“Аял жакшы, эр жакшы” демекчи, ар бир эркектин ийгилигинде жубайынын салымы чоң. Андыктан мурдагы Тышкы иштер министри жана “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун ысык-суугуна чыдап, кыйынчылыктарын бирге тарткан аялы Айдай эжеге сөз сундук, «атактуунун аялы болуу ырахатпы же азаппы?» деген суроо менен.
– Айдай эже, кайсыл жердин кызы болосуз? Учурда эмне менен алексиз?
– Сары-Өзөн Чүйдүн кызы болом. Тагыраагы, Ысык-Ата районуна караштуу Алиаскар Токтоналиев айылында туулуп-өскөм. Учурда неберелерим менен алекмин. Андан тышкары “Аялдардын дипломатиялык клубуна” активдүү катышам. Бул клубда Кыргызстандагы болгон элчилердин аялдары мүчөлүктө турат. Негизинен, кайрымдуулук иштер менен алектенебиз.
– Аликбек мырза менен кантип таанышып, баш кошуп калдыңыздар эле?
– 1977-жылы курбу кызымдын туулган күнүнө барып, ал кечеде конокко келген балдардын катарында өмүрлүк жолдошум Аликбек да келген эле. Ошол жерден таанышып, кийинчерээк кыз-жигит болуп дегендей, айтор, биздин таанышуубуз ушундай өткөн.
– Бала-бакыраңыз тууралуу айтып берсеңиз?
– Улуу уулубуз Беккул үйлөнүп, турмуштан ордун тапкан. Кичинесинен эле көп тил билет. Азыр эл аралык долбоорлор менен иштейт. Беккулдан эки неберебиз бар. Аликбек экөөбүз неберелерибиздин улам бир кылыктарына жетине албай, чарчап турганда ушулар менен алек болуп, кадимкидей эс алабыз. Экинчи уулубуз Бекназар да былтыр үйлөнүп, ушул тапта Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде эмгектенүүдө. Сайкал кызыбыз болсо, жаңыдан турмуш жолуна аттанды. Көкүрөк күчүгүбүз Дариет окуучу.
– Жолдошуңуз үй жумуштарына каралашабы?
– Аликбектин үй жумуштарына дээрлик убактысы болбойт. Көбүнчө балдарым, келиндерим жана кыздарым кол кабыш кылышат.
– Үй-бүлөдө сөзсүз талаш-тартыш болбой койбойт. Мындай учурларда абалдан кантип чыгасыздар?
– Жагдайга карата дебейминби (күлүп). Турмушта өйдө-төмөн нерселер боло берет эмеспи. Бизде олуттуу деле казан-аяк кагышып, урушкан эмеспиз. Үй-бүлө болгон соң анда-санда таарыныша кеткен учурлар болгон. Эркек деген эркек. Аял ийкемдүү болуш керек деп ойлойм. Эгерде менден кетсе, табиятымдан ак көңүл жаным бат жазылып, биринчи кадам жасайм.
– Үй очогун өчүрбөй кармап туруу үчүн эмне кыласыз?
– Албетте, атактуу, айрыкча саясатчылардын артынан ар түрдүү ушактар ээрчийт эмеспи. Ушак териштирүү менин деңгээлимдеги иш эмес. Үй-бүлөлүк сепилдин сакталышынын эң жөнөкөй сыры – сабырдуулук, анан терс ушак-айыңдарга көңүл бурбасаң эле турмуш өз нугунда уланат.
– Атактуунун аялы болуу ырахатпы же азаппы?
– Атактуунун аялы болгон оор деп да, ырахат деп да бир беткей айта албайм. Албетте, биринчиден жооптуу, экинчиден түйшүктүү. Жагымдуусу, кандай жерге барсак да, сый-урмат менен мамиле кылып турушат.
– 2009-жылы Аликбек мырза темир торго отуруп калган болчу. Мына ошондо кандай абалда болдуңуз? Сизге колдоо көрсөткөн адамдар чыктыбы?
– Аябай жаман болдум. Ал кездеги абалымды сөз менен жеткирип айтууга мүмкүн эмес эле. Оюма эмнелер гана келген жок?! Ошондогу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “керек болсо, Аликбек 20 жылга кесилип кетет” деп айтканда эмне кыларымды билбей калдым. Ошол окуялардан кийин катуу ооруга чалдыгып, азыркыга чейин ден соолугум калыбына келбей жүрөм. Сиздин сурооңуздан улам бир нерсе эсиме түшүп жатпайбы. Аликбек абакта отурганда жолугушууга барсам мени дайыма күлүп тосуп алар эле. Ошондо анын эркине аябай таң бергем. Кыргызда “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай жолдошум камакта жаткан убакта деле акыры акталарына көзүм жетчү. Ошондой кыйын кырдаалдарда колдоо көрсөтүп, мага жөлөк-таяк болгондордун катарында жолдошумдун жана өзүмдүн бир туугандарым, жакшы санаалаш курбуларым, туугандарыбыз болду.
Турдугүл Каримова
koom@super.kg