Актриса Жессика Альба менен жолдошу Кэш Уоррен 13-август күнү кыздуу болушту. Эки атактуу наристесинин атын Хэйвен Гарнер Уоррен коюшкан. Айта кетсек, Жессиканын 3 жаштагы кызы бар. Экинчи наристесин жарыкка алып келүүгө күйөөсү экөө катуу даярданып, атайын балдар бөлмөсүн да жасалгалап коюшуптур.