагы 100 чоң компаниялардын ичинен 53-орунда.

«АКЧА ТАБЫШ ҮЧҮН ФИЛЬМ ТАРТПАЙМ»
Уолтер Элайс Дисней 1901-жылы 5-декабрда Чикагодо кедей үй-бүлөдө туулган. 4 бир туугандын кичүүсү Уолтер атасына кичине кезинен эле жардам бере баштаган. Алгач ферма иштерине жардам берсе, кийин гезиттерди таратууда, соода иштеринде кол кабыш кылган.
Оюнчуктарды кыялында гана көргөн Уолтер сүрөт тартууну жакшы көрчү. Алгачкы ирет өз эмгеги менен 7 жашында акча тапкан. Анда ал кошунасынын атын сүрөткө тартып, 5 цент алган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин жарнактык агенттикке сүрөтчү болуп орношот. Ошол жактан ал сүрөтчү Аб Айверкс­ти жолуктуруп, кийин экөө чогуу студия ачып, 2 мүнөттүк жарнактарды тарта башташат. Тарткан фильмдери жергиликтүү гана кинотеатрларда көргөзүлчү. Акырында алар Голливуддун кино өнөр жайына жакын болуш үчүн студиясын Лос-Анжелеске көчүрүшөт. Мультипликация Дисней үчүн баңгизат сыяктуу болуп калат.
Кийин ал мультфильмдердин ре­жис­сёру болуу үчүн Голливудга жө­нөйт. Голливуддан чоң атасынын гаражын пайдаланууга алып, анимациялык кыска метраждуу фильмдерди жасоого өтөт. Башында иш абдан начар жүрүшкөн. Бирок Дисней артка кайтпастан, ишин сүйүү менен уланта бергендиги үчүн биз көрүп тургандай ийгиликтерге жетишкен. Режиссёр катары 111 фильм тарткан, 576 тасманын продюсери болгон. Эмгектери 26 жолу «Оскар» жана башка көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ал 1966-жылы 15-декабрда тамеки чегүүнүн айынан өпкөсүнөн рак болуп каза тапкан. “Мен акча табыш үчүн фильм тартпайм. Фильм тартыш үчүн акча табам” дечү ал.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nurbek_posol
2011-08-23 02:42:33
Аябай жакшы маалымат берипсинер. Рахмат !! Мени аябай шыктандырды. Мен да ушул тармакта иштейм.
0
Nurik_9597
2014-01-17 01:05:28
Диснейдин мултиктери абдан еле сонун мага жагат
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан