ЫРЧЫЛАРДЫН АКТЁРДУК ДАРАМЕТИ КАНЧАЛЫК?

Учурда шоу-бизнес өкүлдөрүнүн кинодо роль жаратуусу модага айланып баратат. Режиссёрлор киного тартууда алардын актёрдук чеберчилигине карайбы же атагынабы? “Актёрлор” канчалык деңгээлде аткара алышат? Суроолорго жоопту белгилүү киносынчы Гүлбара Төлөмүшова бермекчи.

– Азыркы режиссёрлордун негизги максаты – аты чыккан эстрада жылдыздарынын башын бириктирип тасмага тартып, элди кызыктыруу болуп калды. Байкасаңыз, тасмаларда жалаң эле жаш ырчылар. Атактуу мегажылдыздарды көрө албайбыз. Балким, аларга жетиш үчүн жогорку деңгээлдеги шарт, сюжет жана режиссёр керектир...
Негизинен, эл алдына чыгып келаткан атактуулардын тасмадагы ролдорун төмөнкүчө талдадым.

Ассоль Молдокматова
Бул айым “Ашыктыктын асманы” (“У любви свои небеса”) тасмасында роль жаратыптыр. Өзүн эл алдында кандай алып жүрсө, ролду да эч кандай жасалмасы жок, ошондой аткарган. Аны ар кандай аудиторияда көрдүм, кайда болбосун индивидуалдуу, жагымдуу жүз экенин көрсөтө алат.

Съездбек Искеналиевди мен “Аян” деген кыска метраждуу жана “Боз салкын”, “Кайып булак” тасмаларынан көрдүм. Байкаганым, ал актёрдук чеберчилиги бар талант экен. Башында, чындыгында, Съездбектин ырчы экенин да билген эмесмин. Ырчы деп угуп, аябай таң калгам. Өзгөчө “Боз салкында” образына жакшы кирип берген. Болгону, бир кемчилиги – анда имидж жок. Ырчылыкка караганда, тараза ташы актёрдук чеберчилигине оойт.

Урмат Усенов тартылган “Достор”, “Кайып булак” тасмасынан жеке “личность” экени көрүнүп турат. Өзүнүн экранга чыкканын сезип, ролуна жоопкерчиликтүү мамиле кыла алган. Тасмада кишини чоң планда жакындатып тартканда жүзү биринчи көзгө урунат эмеспи. Аны да Урмат баамдап, башка ырчы балдарга караганда киного олуттуу мамиле жасаганын байкадым. Айтор, кайсы тасмада болбосун, харизмасы күч экени көрүүчүлөргө деле байкалса керек.

Асел Турдалиеванын (“Талак”, “Достор”) ырларын, чындыгында, мен укпайм. Ырчылыгына караганда, актёрдук шыгын баалайм. Мисалы, “Достор” тасмасында декандын ролун ийине жеткире ойногон. Балким, буга чыныгы жашоодо да декан экени себептир.

Султан Садыралиев “Достор” тасмасында башкы ролду жараткан. Балдар үйүнөн чыккан баланын ролун аткарууда алардын психологиясын окуп, таанышып чыккандай. Кинонун башында башка образда, аягында драматизм пайда болгондо экинчи образга өтүп, алмашып аткара алган.

Алиман Дүйшөналиева “Кызыл көйнөкчөн”, “Гаишники” тасмасында, казактардын “Жаным” сериалында мыкты актриса боло аларын далилдеген. Азыркы роль жаратып жаткан кыздардын ичинен Алиман татыктуу орунда. Ал “Кызыл көйнөкчөн” тасмасында башында, аягында бир өтүп кетет, ошондо да көз алдыңда анын элеси сакталып калат. Ошондой эле “Гаишники” тасмасында да мыкты актриса экени байкалат. Актёр деген жөн эле катышып койбой, образ да жарата билиши керек.

“Кандуу сүйүү”, “Талас-Бишкек” тасмаларында башкы ролду ойногон Чыңгыз Мырзаевде да анча-мынча “чымын” бар. Бул жигитке кадимки маршруттук такси айдаган кыргыз жигитинин образын жаратуу жүктөлүп, жеткиликтүү ойногон деп айта алам.

– Акыркы күндөрү кыздар “корея” оорусу менен ооруй баштабадыбы. “Гу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?” тасмасындагы Дархандын ролун мен роль деп эсептебейм. Бул жерде ал эмнени ойномок эле? Жөн гана функционалдуулук. Тасмада эч кандай жандуу нерсе жок, жөн гана элемент катары берилген. Өзгөчө макияжын өтө ашыкча кылып салышкан.
“Кайып булак” тасмасында роль ойногон Ильяз Абдыразаков. Бул баланын үнүндө сөз жок, өзгөчө “Азап” аттуу ырын сүйүп укчумун. Бирок анын имиджи такыр жок экени тасмадан көрүнүп турат. Андан сырткары кыйраткан эч кандай образ жараткан эмес. Жөн гана жүз болуп берген.
Калган ырчылар Сапар Эркебаев, Замир Мырза, Неля мени кечирип коюшсун, аттарын угуп жүрсөм да, ырларын уккан эмесмин, кинодон образын да көрө албадым.
Ошол эле Сема, Акбар Сүйүнбаев (“Достор”) имиджин өзгөртүшү зарыл. Айпери Кубик кызы, Аида Кулуеваны болсо тааныбайт экенмин. Аида мени “улуту ким?” деген суроо менен эле кызыктырды.

– Тасмага тартылды десе эле бизде “образ жаратты” деген түшүнүк пайда болот. Образ жаратуу деген такыр башка нерсе. Мисалы, адам кыска, бир-эки мүнөттүк сюжетке катышышы мүмкүн. Бирок ошол аз убакыттын ичинде кадимкидей анын образы көз алдыңда калат. Ал эми айрымдар тасманын башынан аягына чейин тартылат, бирок жыйынтыгында анын ролу, образы ачылбай, кинону көрүп бүтөр замат унутуп каласың. Аларды образ жаратты деп айтууга болбойт.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
operaledi
2011-08-22 17:45:28
Мен жогорудагы аты айтылгандарды актер деп атай албайм.Жон гана баловство!
0
baibolot71
2011-08-22 18:30:46
Биздин онор адамдарын корсон универсал.Мисалы бир эле ырчы эмес,актер,куудул,тамада,банячы,сауначы.Чет элдикин корсон ар кимиси оз онорлору менен ырчысы ыры менен,актеру актерлук кесиби менен.
0
Bakysi
2011-08-24 01:11:24
yrchy yrchy,akteru akter bolso,universal bolushpai.
0
Debi
2011-08-24 10:15:37
Башкаларды билбейм, Достордо Айперинин аткарганы мага абдан жаккан. ашыкча боёгу жок, чачын тыкан артына жыйып койгону сулуулугун арттырат экен.
0
elya2404
2011-08-24 19:38:11
Узбектер деле тартылып жатышат, анын эмнеси бар? Мисалы Шахзода, Райхон, Жорабек, Божалар, Лола ж.б. Таланттуу киши бардык жагынан таланттуу болушу керекго дейм. Онорун болсо орго чап деп коюшат эмеспи. Мендеги актердук чеберчилик, бул жердегилерден ашса ашат, эгер киного тартылсам, жакшы образ жаратат болушум керек?Куйоом менен урушуп жаткан кезде, кайненем келип калса,ыйлап отурсам дагы чыгып, кулуп жаркылдап тосуп алып,чайын берип узатып коюп,кайра урушумду улантсам, куйоом тан кала берет.:-)
0
MEDEROLLA
2011-08-25 17:48:32
Эрнесс Абдыжапаровдун кинолору даамду тамактай. Анткени Эрнест байке киного чыныгы актерлорду тандап алгандыгында.Эрнесс Абдыжапаровдун кинолору даамду тамактай. Анткени Эрнест байке киного чыныгы актерлорду тандап алгандыгында.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан