ПРЕСCТӨӨ ЗАМАНБАП КЕСИППИ?

Замандын агымынан улам акча табуунун ар кандай жолдору, ар түрдүү кесиптер пайда болууда. Экспорттолуучу кийим-кечелерди узак жолдо ташуу да оңой иш эмес. Көп товарды тыкыйта таңып, пресстеп, жыйнактуу алып кетүү керек. Мындай иштерди аткаргандарды базарда жүк пресстөөчүлөр деп аташат.

“ЧАРТ-ЧУРТ” ДЕГЕН ҮН МЕНЕН КОШТОЛОТ
Акыркы жылдары базар дүйнөсүндө орун алган бул кесип ич ара өз мыйзамдарына да ээ. Учурдагы КМШ өлкөлөрүндө эң чоң базарлардын бири болгон “Дордой” соода борборунда бир эмес, үч жүк пресстөөчү жай орун алган. Алар: “Чымкент” автобекети, “Кара-Суу” автобекети жана “Карго” жүк ташуучу борбору. Жумуш таңкы 5те башталып, саат 10го жакын товарлар өз ордун таап, чет мамлекетке жөнөтүлүүгө даяр болуп калат.
Биз сапарыбызды эртең менен «Чымкент» автобекетинде жайгашкан пресстөө жайынан баштадык. Бул жерде жүздөгөн кишинин колундагы скотчтордун “чарт-чурт” деген үнү кулак тундурат. Базарда актуалдуу жумуштардын бири экени жумушчулардын санынан эле байкалып турат. Бака-шака түшкөн эл тынымсыз чоң-чоң баштыктарды ары-бери кумурскадай сүйрөп бир бурчка тизип, кээси маршрутка, чоң автобустарга жүктөп жатышты.

БИЗДЕ ИМПОРТ ЭЛЕ ЭМЕС, ЭКСПОРТ ДА БАР
Журналист экенибизди укканда “каяктан келдиңер?” деген жумушчулар айланабызга топтоло калып жатышты. Алардын сөздөрүнөн улам калаанын тигүү цехтеринен чыккан кийим-кечелердин баары мына ушул пресстөө жайларына келип, анан тарарын билдик.
Кубанарлык нерсе – биздин ата мекендик продукция башка жерлерде жакшы бааланганы. Кыргыз кыз-келиндеринин колунан чыккан кийимдер Казакстан, Орусиянын бүт шаарларынын базарларына жөнөтүлөт. Биз барган учурда мектеп формалары жөнөтүлүп жатыптыр. Цехтен чыккан бир кофта 100-120 сомго бааланса, ошол эле кофта Томск шаарында 350-450 рублга чейин бааланат. Бир кофтанын үстүнө 200-300 сом кошуларын Томск шаарынан келген айым айтып берди. Соодагер айымдын айтымында, Бишкектен чыккан кийим-кечелерге талап жогору. Орусиялык кардарлар акыркы жылдары өздөрү да “Кыргызстандын кийимдери барбы?” деп сураштырып алышат дейт.

ИШТЕСЕҢ, ТИШТЕЙСИҢ
Пресстөө станок жана кара күч менен ишке ашат. Айырмасы, станок менен салынганда жүк көбүрөөк батат жана көп күч сарпталат. Кол менен иреттеп салып жаткандарга ыкчамдык керектелет. 10 мүнөттүн ичинде 60-70 килограмм жүктү салып, 4 мүнөттө сыртын жылтыратып чаптап, тыкыйта жыйнап коюшат. Баштыкка кийим-кечелер өлчөмү жана түстөрү боюнча салынып, сыртына товардын аталышы жазылат.
“Иштесең, тиштейсиң” демекчи, күнүмдүк киреше чапталган баштыктар менен жөнөтүлгөн килограммдардан көз каранды. Бул жайларда иш кызуу жүрөт. Болгону, кышында жумуш аз болуп, тапкандары күнүмдүк ичкен ысык тамагынан ашпай калган да учурлар болот.
Бул кесипке ээ болуш үчүн атайын окууга тапшырып же курстан өтүүнүн зарылчылыгы жок. Бир гана күч жана чыдамкайлык талап кылынат. Учурда пресстөөчү болуп үй-бүлөсүн баккан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Жумушчулардын аксакалынын жашы 50нү ортолоп калса, кенжелери 15-16 жаштагы өспүрүмдөр. Көпчүлүгү айыл жергесиндеги жумушсуздуктан улам шаарга сапар алгандар.

Пресстөөчүлөрдүн улуусу СУРАНБАЙ КАИПОВ:
– Менин бул жакта иштегениме 14 жылдын жүзү болду. Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдүн курсагы ток. Балдарым да бул жакта иштешет. Күнүнө орто эсеп менен 500 сомдой таба аласың. Пресстөөчү аппарат менен иштөө өтө эле оор. Себеби күчтү талап кылып, алыңды алат. Жайдын ысыгы, кыштын суугу буга кошумча оорчулуктарды жаратат. Анын үстүнө эч кандай шарттар түзүлгөн эмес.
Өзүңө гана ишенип, акча таап, үй-бүлө багуу амалында эмнеге гана дуушар болбойсуң?.. Эптештирип жүрөбүз. Кудайга шүгүр, бала-чакам ток, кийими бүтүн. Бирок тапканыбыз күнүмдүк жашоодон артпаганы жанды кейитет. Күнүнө 20га жакын баштыкты чаптаганга болот, эми бул алыңа жараша да. Бир баштык 500 сомго бааланып, бир скотчту талап кылат. Бир скотчтун баасы 200 сом турат. Ошондо орто эсеп менен бир баштыктан 300 сомдой калат.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Пресcтөө заманбап кесиппи?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asus84
2011-08-23 13:34:50
мына сага жашоо, мен оз козум менен коргом азаптын тозогу бул жумуш, чынын айтканда иштин эн кыйыны болбогон оокат да
0
baibolot71
2011-08-24 20:51:57
Мен да ушуларга пресс жасаттырам,жумуштары оор эле кээде озум жардам берип жиберем.Эмдики санында Телега айдагандар жонундо тартып жазсанар кызыктуу тема болот.
0
TolonturCN
2011-08-28 10:00:54
Ушинтип иштеп деле жашоонун чырагын жакса болот, Кыргызстандан сыртка карата өндүрүш чыкканы да жакшы саамалык, иштеп чыгаруу да болуу керек.
ПРЕСCТӨӨ жабдуусу аябай эле карапайым экен, Кытайдан электирондук пресстөө жабдуусун киргисеңиздер болгудай, адам эмес электир кубатынын күчү менен товарларды басым менен сыгып кичиртет. Кытайдан камаздап товарлар чыгат орто азияга, кездеме, кийим-кече түрүндөгүл
0
TolonturCN
2011-08-28 10:07:23
пресстеп даярдоочу жайда товар да өтө аз көрүнөт, жана келип пресстөөчү жабдуу кайсыл замандыкы болду экен
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан