Акыркы сандарыбыздын биринде 1 жаштагы баласын жоготуп, таппай жүргөн ата-эне жөнүндө жазган элек. Ошондой эле көрүнүштө дагы бир наристе жоголгон экен, апасы Айнура бизге кайрылды.
"Амир Тимур өз жашынан акылдуу"- дейт апасы
– Эки балам бар. Улуусу Амир Тимур 3 жашта. Бир күнү кайнатамдын инисинин аялы биздин үйгө конокко келди. Жеңемдин “мен бала бакчада иштейм. Балаңды сонун кылып багып берем” деп айтканына анча көңүлдөнгөн эмесмин. Экинчи жолу келип суранганда деле кыйылып жатып макул болдум. Анын үстүнө, өзүңүз билесиз, шаар жеринде баланы бакчага берген машакат го. Ошого карап Жумгал районунун Миң-Куш айылына жөнөткөм.
Биринчи жолу апрель айында алып кетип, эки жума бакчага барган. Кийин өздөрү алып келип, балам жанымда бир жума болгон эле. Кайра май айында алып кетишкен. Алып кеткенден 2 күндөн кийин эле “бала сууга агып кетти” деген суук кабар келди. Дароо жетип бардык. Сууларды токтоттуруп издедик. Өзүм үч күн бою жээгин кыдырып жүрдүм. Бирок баламдын сөөгүн эмес, бир кийимин да тапкан жокпуз. Эгерде бир нерсесин тапсак, анда “болуптур, Жараткандын жазганы ушул экен” дейт элем. Кийиминин бир үзүмүн да таппаган соң сууга акканына ишенбей жатам.
Жеңемдин айтуусу боюнча, ошол күнү балам саат 11ге чейин уктап, турбай койгонунан бакчага алпарган эмес экен. Эшиктин сыртына таяк тиреп коюп кете бериптир. Бирок күмөн санаганым, балам такыр кеч турчу эмес. Үйдө деле ашып кетсе 9га чейин уктачу. “Сууга агып кетти” деген нерсени башыма сыйдыра албай жатам. Анткени уулум арыкты да кечип ойночу эмес. “Апа, мен бутумду суу кылбайм, ээ” деп сайрап турчу.
Анын акканын көргөн 9 жаштагы кичине кыз – жеңемдин кызы. Ал: “Тимка экөөбүз чоң таштын үстүндө ойноп жатканбыз. Анан ал сыйгаланып сууга түшүп кетти. Мен аркасынан кирип, колунан тартып чыгып баратсам, аккан суунун шары менен агып кетти. Мен да бир аз агып барып, анан чыгып кеттим”,- дейт. Таң калтырганы, өзү суунун кайсы жагынан чыкканын көрсөтө албай койду. Менин оюмча, ал кызды бирөө коркутуп, “ушинтип айт” деп жатат окшойт. Мен энемин да, баламды табуу үчүн ааламды жылаңаяк кыдырууга да даярмын. Жүрөгүм балам тирүү экенин сезип жатат. Атасы да “балам тирүү, көрөсүңөр, ал табылат” деп эле айтып жатат.
Менин оюмча, жалгыз калган бала сыртка өзү чыгып кеткен. “Балким, кимдир бирөө ээрчитип кетти. Баласы жок бирөөлөргө берип койдубу?..” деген да ойлор кетип жатат. Андан бери көзү ачык, төлгөчү дегендердин далайына бардык. Баары “балаңар тирүү. Улам колдон-колго өтүп, ыйлап, башкаларга көнө албай жатат” дешет. Сүйлөшүп алгансып баары бир ооздон “тирүү” дегени да үмүтүмдү жандырууда. Анын үстүнө уулум суу өткөрбөй турган кездемеден тигилген чолок шым кийип жүргөн экен. Ал баары бир суунун үстүндө калкып калмак.
Кийген кийимдеринин баары ачык түстө болчу (көк футболка, кызыл чолок шым). Сөөгү табылбаса да, балким, кийими чыгат эле го. Баламды көргөн-билгендер болсо, кичине маалымат болсо да, төмөнкү телефонго кайрылып койсоңуздар.
Телефондор: 0552 63-43-23, 0773 63-43-23, 0770 30-35-05
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg