«ТИЛЕГИМ – 140 КИЛОГРАММ САЛМАКТЫ БАГЫНТУУ»

Айтбек кызы Жаңыл 1991-жылдын 1-январында Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында төрөлгөн.
Бою – 153 сантиметр, салмагы – 43 килограмм.
Оор атлетика боюнча спорт чебери. КРнын 4 жолку чемпиону (2005-2008), Казакстандын ачык чемпионатынын жеңүүчүсү (2007).
Борборубуздагы №2 мек- тептин 11-классынын окуучусу. Бишкекте жашайт.
– Жаңыл, оор атлетикага кантип аралашып калдың?
– Менин оор атлетика менен алектенишиме атам себепчи болгон. Үй-бүлөдө 6 кыз жана 1 уул бар. Атам өзү спорт чебери болгондуктан, “балдарым да менин жолумду жолдосун” деп, кыздарынын арасынан спортко шыгымды байкап, мени тандаган. Оор атлетика менен машыкканыма 4 жыл болду.
– Апаң каршы болсо керек...
– Албетте, башында каршы болгон. Мен жактырып машыгып жатканымды көрүп, азыр колдоп гана турат.
– Негизи эле оор нерсе көтөрүү ден соолукка зыян эмеспи. Ошол жагынан коркпойсуңбу?
– Үй-бүлөм көнүп калса да, досторум, классташтарым: “Оор атлетиканы эмне кыласың? Машыкпай эле койбойсуңбу?” - деп калышат. Менимче, кандай гана спорттун түрү болбосун, туура машыкпасаң, жаракатка кабыласың. Андыктан, ден соолукка зыян келтирбей машыгууга тырышам.
– Мектепте жылдыз болсоң керек...
– Жок. Менин оор атлетика менен машыкканымды жакын досторум гана билишет. Окуу жагынан 8-класска чейин жалаң “5” деген бааларга окучумун. Спорт менен алектенгенден тартып дене тарбиядан башка сабактарыма “4” аралашып кетти.
– Спорт чебери болгонуңа канча болду?
– Спорт чебердигин былтыр декабрда К.Осмоналиевдин байгеси үчүн болгон турнирде толтургам. Ошондо түртүп көтөрүүдө 60 жана жулкуп көтөрүүдө 50 килограмм штанганы көтөрүп, жалпысынан 110 килограмм салмакты багынткам. Бул чемпионатта да мындай натыйжаны кайталадым.
– Колдоо жагынан абал кандай?
– Чынын айтсам, ошол жагынан начар. Негизи, спорт чебери болгондон кийин өлкөнүн курама командасына алып, стипендия төлөп берүүлөрү керек. Азырынча мамлекет тарабынан эч кандай колдоо болбой жатат.
– Эгерде чет өлкөдөн сунуш түшсө, кетип каласыңбы?
– Мен канчалык патриот болсом да, спорт жагынан өсүп-өнүгүү болсун үчүн андай кадамга барышым мүмкүн.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– Буюрса, декабрда К.Осмоналиев­дин байгеси үчүн боло турган эл аралык турнир өтөт. Ага катышып, Эл аралык класстагы спорт чебери болууга аракет кылып жатам. Ал үчүн жалпысынан 140 килограмм салмакты багынтышым керек.

Бетти даярдаган Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 311, 17-24-октябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан