ДАРГА АСЫЛУУ КЕЗЕГИ ХОСНИ МУБАРАКТАБЫ?

83 жашка келип калган экс-президент Хосни Мубаракты 15-август күнү болуп өткөн соттук отурумга ташыгычка салып көтөрүп келишти. Египет эли мурунку мамлекет башчысына "өлүм жазасы берилсин" деген талап коюуда.

АТА-БАЛА СОТ АЛДЫНДА
2011-жылдын январь айында башталган элдик төңкөрүш 18 күнгө созулган. Каир шаарынын Тахрих аянтында куралдуу күчтөр менен оппозициянын кагылышуусунан 850 адам каза таап, алты миңден ашууну жаракат алган.
Ошондо элге каршы ок чыгаргандыгы үчүн экс-президент Хосни Мубарак айыпталууда. Эгерде сот процессинде анын күнөөсү далилденсе, Мубаракка дарга асуу жазасы берилет. Мурунку мамлекет башчы менен кошо анын уулдары Аля жана Гамалга паракорчулук боюнча айып тагылууда. Ата-балдардан тышкары мурдагы Ички иштер министри менен алты генерал да сот залынын күнөөлүүлөр отургучтарын ээлешкен.
Сот процессинде ооруп жаткан алсыз атасын Аля менен Гамаль оператор-фотокабарчылардан калкалап, камера жана сүрөткө тартуудан тосуп турушту. Хосни Мубарак төңкөрүштөн кийин катуу ооруп калып, бейтапканага жаткырылган болчу. Ага "жүрөк, кан басым жана онкологиялык оорулар менен жабыркайт" деген диагноз коюлганына карабастан, ал сот процесстерине катышып жатат. "Экс-президенттин иши көпкө созулат" дешүүдө.

ТОКМОКТО ОКУГАН
Мухаммед Хосни Сейид Мубарак 1928-жылы 4-майда Кафр эль-Мусыльха кыштагында жарык дүйнөгө келген.
Мубарак мектепти бүтөрү менен аскердик колледжге тапшырган. Андан соң бомбалоочулар бөлүгүнүн командири болуп, 1959-жылы Кыргызстандын Токмок шаарындагы учкучтардын аскердик окуу жайында окуп, тажрыйба алып кеткен. 1962-жылкы Йемендеги жарандык согушта эрдик көрсөткөндүгү үчүн Египеттин куралдуу күчтөрүнүн генерал-лейтенанты болуп дайындалган. Бул убакыттын аралыгында өлкө Израиль менен согушуп, капыстан чабуул жасоо тактикасы менен ийгиликке жетише алган. Мубарактын ишмердиги карапайым калк тарабынан жылуу кабыл алынып, аны Эл Баатыры деп эсептешкен. 1981-жылы Египеттин президенти Анвар Саадаттын кеңешчиси болуп жүргөндө Саадат кол салуунун натыйжасында өлөт. Кийин референдумдун жыйынтыгы боюнча Хосни Мубарак президент болуп шайланган. Ал 30 жылдай бийликти жетектеп, бул жылдар аралыгында аны 6 жолу өлтүрүү аракети жасалган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
nurbek_posol
2011-08-23 02:53:14
Токмокто окуганы кызыктуу экен
0
Debi
2011-08-24 10:09:35
Ливияны, египетти укканда, Кудайга шугур деп калам. Аянычтуу.
0
baibolot71
2011-08-24 12:08:43
Бул Мубарак брат го мейли,Кадаффи акама жаман болду да.
0
Шаиста Шатманова
2011-08-24 20:37:59
Мубарак комада жатып, эми озуно келди. Ошого карабай сотко суйроп катыштырып, эл алдында жоопко тарткан жатышат. Биздин кылмышы коп чондор кокусунан абакка тушуп калса бир жумада "целый букет оору" менен чыгып кетишет. Жоопко дегеле тартылбайт.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан