ЖEҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: “УЧУРУНДА КОКАИН ДА ЖЫТТАГАМ”

Жеңишбек Назарали ев жашоодо...
Дарыгер-психиатр Жеңишбек Назаралиев 1961-жылы 9-май күнү Кемин районундагы Чым-Коргон айылында жарыкка келген. Сүйүнгөн ата-эне жеңиш күнү төрөлгөн баласына Жеңишбек деп азан чакырып ат коюшкан. Жеңишбектин атасы Болсунбек аталган айылдагы Чүй облустук психо-неврологиялык диспансерде врач-психиатр, апасы мектепте мугалим болуп иштеген. Ишине байланыштуу Болсунбек үй-бүлөсү менен Ош шаарына которулган. Алты биртуугандын үчүнчүсү болгон Жеңишбек мектепте окуп жүргөнүндө каникул сайын таятасыныкына, чоң атасыныкына жайлоого бара турган. Мектепте “4”, “5” деген бааларга окуган болочок дарыгер алты жыл эркин күрөш менен машыккан. Баласынын келечекте спортчу болгусу келгенин байкаган атасы “кой, балам, спорт кесип болбойт” деп тыйып койгон. Атасынын кебинен чыга албаган Жеңишбек мектепти аяктаган соң борбордогу медициналык институттун дарылоо факультетине өткөн. 5-курска келгенде Жалал-Абаддык Роза деген сулууга баш кошкон. Төрт жыл батирде жашаган жаш үй-бүлө Улан аттуу уулдуу болот. Улан 11 жашка келгенде ата-эне аны Америкага аскер академиясына окууга жиберет. Ал жакта беш жыл окуп, туулуп-өскөн мекенине кайтып келген Улан азыр 23тө. Жеке ишкер. Андан кийинки кичүү кызы Алима 9-класста окуйт.
Бир гана Кыргызстандагы эмес, далай өлкөлөрдөгү аракеч, баңгилерди дарылап айыктырып келаткан Жеңишбек Назаралиев 1996-жылы баңгилик боюнча китеп жазмак болот. Китеп жазуу менен катар 2000-жылы «Таштар-Ата» ыйык жер комплексин ачуу үчүн бүт дүйнө жүзүн кыдырып тажрыйба топтоо керек болгон. Жанындагылар “туура эмес иш кылып жатасыз, көп убаракерчиликтин эмне кереги бар” деп колдошкон эмес. Бул ишти жадакалса өмүрлүк жары Роза дагы жактырбайт. Ушуга окшогон түшүнбөстүктөрдүн негизинде үй-бүлө ортосунда жарака пайда болот.
2000-жылы Австралияда өткөн Олимпиадалык оюндарга ал кездеги дзюдо федерациясынын президенти Жеңишбек өзү Кыргызстандын спортчуларын алып барган. Ошондо Наталья аттуу менеджер кыз менен таанышкан. Ал кыз Жеңишбекке аял катары гана жакпастан, чоң жардамчы катары да ишин алга жылдырууга көмөктөшкөн. Беш жыл Наталья менен чогуу иштешкен Жеңишбек Назаралиев 2007-жылы 27 жаштагы австралиялык бийкечке үйлөнгөн.

Кыска суроого кыска жооп
– Эмнеден коркосуз?
– Бир гана Кудайдан.
– Жашоодогу девизиңиз...
– Эл алдында жоопкер­чиликтүү болуу.
– Кайсы спирт ичимдигин жакшы көрөсүз?
– Француз шараптарын.
– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?
– Чуркабай калганыма эки жыл болду.
– Кумириңиз...
– Батыш, чыгыш философтору.
– Бош убактыңызда...
– Жалгыз отуруп ойлоном.
– Өзүңүзгө жаккан сапатыңыз...
– Өзүмө-өзүм жакпайм.
– Сиз үчүн биринчи орунда...
– Адамгерчилик.
– Байлыгыңыз...
– Акылым.
– Машинаныз...
– Экөө: Мерседес-600, ТойотаЛандкрузер.
Аракечтикке, баңгиликке каршы
– Сиздин аракеч менен баң­гилерди дарылап калышыңызга атаңыздын таасири чоң кө­рүнөт?
– Мен 9-класста окучумун. Бир күнү үйдө чай ичип отурсак, кыймылдай албаган оорулуу аялды атама алып келишти. Атам баарыбызды сыртка чыгарып жиберди. Мен үйдүн ичинде жашынып калгам. Атам оорулууга бир нерсе деп сүйлөп жатты. Тиги аял 10 мүнөт өтпөй өзү басып кетти. Ошол күндөн баштап “спортчу болбой калдым, эми психиатр болом” деген ой менен жашап калдым. Бош убактымда атамдын психология, психотерапия боюнча китептерин окуй баштадым. Бул менин дарыгер болуп чыгуума өбөлгө болду.
– Дарылоону баң­­гиден баш­тадыңызбы же аракечтенби?
– Мединститутту аяктагандан кийин алгачкы эмгек жолумду Ош шаарындагы ооруканалардын биринде психиатр болуп эмгектенүүдөн баштадым. Ошондо ал жердегилердин баары фамилиямды угушуп “оо, Болсунбек Назаралиев өзү келиптир!” деп этин, кымызын, чайын көтөрүп келе башташты. Келгендер Болсунбектин баласы Жеңишбек Назаралиев экенимди угуп-көрүшкөндө ого бетер ыраазы болушуп, баталарын беришкени азыр да эсимде. Ал жактан атамдан, анын китептеринен үйрөнгөндөрүм боюнча аракка берилген эки адамды өз алдымча дарылагам. Бул жеңишимден кийин көпчүлүк мени мурдагыдан баалап калышты. Бирок, кесиптештерим көрө албастыктын негизинде мага карата ар түрдүү кептерди айта башташты. Акыры баарын таштап Бишкекке келе бердим. Атамдын кеңеши менен борборго келгени аракечтерди дарылоого өттүм. Ошондон кийин өзүмө ишенич пайда болуп, ишиме дилгирлигим күчөдү. Көп өтпөй аракечтерди дарылоонун башкача ыкмасын ойлоп таптым. Ыкмамды байкаган атам: “Балам, ушул ишиңдин аягына чык”, - деди. Ошондон бир жума өтпөй атам каза болуп калды. Атамдан ажыроо мен үчүн түндө шам чыраксыз калгандай эле болду. Атамдын “ошол ишиңди аягына чыгар” деген сөзүн бекем сактап, тажрыйба топтоо үчүн Орусияга сапар алдым. Мен тамакты түрлөп, абдан даамдуу жасайм. Кожойкелерге тамак жасап берсем алар мени жакшы көрүп калышат. Анан конок тосордо мени сөзсүз жардамга чакырышчу. Коноктор “ии, Жеңиш, сүйлө, эмне иш кыласың?” дешкенде “дарыгермин, аракеч, баңгилерди дарылайм” дейм. Ошентип, алар аракечтик, баңгилик торунан чыга албай жүргөн тааныштарын алып келишет. Аларды гипноздун жардамы менен дарылап, 25те болсом да акча таап, көз карандысыз жашоомду баштагам. Журналисттер “сизди ким тарбиялаган?” деп сурашканда “баш-аягы көрүнбөгөн жол тарбиялады” деп жооп берем. Анткени, далай кыйынчылыктарга чыдап, тынымсыз жол жүрүп, далай өлкөлөрдү кыдырып тажрыйба топтогом.
– Учурда сизге келген оорулууларды өзүңүз дарылайсызбы?
– Башында ар бирин өзүм кабыл алып, кенен сүйлөшөм. Андан кийин дарыгерлердин карамагында болушат. Акыркы курстарды сөзсүз өзүм өткөрөм.
– Дарылоо ыкмаларыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– «Дезинтоксикация» жана «Детокс» программалары менен иштейм. 2005-жылы Акаев кеткен соң бир нече адамдын катарында мен да президенттикке талапкерлигимди койбодум беле. Бакиев менен Кулов биригип кеткенде талапкерлигимди алып салдым. Ошондогу толкундоодон, жан дүйнөмдүн жабыркашынан чыга албай кыйналып, бир ыкма ойлоп таптым. Ал ыкманы жакын адамын жоготуп же ажырашып психикасы жабыркап тургандар колдонушса болот. Ал методду өзүм колдонуп жыйынтыгында, жыйырма күн ичинде кадимкидей өзүмө келип, ичимдеги кыйналуунун баары унутта калды. Аны кызым да колдонуп көрдү. Анткени, Алима ошол убакта Роза экөөбүздүн ажырашканыбызга кайгырып, ким катуу сүйлөсө эле коркуп ыйлап калчу. Байкасам, ал дагы бир жумадан кийин жаңы ачылган гүл сымал кулпуна түштү. Биз чаңды шыпыргы, чаң соргуч менен тазаласак, ойлоп-тапкан ыкмам менен акыл-эсти тазалайбыз.
– Сиздин сөз­дө­рүңүздү жаттап алып, адамдар өз алдынча деле айыгууга аракет кылышса болобу?
– Жок, анын өзүнчө техникасы бар. Ал көнүгүүлөрдү атайын инструкторлор менен чогуу жасоо керек.
– Канча кли­никаңыз бар?
– Мурда дарылоо клиникаларыбыз Америкада, Орусияда болсо, азыр алардын баары шартка ылайык жабылды. Азыр клиникам бир гана Кыргызстанда.
– Клиникаңызга кыргызстандыктар да кайрылышабы?
– Учурда кайрылгандардын көбү чет элдиктер. Кыргыздардын саны эмнегедир өтө аз.
– Дарылануунун баасы канча турат?
– Азыр баңгилерди дарылоо курсу 8500 доллар, аракечтерди дарылоо 4000 доллар. Бирок, кыргыздар аталган сумманын жарымын төлөшөт. 2000-жылга чейин аракечи болобу, баңгиси болобу ай сайын мага кайрылган 10 кыргызды бекер дарылачумун.
– Дарылоо курстары канча убакытка созулат?
– Бир ай дарылайбыз. Аракечтин да, баңгинин да жанында жакын туугандарынын бири сөзсүз карап жатышы керек.
– Өзүңүз аракты да, нашааны да ооз тийип көрсөңүз керек...
– Баарын ооз тийгем. Аракты да ичкем. Учурунда кокаин да жыттагам. Анткени, мындай илдеттен элди айыктыруу үчүн алардын терисинде болуп көрүү керек. Кокаин колдонгондордо кандай сезим болот, баарын туюп, сезишим керек да.
– Буга чейин канча адамды дарыладыңыз? Айыгып кеткен пациенттер кайра эле баңгиликке, аракечтикке берилип кетпейт деп кепилдик бере аласыздарбы?
– Ушул күнгө чейин клиникада дарыланган адамдардын са­ны 10 000ден ашык. Дарылангандардын 87 пайызы толук айыгып кетишет. Алардын 13 пайызы гана кайрадан колдонууга барышы мүмкүн.
– Сиздердин бор­бордун атаандаштары барбы?
– Мен Кыргыз­стандын жеринде туруп чет өлкө­лүктөргө иштеп жатам. Орусияда мага окшогон адам ашып кетсе бир жыл иштейт. Экинчи жылы аны күчтүүрөөк чыккан башка бирөө басып кетет. Эгер мен Орусияда иштесем, анда деле ушул деңгээлимден түшмөк эмесмин. Анткени, биз улам жаңы технологияны ойлоп табуу менен иштейбиз.
– Жолуңузду жолдой турган шакиртиңиз барбы?
– Кызым Алимадан үмүтүм чоң. Анын мүнөзү да меникине окшош. Бардык нерсеге олуттуу карайт. Акыл-эстүү, сабакты жалаң “5”ке окуйт.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан