КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Кичинекей Айбек дүкөнгө келип, сатуучуга:
– Эже, мага бир ором даарат кагазын берип коюңузчу?
– Кайсы түсүнөн?
– Агынан бере бериңиз, өзүм боёп алам.

Апасы уулуна:
– Ай-ий, уулум, кебетең кантет?! Накта торопой болуп алгансың го. Торопой эмне экенин билесиңби?
– Билем, апа. Ал деген чочконун баласы да,- дептир бейкапар.

Мугалим окуучуга:
– Асан, чоңойгондо ким болосуң?
– Өтүкчү, эжей!
– Азаматсың! Эмнеге бул кесипти тандап алдың?
– Мага клейдин жыты жагат.


Билип ал

ЭМНЕГЕ ЖОЛГО «ЗЕБРАНЫ» ТАРТЫШАТ?
Балдар, унаалар жүрүүчү жолго тартылган “зебра” деп аталган сызыкты баарыңар эле көргөнсүңөр жана андан дайыма өтүп жүрөсүңөр. Бирок ушул белги эмне үчүн “зебра” деп аталып калганына кызыгасыңарбы?
Илгери-илгери чөлдө түсү ала-була болгон зебра жашаптыр. Ал мээримдүү, кичи пейил жандык болот. Анын мүнөзү чөлдүн бардык жашоочуларына жагып, акыра, керик, төө, пил, деги койчу, бардык жаныбарлар аны менен достошуптур. Алар ынтымактуу, көңүлдүү жана санаасыз жашашчу экен. Күндөрдүн биринде алар жашаган аймакка жумушчулар келип, чоң жол салышат. Жол курулуп бүтөрү менен зуулдап машиналар, автобустар, жүк ташуучу унаалар каттай баштайт. Ошондо чөлдөгү жаныбарлар жолдун аркы өйүзүнөн берки өйүзүнө өтө албай убара тартышат. Зебра досторуна жардам берүүнү чечет да, жолго чыгат. Анын ачык болгон түсүн көргөн бардык айдоочулар дароо токтошуп, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө шарт түзүлөт. Ошондон тарта жолго зебранын өңүндөй болгон белгини тартып калышкан экен. Мындай белги тартылган жерден унаалар токтоп, жөө жүргүнчүлөр өтүшөт.


Баш катырманы толтур

ТАБЫШМАКТУУ АРАБА
Ат арабасына эмнелерди жүктөп баратат? Муну билүү үчүн сүрөттөгү нерселердин атын ирети менен белгиленген багыт боюнча дөңгөлөктөрдүн ичине жайгаштыр.

Жообу: (Гезит, гитара, тандыр, сандык, ананас, канжар)

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан