ПИЛ, БЕГЕМОТ ЖАНА ТҮЛКҮ

Жомоктор дүйнөсүндө

(Жомоктун башталышы өткөн саныбызда)

– Пил, мага сен гана жардам бере аласың. Уюм сазга тыгылып калды. Аны эч ким чыгара албай койду,- деп калп эле муңканымыш болот.
Түлкүнүн айтканын уккан пил:
– Кантип макул болбоюн? Кайсы сазга тыгылды эле? Барып аркандын бир учун мүйүзүнө байлап, экинчи учун мага алып келип бер. Бат эле чыгарып берем.
– Жарайт, пил! Менин “тарт!” деп кыйкырганымды угарың менен тарта башта. Макулбу?
– Макул. Бара бер.
Түлкү шашкан бойдон жүгүрүп кетет. Ошентип, бегемот кармап турган аркандын экинчи учун пилге карматат да, “тарт!” деп кыйкырат. Бир эле арканды эки учунан тартып жатышканын пил да, бегемот да билбейт. Пил күчүнүн болушунча тартат. Бегемот да ошентет. Экөө тең жан талашып, улам-улам тарта беришет. Чарчаган пил “бул эмне деген уй эле? Аябай чоң го, кыязы” деп ойлонсо, бегемот “оңбогон бул уй жөнөкөй эмес го” деп өзүнчө ачууланат. Бир маалда аркан ортосунан үзүлүп кетип, пил менен бегемот эки жакка “күп” этип кулап түшөт.
Ошентип, түлкү “эки зор жаныбарды амал менен тоголоттум” деп эстеген сайын күлүп жүрөт экен.

(Аягы)

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
MEDEROLLA
2011-08-25 18:13:26
Эмнеге жомок, ангемелерде, мультфильмдерде тулкуну ото куу муноздошот. А жашоодо да тулку ошондойбу?
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан