Мэл Гибсондун экс-жубайы Оксана Григорьева актёрду кайрадан сотко берип жатат. Мындан эки жыл мурун Гибсон аялынын мурунку турмушундагы баласы Александрды моралдык жактан кемсинткени үчүн 500 миң доллар талап кылды. Маалымат каражаттарында “окуя мындан эки жыл мурун болсо, Оксана эми эстедиби же ач көз сапатынын алдында алсыздыгын көрсөтүп жатабы?” деген сөздөр айтылууда.