КОНЦЕРТ БЕРЕМ ДЕСЕҢ 40 МИҢ СОМУҢДУ ДАЯРДА!

Маданий очоктордун бир күндүк ижара баасы

Аталышы

Опера-балет театры
Спорт Ордосу

Филармония

Цирк

Кыргыз драма театры

Оруну

850

2200

1100

1856

800

Ижара акысы(миң сом менен)50

35-40

30-40

25

12-15

Спорт ордосу тууралуу маалыматтар
Спорт Ордосу 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата ачылган. Андыктан, 2008-жылдын 4-ноябрында 34 жыл толот. Мурдагы атылышы В.И.Ленин атындагы Спорт Сарайы эле.
Жалпы аянты 3,5 гектар жерди ээлейт.
Кожомкул Каба уулунун эстелигин Кожомкул атындагы фонд каражат чогултуп тургузган.
Спорт Ордосунун директору Болот Сулайманов грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери.
Спорт Ордосу архитектуралык эстелик болуп эсептелет жана мамлекет тарабынан коргоо күбөлүгүнө ээ.
Отургучтарды толук жаңыртууга 237 миң доллар кетет.
Имараттын ичинде жалпы узундугу 40 чакырымга жеткен жылытуучу түтүк бар.
Штаттагы кызматкерлердин саны 70.
Жылына орточо эсеп менен 200-250 концерт өтөт.
Сахнага тагылуучу 2 чоң көшөгөнүн бири Казакстандан, экинчиси Орусиядан заказ менен тигилип келген. Бул бизде андай чоң, сапаттуу көшөгө тигүү цехинин жогунан болгон.
Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун директору Болот Сулайманов:
“Элдин маданиятынын деңгээли төмөн болсо кантели?”
– Болот мырза, сиздерде ижара акысы 40 миң сом экен. Бул өтө эле көп эмеспи?
– Негизи, ижара акысы 15 миң сом. Ага жарык менен аппаратуранын акысын кошуп, 35-40 миң сомго келишим түзөбүз.
– Канча саатка?
– Антрактты кошпогондо 2 саат. Эгер кандайдыр бир себептер менен келишимдеги убактан ашырып жиберишсе, анда ар бир саатына 7500 сом кошумча төлөшөт.
– Бирок, бул жерде өтө турган концерттер жок дегенде жарым саатка кеч башталары элдин баарына маалым эмеспи...
– Келишимде канчада башталат деп турган болсо, андан кечиктирбей эле башташат. Эгер кечиктирсе, өздөрүнүн эле чөнтөгүнө зыян. А келишимде көрсөтүлгөн убакыт менен афишадагы убакыт бири-бирине төп келбейт.
– Ижарадан түшкөн акчаны кайда жум­шай­сыңар?
– Биздин мекеме мамлекеттик болгону менен, андан бир тыйын албай өзүн-өзү каржылайт. Анын үстүнө, бизде оңдоо иштери тынбай жүрүп турат. Мисалы, азыр машыгуучу залдын кийим чечүүчү жайын 260 миң сомго, залын 700 миң сомго оңдотуп жатабыз. Андан тышкары, баскетбол щитин жол киреси менен кошкондо 26,5 миң долларга, эки тараптын упайын көргөзүп туруучу санариптик таблону 10 миң долларга заказ бердик. Ушул иштерди аяктап алсак, анан спорттук мелдештерди уялбай өткөрө берсек болот.
– Ал эми концерт коюлуучу залга оңдоо иштерин жүргүзүү планда барбы?
– Негизи, бул жер жалаң спорттук мелдештерди өткөрүүчү жай. Ошентсе да, универсалдуу концерттик залды оңдоого пландар абдан көп. Мисалы, жакында сахнанын арт жагына 400 орундук заманбап отургучтарды жасаттык. Ал эми залдагы отургучтарды алмаштырууга мамлекет жардам бербесе, өзүбүздүн алыбыз келбейт. Себеби, ага 237 миң доллар кетет экен.
– Эми тартип маселесине өтсөк. Концерт учурунда адамдардын ары-бери басканы элди эс алдырбай эле, кайра алагды кылат. Ушуну бир тартипке келтирсе болобу?
– Тартип бузгандар менен биздеги коопсуздук кызматтын балдары мушташканга чейин барышат. Бирок, элдин маданиятынын деңгээли төмөн болсо кантели? Мисалы, концерт учурунда бири телефонун көтөрүп чуркаса, экинчиси суусундукка чуркайт. Ар биринин өзүнчө шылтоосу бар. Биз деле тартипти жолго койгонго аракет кылып жатабыз.
Улуттук филармониянын директору Керим Турапов: “Жандуу үн менен ырдагандарга эшик ачык”
­– Керим мырза, былтыр филармония­да оңдоо иштери жүр­гөндөн кийин концерт бергендерге талаптар катуу коюла баштаптыр. Бул тууралуу айта кет­сеңиз...
– Туура, филармонияда концерт коюуну каалагандар биздин талаптарга жооп бериши керек. Биринчиден, концерт сапаттуу уюштурулуп, фонограммасыз өтүшү зарыл. Ырчыда талант болсо, биздеги аппаратуранын абалы талапка жооп берерлик. Концерттин 95 пайызы жандуу үн болуп, калган 5и фонограмма болсо, кечиримдүү. Ушул айтылгандарга жооп бере алам дегендер үчүн эшик ачык.
Концерт коём дегендерге 2 саат үчүн ижарага 30 миң сом төлөйсүң дейбиз. Андан ашса кошумча төлөшөт.
– Бул талапка жооп бере алгандар бизде көп элеби?
– Өкүнүчтүүсү, биздин эстрадабызда дээрлик жок. Ошого карабай азыркы жаш эстрада ырчыларынын арасында филармонияда концерт берүүнү каалагандар өтө көп. Алардын бири чиновник таанышын ортого салса, бири менин жакын досторум аркылуу суранышат. Бирок, мен макулдугумду бербейм. Анткени, филармониянын «улуттук» деген статусу сакталууга тийиш.
– Бардык жагынан жогорку деңгээлде өткөн концерттен мисал келтирсеңиз...
– Гүлнур Сатылганова концертинде жалаң жандуу үнү менен 3 оркестрдин коштоосунда ырдады. Концерти эң жакшы өтүп, элдин ыраазычылыгына арзыды. Мына ушундай чыныгы концерттерди өткөрүүгө эмне үчүн болбосун?!

Даярдаган Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан