Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. ТЕД ТЁРНЕР

Урматтуу окурман, сиздерге атактуу америкалык Жин Ландрамдын “Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек” аттуу китебиндеги инноваторлор менен сандан-санга тааныштырабыз. Алар1950-жылдан бери дүйнөлүк рыноктун өзгөрүүсүнө эбегейсиз салым кошушкан. Бул каармандар "жаңы өндүрүштүн түрүн ойлоп табуу, дүйнөлүк рыноктун белгилүү бир багытында көлөмдүү орунду ээлөө, рынокто 5 жылдай үстөмдүк кылуу, жаңы нерсени же кызматты ойлоп табуу жана аны ишке ашыруу, өндүрүлгөн продукттун рыногу улуттук же эл аралык деңгээлде болушу керек" деген критерийлердин негизинде тандалган.

ТОБОКЕЛГЕ САЛЫП ИШТЕГЕН ТЕД ТЁРНЕР
Тобокелге салып иш алпаргандар эч нерседен коркушпайт. Айрыкча өзүнө белгисиз кырдаалдарда өзүн ишеничтүү сезишет. Мына ушундай адамдардын бири, азыркы телевидениенин жүзүн өзгөрткөн – Тед Тёрнер. Тед өзүнүн жеке жашоосунда да, бизнесте да “алып бар”, “ээрчи” же болбосо “жолдон чыгып кет” деген девиз менен жашап келет. Ал өз максатына жетүү үчүн каалаган тобокелдикти жеңүү мүмкүн экендигин жаш чагында эле көрсөткөн. 1979-жылкы регатада (кайык жарыш) 15 адамдан турган команда мүчөлөрүнүн баарын тобокелге салып, бирок жеңишке жетишкен. Өмүрүндө телевизор көрүүнү жаман көрсө да, ошол жаатта чоң ийгиликтерге жеткен. Бүгүнкү күндө 24 саат бою жаңылыктарды берген Си-Эн-Эн каналынын ушундай лидерлик деңгээлге чыгарына алгач Тедден башка эч ким ишенген эмес. Анын бул каналды ачуусунда бардык кабелдик телевидениелер жардам берген эмес. Ошол кезде анын бир канча кичинекей каналдары жана 100 миллион доллары болгон. Тед бардыгына көзүн жумуп, акчасын каналды ачууга жумшап, “XX кылымдын аягында мен баарыңардан ашам” деген. Көптөгөн сынчылар “болбогон иш, кайран эмгек текке кетет” дешкен. Себеби ошол кездеги Си-Эн-Эн жанындагы жаңылыктар боюнча дөө-шаа компанияларга караандачу эмес. Бирок Тед айткандай эле, 15-жылдан кийин ал ЖМКлар арасында талашсыз лидерге айланып, 1991-жылы атактуу “Таймс” басылмасынын тандоосу боюнча Тед Тёрнер “Жылдын адамы” болуп табылган.

ГОЛЛИВУДДУН ЖАҢЫ РОБИН ГУДУ
1975-жылы Эр-Си-Эй тарабынан жасалган “Стетком-1” спутниги Теддин алдыңкы 15 жылдагы өнүгүүсүнө түрткү болгон. Анткени анын мүмкүнчүлүктөрүн Тёрнер абдан мыкты түшүнгөн. Ошентип, кабелдик телевидениенин кардарларын өзүнө тарта баштаган. Тед келечекти даана көрө билгендиктен, бардык нерсеге жаңыча көз караш менен караган. Өзүнүн суперстанциясын курууда ал алгач айыл аймактарынан баштаган. Голливуд аны Робин Гуд деп атап койгон. Себеби ал башка компаниялардын көптөгөн кардарларын уурдап, аларга акысыз тасма көрсөтө баштаган. Тёрнер стандартка ылайык келбеген бардык кадамдарды жасаган. Атаандаштары канчалык каршы чыкканына карабастан, көптөгөн досторду тапкан.

БУУга 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ЖАРДАМ БЕРГЕН
Тёрнер бала чагында абдан тентек болгон. Атасы уулун бардар жашоого көндүргүсү келген эмес. Себеби андайга көнгөн бала кийин жашоодо жакшы оокат кылып кете албайт деп ойлочу. Ал тарбиянын натыйжасы бат эле көрүнгөн. Тед 24 жашында атасынан калган жарнактык агенттикти банкроттон эптеп сактап калып, чоң бизнестеги жолун баштайт. 1976-жылы алгачкы “Тёрнер Бродкастинг Систем” ("Ти-Би-Эс") фирмасын негиздеп, 1980-жылдын 1-июнунда 24 саат бою жаңылыктарды берген Си-Эн-Эн каналын ачат. Алгач киреше эмес, жалаң чыгаша алып келген канал 10 жылдын ичинде дүйнөлүк масштабга чыгат. Бул каналдын журналисттери дүйнөнүн бардык бурчтарындагы окуяларды чагылдырууга жетише башташат. Учурунда Си-Эн-Эндин Персия булуңунда болуп жаткан согуш боюнча маалыматтарына Жорж Буш, Михаил Горбачёв жана Саддам Хусейн жергиликтүү берүүлөргө караганда көбүрөөк ишенишкен. Бул Тед Тёрнерди телевизиондук аренада бийик деңгээлге көтөргөн. Дүйнөдөгү бай адамдардын катарындагы Тед көптөгөн кайрымдуулук иштерин уюштуруп турат. Мисалы, БУУга жардам катары 1 миллиард доллар жардам берген. Андан сырткары 2001-жылы “Эй-Оу-Эл Тайм Уорнердин” ага тиешелүү акциясынын бир бөлүгүн сатып, 50 миллион долларды кайрымдуулукка жумшаган. Учурда дүйнөдөгү эң бай адамдардын алдыңкы катарында.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан