АЖОЛУККА БАП, КАЛККА КАМКОР КИМ?

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгы. Бул – катардагы жөнөкөй маараке эмес. Кыргызстандын жаңы сапаттык деңгээлге чыгышынын, өнүгүүнүн экинчи этабына карай багыт алышы. Анткени жыйырма жылда дүйнө, регион, анын ичинде Кыргызстан да өзгөрдү.

Жаңы саясий системада Кыргызстанда жаңы муун саясатка келип, өнүгүүнүн экинчи этабы чындап старт алганы турат. Жергиликтүү кеңештерди жана президентти шайлоодон соң Кыргызстанда көп нерсе өзгөрөт. Мына ушундай тагдыр тандала турган өткөөл мезгилде ким президент болору абдан маанилүү. Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары аз делгени менен, Кыргызстандын саясий системасында таасирдүү саясатчы жана күчтүү фигура болуп кала берери анык. Президентте жетишерлик ыйгарым укуктар бар. Президенттин таасири кимдин ажолук тактыга келип отурганынан да көз каранды.
Президенттин болжолдуу эки түрүн белгилесек болот: Кыргызстандын булуң-бурчунда авторитетке, стратегиялык демилгеге ээ болгон адам жана бир регион же бир кланга таянып, тагдырдын тамашасы менен шайланып, эртеңки күндү көрө билбей, окуянын “куйругунда” жүргөн президент. Мына ушул эки түрдүү президенттин тагдыры да ар кандай болушу мүмкүн – парламентте колдоого ээ, конкреттүү фракциясы бар же фракциясы да жок, колдоого да ээ боло албаган “жетим” президент. Эгер ал фракция коалицияга кирген болсо, президенттин таасири да күчтүү болот. Бул кырдаалды да шайлоочулар эске алганы жок.
Сексенден ашуун талапкер президенттик шайлоодо ат салышууга ниетин билдирди. Бул шайлоо системасына болгон элдин ишенимин эч ким куугунтукка албашына калктын ынана тургандыгын айкындайт. Арасында аскери да, врачы да, мугалими, мамлекеттик чиновниги, бизнесмени да, артисти, дыйканы да бар. Экинчиден, административдик чек коюлбастыгынын далили. Ошондой эле ким, кандай адам президент боло алары туурасында, президентке таандык болчу сапаттардан, параметрлерден калкта түшүнүк жок экендиги, “башкалардан эмнем кем?” деген кыска ой баарында жашагандыгынын далили.
Кыргызстан эгемендик алгандан берки президенттик шайлоолордо рекордсмен талапкер – Турсунбай Бакир уулу. Бул киши 2009-жылкы шайлоодо гана катышпаганы болбосо, ар бир шайлоодо талапкерлердин катарында анын ысымы турат. Экинчи орунда Токтайым үмөталиева, Алмазбек Атамбаев, Акбаралы Айтикеев, Нурлан Мотуев, Кубанычбек Апас турат. Ал эми өмүрбек Текебаевди президенттикке түбөлүк талапкер дешкени менен, ал 2000-жылы гана ат салышып, анда 15 пайыз добушка ээ болуп (Алмазбек Атамбаев – 6-7 пайыз), чындап келгенде ошол кездеги президент Аскар Акаевди да жеңип чыкканы эл арасында айтылат.
Бүгүн, өткөөл кырдаалда Кыргызстанга кандай президент керек, кандай адам президент болууга тийиш?” деген суроолорго жооп издөө эң орчундуу маселе. Талапкерлер үчүн эмес, добуш бере турган, өлкөнүн эртеңине жоопкер жарандар үчүн маанилүү. Президент боло турган адам төмөнкүдөй сапаттарга сөзсүз ээ болушу абзел:
1. Мамлекеттик, коомдук түзүлүштү мыкты билип, бул тармакта тажрыйбасы бар;
2. Көрөгөч, акылман;
3. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга баа берип, дүйнөдөгү Кыргызстандын ордун так биле алган, Кыргызстандын бүгүнкү жана түбөлүк кызыкчылыктарын айкалыштыра чечим чыгара алган адам. Мындай касиет адамга акылмандык жана көп жылдык тажрыйба аркылуу гана келет.
4. Ачык идеологиялык-саясий багытка ээ;
5. Элдин гана эмес, парламентте да урмат-сый, колдоого ээ болгон;
6. Моралдык, идеологиялык артыкчылыгы бар;
Мурдагыга караганда президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Демек, азыркы президенттин күчү анын моралдык, идеологиялык артыкчылыгына негизделет.
7. Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия регионунда жана дүйнөлүк масштабда ысымы таанымал;
8. Артыкчылыгын достору гана эмес, душмандары, оппоненттери да тааныган адам. Анткени президент баары менен сүйлөшүп, баарына калыс болуп, жалпы Кыргызстанды бириктирген саясий күчкө айланышы керек. Тирешкен тараптар да анын адилеттүүлүгүнө, айткан сөзүнүн жүйөлүүлүгүнө муюгандай болушу зарыл.
Кыргызстандын шайлоочулары азыр эч кимге ишенбей турган чагы. Бийликке келсе эле баары “балык” болот, тили “соолуйт”, “сокурга” айланат. Бийликтен түшсө эле, көзү ачылып, тили булбулдай сайрап, Кыргызстандын кызыкчылыгы жөнүндө айта баштайт. “Биз эч кимисине ишенбей калдык” деген пикир күч алып барат. өзгөчө парламенттик системага өткөндөн бери баары аралашып, кимдин ким экенин эл да так ажырата албай жатат. Бирок бизнестегидей эле саясатта дагы адамдын, саясатчынын басып өткөн жолу негизги көрсөткүчүнө кирет. Акаев, Бакиевге ийилип кызмат кылбай, алар байлык, бийлик, мансап сунуш кылса азгырылбай, түз позициясынан тайбай, иши менен кеби дал келген авторитардык режим менен күрөшүп келаткандар Кыргызстанда жок эмес. Моралдык-идеологиялык артыкчылык дегенде ушул сапаттарды түшүнүү зарыл. Акаев менен Бакиевге тең кызмат кылган, бүгүнкү күнгө чейин алардын кадамдарын туура санаган адамдар президенттикке талапкерлердин тизмесинде жүрөт. Азыр жаңылсак, өлкөнү дагы алты жыл сыноого салабыз.
Президентке зарыл болгон талаптар ушулар. 83 талапкер болгону менен, ар бир шайлоочуга тапшырма жөнөкөй эле. Жогоруда саналган сапаттарга ээ адам ким? Урматтуу окурман, сиздин пикирде жогоруда тартылган портретке ким ылайык келет? Бул боюнча ой-пикирлериңизди politika@super.kg дареги боюнча күтөбүз.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
ulanik
2011-08-22 15:31:19
баарыбир айла жок да
0
aksy
2011-08-22 20:02:23
Tekebaevde jogorudagy atalgan sapattar bashkalarga karaganda kobyrook.Prezidenttik postko TEKEBAEV tatyktyy!!!Kelgile eli jurtum Tekebaevdi koldoilu.Allahym nasip kylsyn Tekebaevke prezidenttik orundu.Omiin
0
zikonostra
2011-08-23 01:34:48
bul nerselerge tatyktuusu jok bolup kaldy go anda! Madumarov boluwu yktymal! Jeke pikirim.
0
Debi
2011-08-23 20:35:14
Жакшы макала экен, ойлорду жыйнап берген. Айрыкча саналып кеткен сапаттар маанилуу экен. Озгочо моралдык идеалогиялык жагынан алынган. Бул талаптарга Атамбаев менен Текебаев экоо эле салыштырмалуу жооп бере алат деп ойлойм.
0
aibeka
2011-08-24 11:24:18
Мадумаров эле татыктуу президенттикке. Азыркы бийликтегилердин колунан эч жакшылык келбейт, баары оздорун гана ойлогон адамдар. Керек болсо бийликке келиш учун Кыргызстанды деле сатышат. И так эле былтыркы июнь окуясына Текебаев, Отунбаева, Атамбаевдер куноолу. Бийликке келиш учун Ошту да автономия кылып бергенге макул болушкан.Мен азыркы бийликте отургандардын бирине да ишенбейм.
0
Debi
2011-08-24 18:44:55
aibeka, бул жалган жалаа, макул болушса Ош автономия болот эле го (Кудай анын бетин ары кылсын). Тескерисинче учоо тен трайбалисттик ан сезимден бир топ эле бийик адамдар
0
Шаиста Шатманова
2011-08-24 20:34:09
aibeka, канчалаган адамдар сиз ондонуп кайсы бир саясатчыга абдан ишенишет, ал учун урушуп, кызыл чеке талашууга чейин барышат. Бирок ошол куйормандардын биринин да ишеними акталбай келе жатканы кейиштуу:(
0
Aybekk
2011-08-25 13:28:23
shasi, Эн туура, кошулам сиздин оюнузга!
0
SRT
2011-08-26 21:18:59
aibeka, KOWULAM
0
инженер
2011-08-26 09:29:55
Ташиев татыктуу президент!!!
0
tzk
2011-08-28 03:05:32
Мадумаров менен Ташиев татыктуу
0
Aybekk
2011-08-28 03:54:31
tzk, Экоо президент болсунбу анда?
0
tzk
2011-08-28 14:50:25
Aybekk.Экоо тен болот деп ойлойсунбу сен?мен айтып атам ошо эконун биросу татыктуу деп
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан