«СУЛУУ КЫЗДАРГА 100 ПАЙЫЗ СКИДКА»

Машина жуугучтардын ырым-жырымда­рынан
Жумуш эртең менен кызыл өңдөгү машинаны жуу менен башталса, капчык бул күнү калың болот.
Чүпүрөгүн жоготуп алган машина жуугучтан береке качат.
Машина жуучу жайды кожоюн өзү таң атпай аластап турат.
Биринчи кардардан алган акчадан «уютку» деп 5 сом болсо да катып коюшат.
Машина жуугучтарга кыскача мүнөздөмө
Жашы: 12 жаштан 50 жашка чейин.
Мүнөздөрү: Шайдоот, тама­ша­көй келишет.
Колдонгон буюмдары: Чүпүрөк, чаң соргуч, машина жууган шампунь, суу чачуучу автомат.
Кийген кийимдери: Резина өтүк, суу өтпөгөн шуудурак куртка, шым.
Колдонгон косметикалары: Каздын майы.
Алар үчүн эң керектүү нерсе: Кадимки эле суу.

Жумуш чүпүрөктү булгалап кардар чакыруудан башталат
Жогоруда айтылган жайлардын чордонуна айланган борбор калаабыздын Фрунзе, Исанов көчөлөрүндөгү машина жуугуч жайлардын бирине баш бактык. Абай салып карап отуруп, четте жаңы эле кардарын жөнөтүп, колу бошой түшкөн жигитти кепке тарттык. Аты Руслан экен.
– Руслан, канчадан бери темир аргымактарды жууп-чайып жүрөсүң?
– Бир жылдан бери ушул жерде эмгектенип келе жатам.
– Стажың жакшы эле турбайбы. Сыр болбосо айтчы, тап­каның жакшы элеби?
– Азырынча бойдокмун. Андыктан, бала-чака багат элем деп кыйынчылык тарта элекмин. Бирок, тапканым өзүмдү, ата-энемди, орточо камсыз кылганга жетет.
– Ошондо бир күндө канча та­басың?
– Биз жууган машиналарыбызга жараша алабыз. Канчалык машина көп келсе, ошончолук капчык калыңыраак болот.
– Бир күндө канча машина жууп, чөнтөккө канча акча саласың?
– Кээде жүзгө жакын машина келет. Бирок, бул жерде мен гана иштебейм. Жок дегенде бештей адам иштейбиз. Эң жакшы тапканыбызда ар бирибиз 1000 сомго чейин табабыз.
– Машина келип токтоду дейли. Жумушту алгач эмнеден баштай­сы­ңар?
– Биздин жумуш машинаны колубуздагы чүпүрөгүбүздү булгалап кардар чакыруудан башталат. Машина келип токтогондо эң биринчи шарт – кардар машинаны бизге бир сыйра көргөзүп өткөзүп берүүсү керек. Анткени, жууп тапшырган соң айрымдар “машинамда мынча акча бар болчу” деп чыгышы мүмкүн. Бизде жууп-тазалоонун эки түрү бар. Мисалы, толугу менен жууп-тазалоо. Ага салондун ичин да тазалоо кирет. Ал эми экинчиси – машинанын сыртын эле жуу. Машинага атайын автомат менен суу чачабыз. Бул машинага жабышкан кумдарды, таштарды жууп түшүрөт. Эгерде кум-ташы менен эле жууп баштасак, машина чийилип калышы мүмкүн. Жакшылап суу чачкан соң шампундап жууганга өтөбүз. Мисалы, бир чака сууга эки-үч аш кашык атайын машина жуучу шампунь кошуп, чүпүрөк менен жууп чыгабыз. Андан соң дагы бир сыйра чайкайбыз да, чүпүрөк менен кургатып аарчыйбыз. Ал эми салондун ичин жууганда биринчи кадимки эле чаң соргуч менен сордуруп алып, анан шампунь кошулган суу менен отургучтарынан башка жерлери жуулат. Ал эми отургучтар атайын химиялык тазалоого берилет. Бирок, ал нерсе бизде жок. “Крутой” машина жуучу салондордо эле бар. Мындай кызматтын орточо баасы 2 миң сомго чейин жетет.
– Силердеги кызмат акылар кандай?
– Машинанын сыртын эле жуудурса 80 сом, ал эми ичи-тышын жууганга 120 сом алабыз.
– Бул тапканыңардын канча пайызын кожоюнуңарга бере­си­ңер?
– Теңме-тең.
– Ал эми кожою­ну­ңар ким менен бө­лүшөт?
– Муну эми кожоюн өзү билет да. Анын иштеринин бизге тиешеси жок. Эң башкысы, кардар көп келип турса, биз өз үлүшүбүздү алып турсак болгону. Эми дагы суроолоруң болсо бул достон сура, мен кардар тосоюн, - деп жанатан бери биздин маегибизге көз кырын салып турган баланы чакырып койду да, өзү көчөнү көздөй басты. Эми маегибизди Таласбек аттуу бала менен уламакчы болдук.
“Бизге белгилүү инсандар көп келишет”
– Таласбек, ысык-суукка карабай күнү кечке муздак сууга колуңарды салып, бутуңарга дайыма резина өтүк кийип жүрүп ден соолугуңарга зыян келтирип алуудан корк­пой­суңарбы?
– Жумуштун жеңили болбойт да. Кар болобу, бороон-чапкын болобу, эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин суудан колубуз чыкпай иштейбиз. Албетте, оорубайбыз деп айта албайм. Суук өтүп кетип көп ооруйбуз, айрыкча кышында. Ошондуктан, күчтүү-күчтүү тамактарды жегенге аракет кылабыз. Кээде каздын майын колдорубузга, буттарыбызга сыйпап коёбуз. Бул суук өткөрбөйт.
– “Чала жууп кой­дуң” деп кардар нааразы болгон учурлар болбой койбосо керек...
– Болбой анан, мына жакында эле ушундай бирөө менен тартыша кеттим. Акыры: “Акчаңыздын да кереги жок. Башка жакка жуудуруңуз!” - дедим.
– Машина жуучу каражаттар менен силерди ким камсыз кылат?
– Биз өзүбүз сатып алабыз. Мисалы, бул чүпүрөктү Кореядан заказ менен алдырганбыз. Бир метри 300 сом. Бул замша. 3 ай колдонууга кенен жетет. Мурда кадимки эле пахта чүпүрөк менен жуучубуз. Ал эми шампунду көп коротобуз. Күнүнө орто эсеп менен жарым литрдей сарпталат.
– Кардар күтүп, бош болуп калганда эмне менен алек болосуңар?
– Ары-бери өткөн кыздарга тийишебиз.
– Кыздар демекчи, кар­дар­лары­ңарга тийишкен учур­ла­рыңар болобу?
– Ыгы келсе тийишип деле коёбуз. Кээ бир кыздар өздөрү деле тийишип коюшат, “жууша калайынбы” дешип. Анан да бизге белгилүү адамдар көп келишет. Мисалы, Бактыгүл Бадыева, Бакыт Мамаев, Урмат Усенов такай келип турушат. Ошондой эле депутаттар да машиналарын жуудуруп кетишет. Аларды көп тааный бербейбиз. Ии, баса, Бактыгүл Бадыева дайыма машинасынан чыкпай отуруп алат.
– Жогорудагыдай кардар­ла­ры­ңар жакшы төлөп кетиш­се керек...
– Кээде акчасынын кайтарымын албай койгону болбосо, баары айтылган сумманы эле төлөшөт.
Таласбек кебин бүткүчө апакай Мерс келип токтоп калганынан аны менен коштошуп, жолубузду уладык. Көчө бойлой бассак, жол жээги жалаң эле автожуучу жайлар экен. Алардын бирине кирдик.
машинанын көлөмүнө жараша акчасы
Бул жерде автомат менен суу чачпай, чакалап чачып жуушат экен. Боки деп өзүн тааныштырган шыпылдаган кара тору баланымаекке тарттык.
– Сиздерде суу чачуучу автомат жокпу?
– Автоматтан таза кылып кол менен эле жууп беребиз.
– Кол менен жууганда канча аласы­ңар?
– Арзан эле, 100 сом болот.
– Бардык үлгүдөгү машиналарга бирдей эле баа аласы­ңар­бы?
– Жок, көлөмүнө карайбыз. Жипти толугу менен жууганга 250 сом алабыз. Айрым учурларда тил табышып кетсек, арзандатып жууп берип коёбуз. Сулуу кыздарга 100 пайыз скидка деле кылабыз.
– Көчө бойлой жа­лаң эле автожуу­гуч­тар экен. Атаан­даштардан кардар­ларды кантип тар­тасыңар?
– Көчөдө кардар чакырганда чүпүрөктү жакшы булгалап, машинаны жалтырата жуусаң эле дайыма сага келе турган болот.
Ошентип, эрте­ден-кечке ным жерде иштеп, ден соолуктарын тобокелге салып, бирок, кардарын дайыма тосуп алган машина жуугучтар да биздин коомдо чоң роль ойношоруна күбө болдук.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан