Корея толкуну сериалдар менен эле чектелбей, азыркы тапта бизде түштүк кореялыктардын музыкасы, тамак-ашы, кийим-кечеси, аксессуарлары, керек болсо чач жасалгасынан бери мода болуп жаткан кези. Анын ичинен бүгүнкү музыкалык чарттардын лидери жана «Big Bang» тобунун рэпери, актёр Т.О.П. менен тааныштырабыз.
Т.О.П. – Ырчы, актёр жана модель.
1987-жылы 4-ноябрда төрөлгөн.
Бою – 181 сантиметр.
Салмагы – 65 килограмм.
Хоббиси – Китеп окуу жана сууда сүзүү.
Сеулдагы Искусство академиясын аяктап, 2008-жылдан бери Дангук театр жана кинематография университетинде билим алып келет.
Ата-энеси жана эжеси бар.
Тартылган тасма-сериалдары – «Мен Сэм» (2007), «Айрис» (2007), «Кишинин окуясы» (2008), «Менин 19 жашым» (2009), «Оттун ичин көздөй» (2010).
Сыйлыктары – 2011-жылы кино жана телеберүү тармагындагы эң престиждүү «Бэксан» фестивалында «Эң жаш актёр» жана «Эң популярдуу артист» деген наамдарга ээ болду.
ТОМПОЙГОН Т.О.П. КАСТИНГДЕН ӨТПӨЙ КАЛГАН
Т.О.П. – «Big Bang» тобуна келгенден кийин коюлган сахна ысымы. Өзүнүн аты Чхве Сын Хён. Анын шоу дүйнөсүнө аралашып калганы кызыктуу окуя менен коштолгон.
Чхве «YG Entertainment» компаниясы эркек балдардан түзүлө турган топко талапкер издеп жатканын угуп калат. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореянын эң мыкты рэперин биринчи уктурууда калыстар тобу «ашыкча салмактуу экен» деп жактырбай коюшкан. Чхве кастингден өтпөй калганына ыза болгондун ордуна спорт менен машыгып отуруу менен арыктап, алты айдан соң «YG Entertainment» компаниясы арыктаган жигитти кабыл алат. Бул компания тандап алган 4 жигиттен «Big Bang» деген топту түзөт. Чхве окуучулук кезинде эле Tempo деген лакап ат менен рэп окучу. Ал өзүнөн улуу достору менен чакан түнкү клубдардын программаларына катышып жүргөн.
АЗИЯНЫ «ЖАРГАН» «BIG BANG»
2006-жылы «Big Bang» тобунун «Биз экөөбүзгө таандыкпыз» («We belong together») деген ыры менен сахнадагы тушоосу кесилет. Бир апта айланбай бул ыр түрдүү музыкалык чарттарды башкарып, хит болууга жетишет. Андан ары 2007-жылы күйөрмандарына «Дайыма» («Always») альбомун сунушташса, 2008-жылы «Тур» («Stand up») альбомундагы «Күндөн-күнгө» («Day by day») деген сингли бир эле Түштүк Кореяда эмес, дүйнөлүк музыка чөйрөсүнүн хитине айланат. Ушул эле жылды «Эсте» («Remember») деген альбом менен аякташып, өлкөдө «Эң көп ырлары сатылган топ» деп табылат.
Топтун популярдуулугу арткан сайын анын продюсерлери ар бир ырчынын рейтингин карап чыгып, G-Dragon менен Т.О.П.ко сахнага өзүнчө чыгууга шарт түзүп беришет. Ошентип, 2007-жылы ал биринчи соло синглдерин чыгарууну баштаган. Анын соңку эң популярдуу ыры болуп «Жогору карай бур» («Turn it up») саналат.
«КЫЗДАРДЫН ЫЙЛАГАНЫНАН КОРКОМ»
Т.О.П. сүйүү темасына чанда гана токтолот. Бирок төмөндөгү маекте кыска-нуска айтып берүүгө макул болуптур.
– Азыр бирөөнү жакшы көрөсүзбү?
– Жок, мен үчүн учурда жумуш маанилүү. Ишке толугу менен берилип кетип, башка нерселерди унутуп койгон адамдардын катарына кирем.
– Идеалдуу махабатты кантип элестетесиз?
– Эгерде ал экөөбүз чогуу болбосок да, ортобузда ишеним сезими күчтүү болуп турган абал деп ойлойм.
– Кандай кыздар жагат?
– Мен анын эч нерсеге карабастан позитивдүү жүрүшүн жана мени менен бирге өсө ала турган адам болушун каалайм.
– Айымдардын көз жашы тууралуу эмне дей аласыз?
– Чын, аябай корком. Эмне кылышымды билбей алдастап калам.
– Кызга берген эң баалуу белегиңиз...
– Анын туулган күнүнө арнап ыр жазганмын. Бул ыр жарата алган адамдардын жетишкендиги. Ал аябай таасирленип, ыйлаган болчу.
– Сүйлөшкөн кызыңыз болсо, кай жерге барууну тандамаксыз?
– Эл көп болгон жерде кол кармашып сейилдегим келмек.
– Качан биринчи жолу сүйүүгө кабылгансыз?
– 19 жашымда. Ал менден улуу эле, кыз тууралуу башка эч нерсе айткым келбейт.
– Эгерде сүйүүңүздү кабыл албай койсо, эмне кыласыз?
– Достордон жашынып, баарын көзөмөлгө алуу үчүн өзүм баарын жакшылап таразалап чыкмакмын.
– Айымдардын эмнеси көбүрөөк жагат?
– Бийик така кийген буттар. Мен баарын унутуп, кечке ошону эле карап калам.
ЭҢ КЕЛБЕТТҮҮ, ЭР ЖҮРӨК...
T.O.П. – топтун эң сабатсыз аткаруучусу. Ал ырчы болуу үчүн эч качан сабак алган эмес. Андыктан башында ырлардын ичинде ага өзүнчө чакан партия берилип, ошону аткаруу менен чектелчү.
T.O.П. – топтун эң мыкты актёру. Ал көптөгөн тасма жана сериалдарда роль жараткан.
T.O.П. – топтун эң кыз жандуусу. Бир концерттин учурунда кореялыктар үчүн өөн учураса да, ал сахнада популярдуу ырчылардын бири Ли Хё Рини өпкөн.
T.O.П. – топтун эң сезимталы. Сахнадан тышкы жашоосунда өтө сентименталдуу, жалгыздыкта калганды жактырат.
T.O.П. – топтун эң эрктүүсү. Дебютунун алдында 40 күндүн ичинде 20 килограмм салмактан арылган.
T.O.П. – топтун эң үшүкчөөлү. Адамдар жатарда чечинип жатса, ал керебетке кулаарда тапкан кийимин каттап-каттап кийип, анан уйкуга чөмүлөт.
Эльвира Караева
koom@super.kg