ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

Грузияда болгон реформаларды эң кеңири жана таамай чагылдырган китеп жарык көрдү. Аны Лариса Буракова аттуу экономист жазып чыгып, аталышын “Эмне үчүн Грузия жасай алды?” (“Почему у Грузии получилось?”) деп коюптур. Ал изилдөөнү жүргүзгөндө Грузиядагы оппозиция, реформаларды турмушка ашыргандар, таксисттер, карапайым адамдар менен маектешип, алардын ой-пикирлерин чогултуптур. Окуп чыккан адамда ар кыл ойлор пайда болуп, келечекке болгон үмүт өсүп, чукул суроолор ой-чабытта чубай баштаары анык.

Чындыгында, Грузия өлкөсүнө биз жакында эле Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун ишкерлери менен барып келгенбиз. Документалдык кино да тартканбыз. Реформаларын изилдеп, бизнести жасоо шарттарына көз чаптырганбыз. Бирок ал иш-аракеттер жетишсиз эле, себеби реформаларды жасоо боюнча ар бир кадамды эсептеп чыгуу кыйынчылыкка турган. Мына эми ал реформаларды кеңири чагылдырган китеп колубузда. Ал китептен улам жаралган идеяларды койнубузга катып жүрө бербей, сиздер менен сөзсүз бөлүшөлү дедик.
Бүгүнкү күндө Грузияда үй же квартираны сатууну расмий түрдө каттоо, жаңы сатып алынган автоунаага номер алуу, фирманы каттоо жана башка документтердин бардыгын жасаш үчүн эң көп дегенде жарым саат гана убакыт кетет экен. Биздикиндей болуп, көптөгөн аныктамаларды жана ар кандай маалыматтарды чогултуш үчүн чуркоонун эч кажети жок.
Грузиядагы полиция абдан жогорку деңгээлде иштейт. Жарандардын көпчүлүгү автоунааларын бекитпей эле, эч кам санабастан көчөлөргө калтырып коё алышат. Жол полициясы болсо (алар МАИни паракорчулук күчөп кеткенинен жоюп салышкан) такыр пара албайт. Шаарларда көптөгөн спорттук аянтчалар курулуп, жакшы маанайда иштетилип келет. Шаарлар арасында европалык деңгээлдеги жолдор курула баштады.
Мындай нерсе азыр бардык эле Европа өлкөлөрүндө болуп жатпайбы”,- дегендер чыгышы мүмкүн.
Бирок Грузия кечээ эле Кыргызстандан кыйла артта болчу. 2003-жылы болгон ыңкылаптан кийин алар бир топ иштерге көңүл буруп, атаандаштарга моюн бербей келишти. Куру кеп болбосун үчүн бул өлкөнүн тарыхына кайрылалы.
1991-жылы Грузияда референдум өткөрүлүп, анда 98,9 пайыз жарандар эгемендик үчүн добуштарын беришкен. Эң биринчи президент бир жыл гана башкарууга үлгүрдү. Аны Эдуард Шеварднадзе тактан кулатып, 2003-жылга дейре президент катары Грузияны башкарды. Статистикалык маалыматтарга көнүл бурсак, Шеварднадзенин 11 жылдык башкаруу мөөнөтүндө өлкөнүн экономикалык абалы көтөрүлбөстөн, кризиске дуушар болду. Өлкө толук бойдон коррупцияга малынып, криминалдык авторитеттердин торунда калды. Ар бир чакырымда МАИ кызматкерлери автоунааларды токтотуп, себеби бар-жогуна карабастан акча алып турушту. Өлкө боюнча электр энергия терең кризиске батты. Тбилисиде гана жарык көбүрөөк берилип, көпчүлүк облустарда свет суткасына 1-2 сааттан гана күйүп турду. Айтор, элдин кыжыры кайнап, чыдамы чегине жетти. Акыры, Михаил Саакашвилини президенттикке өткөзбөй койгондугу үчүн эл Шеварднадзеге кыжырланып, 2003-жылдын 2-ноябрында ага каршы чыгышты да, тынчтык жолу менен аны бийликтен алып түшүштү.
2004-жылдын 4-январында президенттик шайлоонун биринчи турунда 96 колдоо менен Михаил Саакашвили жеңип чыкты. Өлкө жарандары “Жаңы Грузия төрөлдү!” деген ураанга ишеништи. Эми реформалар жана өзгөрүүлөр өлкөнүн бүткүл аймактарында турмушка ашырыла баштады. Саакашвилинин жакшы бир жагы – анын эффективдүү топту түзө билүү жөндөмүндө. Анын реформачыл тобун көбүнчө 27-35 жаш курактагы профессионалдар түздү. Элестетсеңер, министр – 27 жашта!
– Бизге чейин Грузияны криминалдык топтор башкарчу, мыйзам чыгаруучулар калктын акчаларын бюджеттен уурдачу,- деп кеп бөлүшөт Михаил Саакашвили. Анын айтымында, алар жасаган ыңкылап менен бирге экономикалык-саясий ыңкылап да башталды. “Биз мамлекеттин экономикага болгон көзөмөлүн азайтып, анын ордуна либералдык (эркин базар) экономиканы түзөбүз деп элге жарыяладык”.
Бийлик орноду. Максаттар аныкталды. Жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүү – негизги талап болду. Талаптар аткарыла баштады. Аны билүү абдан оңой. Грузияга 2003-жылга чейин барып келген адамдар анын азыркы өзгөрүүлөрүн көргөндө ооздору ачылууда. Ар бир үйдө күндүз да, түнкүсүн да жарык пайда болду, заманбап жолдор, жаңы шаарлар курулду. Мамлекеттик кызматкерлер жана калк арасында мамилелер жөнөкөйлөндү. 5 жылдын ичинде 70тен ашуун реформалар ишке ашырылды. Алардын дээрлик бардыгы ийгиликке жетти.
Саакашвили өзүн жана өз тобун “биз” деп мүнөздөйт. Анын айтымында, “биз” бул – жаш өзгөртүүчүлөрдүн, реформаторлордун тобу. “Биз” бул – Грузиянын саясий чөйрөсүнө келген жаңы кишилер. Бул топту көбүнчө батышта билим алган жаш адистер түзүп, саясатка жаңы элитаны алып келди.

(Уландысы келерки сандарда)

Мирсулжан Намазалиев,
Эмил Үмөталиев,
Есен Жуманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
MaksKG
2011-08-22 19:44:44
О АЛЛАХЫМ Кыргызстаныбызга озун жардам бер. ОМИИН.
0
ularalai
2011-08-23 12:51:02
Грузиндердин Мишкосундай президентти бизге да жеткире кор деп бата тилейли-оо туптуу кыргызым.
0
Joldosh123
2011-08-23 15:07:58
ularalai, тууру айтасын кошулам созуно.
0
alisher88
2011-08-23 15:46:16
кудай буйруса Кыргызстаным андан да жакшы онугот деп умут этели!
0
MEDEROLLA
2011-08-25 18:30:40
Кыргызымдын Саакашвилиси-Кылычбек Султанов. Себеби байкебиздин кылган иштерин элдер, айрыкча жаштар аябай баалайт.
0
monchok
2011-08-28 04:15:38
Буларга Америка жардам корсоткон
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан