КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

МЭРДИН УУЛУНАН УЛАМ 3 АДАМ КАЗА БОЛДУ
15-августта түнкү саат 1:45те Бишкек-Торугарт автожолунда, Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Ысык-Көл тараптан жогорку ылдамдыкта келе жаткан Тойота Ленд Крузер автоунаасы каршы тилкеге чыгып кетип, Ауди автоунасы менен сүзүшкөн. Кагылышуунун кесепетинен Ауди автоунаасындагы 3 киши каза болгон. Ленд Крузер автоунаасын Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу, 1982-жылы туулган Азамат Исаев айдап келе жаткан экен. Ленд Крузердин ичиндегилер (А.Өмүркуловдон сырткары бир бала жана эки кыз) жеңил жаракат алышып, А.Исаев жана Ж.Кожобердиева Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

АҢГИЛЕР КАРМАЛЫШТЫ
Жалал-Абад ОИИБинин жана Ала-Бука РИИБинин кызматкерлери “зордуктоого шектүү” деп 38 жаштагы Б.Аны жана 39 жаштагы Ч.Жны кармашты. 11-августта кечки саат алтыда белгисиз эки адам 30 жаштагы аялды автоунаага күчтөп салып, Үч-Терек участогу тарапка алып барып зордукташкан. Бул факт боюнча Ала-Бука РИИБинин тергөө бөлүмү иликтөө жүргүзүп жатат.

АВТОМАТ МЕНЕН АҢЧЫЛЫККА...
Ош облустук милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз курал алып жүргөн адам кармалды. 11-августта саат ондо Чоң Алай районунун Дароот-Коргон айылында милиция кызматкерлери ушул эле райондун 29 жаштагы тургунунун Ауди автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичин кароодо отургучтун алдынан Калашников үлгүсүндөгү автомат 14 огу менен табылган. Текшере келгенде 2010-жылы болгон Июнь коогалаңында жоголгон автомат болуп чыккан. Кармалган адамдын айтуусуна караганда, ал автомат менен аңчылыкка бараткан экен.

ИНКАССАТОРДУ КАРАКТАГАНДАР КОЛГО ТҮШҮШТҮ
Бир нече күн мурун “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына таандык акча ташыган машинаны карактап, 10 миллион сомдон ашык акчаны алып кеткендер кармалышты. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери машинаны карактаган эки адамдын жашырынып жаткан жерин тапкандан кийин “кылмышты жасады” делгендер айласыздан өздөрү багынып беришкен.
Эске салсак, 10-августта “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү инкассатордук топ Аламүдүн райондук почтасына акча жеткирүүгө баратканда ошол эле машинанын эки күзөтчүсү тарабынан каракталган. Карактоо учурунда айдоочунун бутуна ок жаңылган эле.

ТОКМОКТОЛГОН ТУРИСТ КАЗА БОЛДУ
Ысык-Көлгө эс алууга келип, белгисиз балдардан токмок жеп ооруканада жаткан казак жараны Ерлан Балмахаев 14-августта саат алты жарымда Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө каза болду. 13-августта врачтар ага кайрадан операция жасап, операция учурунда Ерландын жүрөгү токтоп калган. Ал убакта жанында апасы жана эжеси болгон.
Эске салсак, Алматынын тургуну Ысык-Көлгө эс алууга келип, белгисиз балдардан токмок жеп, оор жараат алган эле. 14-августта түштөн кийин анын денесин жакындары мекенине алып кетишти. Ал эми аны сабап, тоноп кеткендердин өздүгү аныкталып, изделүүдө.

ЖАЙЫТТАР ӨРТТӨНДҮ
14-августта Чүй облусунда бир убакта эки жайытты өрт каптады. Күндүзгү саат ондор чамасында Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнө караштуу Жыламыш жайлоосунда өрт чыккан. Болжол менен 100 гектар кургак чөп күлгө айланды.
Ошол эле түнү Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылындагы тоодо да өрт чыгып, 300 гектардай аянттагы кургак чөп күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө куткаруу кызматынан 30 куткаруучу жана 10 жергиликтүү адам катышкан. Тилсиз жоо түнкү бирде толук өчүрүлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
elya2404
2011-08-24 19:54:29
Эми Азамат Исаев жоопко тартылабы, же акчанын кучу менен жым-жырт кылабы, ошол жонундо толук малымат берип койгула.
0
elya2404
2011-08-25 00:21:39
МЭРдин баласы эмес балекет болсо дагы, жол эрежесин бузган учун чара коруш керек. Жол эреже болунбойт, мэрдин баласына же тигинин баласына деп, баарына бир эле жол эрежеси бар! Раз рульга отурдунбу, давай озуно жооп бер!
0
baibolot71
2011-08-25 13:28:44
Эгерде МЕР дин баласы соттолбосо мериянын жанына барып пикет уюштуралы.Болбосо мен сезип тура жаап жашырып коерун.Закон баарына бирдей болуш керек.
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан