ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМ СЫРЫ АЧЫЛАБЫ?

Гезитибиздин №455-санында “уксус ичип каза болду” делинген Жамиля аттуу келиндин аянычтуу тагдыры, табышмактуу өлүмү тууралуу жазганбыз. Бул чуулгандуу ишке кайрадан кайрылабыз дегенбиз. Ошентип, Жамиляны акыркы жолу көргөн адамдар менен баарлашууну туура көрдүк.

“ҮМҮТҮБҮЗДҮ ҮЗҮП, УУЛУМДУ ҮЙЛӨНТҮП КОЙГОНБУЗ”
Эсиңиздерде болсо, каза болгон келин Жамиля Таластан мурунку күйөөсү Көктөм менен кетип, эки күндөн кийин анын сөөгүн туугандары өлүкканадан табышкан. Уксус ичип өлгөн келиндин денесиндеги жаракаттардан улам анын жакындарында "киши колдуу болду" деген ойлор болгон. Окуяны Жамилянын Таластан чыккандан кийинки мезгилинен баштап баян этмекчибиз.
Көктөмдүн апасы Гүлмира эженин айтуусунда, Көктөм менен Жамилянын ортосунда эч кандай деле чоң чыр болбой ажырашышкан. “Жамиля Москвадан келип, баласын алып кеткени келди. Келин үйдүн босогосун аттабай, алыста туруп алып баласын суратты. Ошондон улам “бизге көңүлү жок экен, эми сага да жашоо керек” деп уулумду үйлөнтүп койдук. Ошондон бир аз убакыт өткөндө Жамиля "балаң ооруп жатат" деп Көктөмдү чакыртыптыр.

Уулумдун айтуусунда, “сен балаңды ойлогон жоксуңбу? Эмнеге үйлөнөсүң? Эгерде мени менен жашабасаң, кан тамырымды кесем” деп Жамиля чаң салат. Чындыгында, уулум өтө жоош. “Эми бул өлүп калбасын” деген ой менен Жамилянын аркасынан ээрчип Бишкекке келиптир”,- дейт Гүлмира эже.

Жамиля каза болгон үйдүн ээси Сакы мырза төмөндөгүлөрдү айтты:
– Түн ичинде биздин үйгө келишти. Эртеси иним менен сүйлөштүм. “Жамиля чогуу жашайлы дейт” деди. Мен алардын маселесин жалгыз чече албайт элем. Ошондуктан “экөөңдүн тең энең, атаң бар. Акча таап берейин, эртең айылга барып, кеңешип чечкиле” дегем. Инимдин бир жаңылыштыгы – мага “ушинтип өлөм деп жатат” деп айтпаганы. Эртеси жумушка кеткем. Мындай кабарды келин ооруканага түшүп калгандан кийин билдим.

КҮБӨЛӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Жамиляны акыркы жолу аман көргөн адамдарды издеп, окуя болуп өткөн жерге жөнөдүк.
Жамиля уксус сатып алган сатуучу эже буларды баяндады:
– Окуя болгондон бери бир жыл өттү. Бирок негедир ал келинди эстеп калгам. Түш чендерде күркөгө кирип, менден уксус сураган. Мурун бул тегеректен көрбөгөндүктөн, “квартиранттар болуш керек” деп ойлоп койдум.

Мен “күчтүүсү керекпи же салаткабы?” десем, “күчтүүсүн бериңиз” деди. Ошентип, уксус сатып алып чыгып кеткен.

Кийин кайнагасы келип, “сенден бир келин уксус алып кеттиби?” деп сураганда дароо ошол келинди эстедим.
– Келинди азыр сүрөттөй аласызбы?
– Бою кичинекей, кара торураак беле... Анчалык эсимде жок. Кабагы аябай салыңкы экени гана эсимде калыптыр. Андан бери бир жыл өтпөдүбү...

Жамиляны ооруканага жеткирген кайниси тууралуу да өткөн саныбызда кеп кылганбыз. Дуулат аттуу жигит да Жамилянын акыркы сааттарында жанында болгон.

– Жеңең менен байкеңдин өз ара чырдашканын байкадың беле?
– Жок, жакшы эле жүрүшкөн.
– Ошол күндү айтып берсең...
– Мен ал күнү үйдө болчумун. Көктөм акем Бакай-Ата жаңы конушуна, эжемдикине учурашканы кеткен. А жеңем уктап жаткан. Туруп акемди сураганда анын кайда кеткенин айттым. Өзүм суу ташып, үйдөгү жумуштарды жасап жүргөм. Анан дарбыз алып келейин деп дүкөнчөгө кеткем. Дарбыздын сыртын аарчып, кесейин деп жатсам эле бир нерсе дүп дегендей угулду. Төркү үйгө кирип барсам, жеңем кулап жатыптыр. Үйдүн ичи уксус жыттанып чыкты. Мен сүйрөп сыртка алып чыгып, элди жардамга чакыра баштадым. Коңшубуз сыртта жүрүптүр. Ага уксус ичип алганын айтсам, “айран жуткур” деп калды. Сүзмө бар эле, ошону эзип алып келе калып ичирели десек, карышып калыптыр.
– Жамилянын денеси көгөргөн, башында жаракат бар экен. Сен ошол учурда байкаган жок белең?

– Денеси тырышып калганда колдорун ушалагам. Кийин ошол жерлери көгөрүп калыптыр деп жатышат. Жолдон машина тосуп салып жатканда башын уруп алганбыз.

– Башы катуу урулду беле?
– Анчалык деле катуу урулгандай болгон эмес.
Коңшусу Кубан аттуу мырза төмөнкүлөргө токтолду.
– Ошол күндү эстеп көрсөңүз...
– Мен сыртта тургам. Коңшумдун баласы Дуулаттын кыйкырып жатканын көрдүм. Келсек, келиндин оозунун тегереги көгөрүп кеткен экен. Сүзмө ичирели десек, оозу карышып калыптыр. Кашык менен эптеп ачып ичирдик.
– Ошол учурда келиндин кан тамыры кесилгенин байкаган жок белеңиз? Анткени редакцияга алып келген сүрөттөрдө колдору кесилгени билинип турат. Жакындарынын айтуусунда, жоолук ошол колуна байланган...
– Эгерде кан тамыр кесилсе, адам тез эле кансырап өлүп калат. Мен анын колдорун байкаган эмесмин. Ошону кантип көрбөй калалы?

Махабат Байдылдаева,
Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү:
“ДАЛИЛДЕР ЖЕТИШТҮҮ БОЛБОЙ, КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛБАДЫ”
– Жамилянын жакындарынын айтымында, сиз аны ооруканадан көргөн экенсиз. Абалы кандай эле?
– Мен ал күнү нөөмөттө элем. Абалы начар болчу. Жанында турганда уксус жыттанып турган. “Жардам бергиле” деп кыйналып бир жолу айтканын уккам.
– Эмне үчүн кылмыш иши ачылган жок? Сотмедэкспертизанын жыйынтыгы жетишерлик далил эмеспи?
– Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча, башы жарылып, кабыргасы сынгандыгы далилденген жок. Кылмыш ишин ачуу үчүн эксгумация (өлүктү текшерүү үчүн кайра казуу) кылып, кайра комиссиялык экспертизага жибериш керек. Эксгумация кылуу үчүн Жамилянын туугандары менен сүйлөшүп жатабыз.
– Жамилянын денесиндеги көк алалар массаж жасагандан болушу мүмкүнбү?
– Бул суроого эксперттер жооп берип, аныкташ керек.
– Жакындары "иш кайра каралсын" деген токтомду көрсөтүштү эле...
– Азыркы убакта текшерүү иштери жүрүп жатат.
– Жакындары колдору кесилгенин жана жоолук кан болгонун айтышкан эле. Кан кандайча болушу мүмкүн?
– Ал жоолукту жакындары менден алып кетишкен. Жоолук тууралуу "Жамилянын кесилген колу ушул жоолук менен байланган" деп мага Көктөмдүн туугандары айтышкан.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Aidanek
2011-08-22 13:55:39
оооо кудай кантип эле укалаган жери когоруп калсын...Мурунку санда коргонмун суротун ал келиндин кадимкидей эле токмок жеген,укалаган жер ошончолук когорсо анда урган жер не болот?анан дагы башын машинага салып атып уруп алаганбыз дегенин кара.....
0
solnyshko
2011-08-22 16:52:40
Жамиля эже киши колдуу болуп эле олтурулсо керек,бирок аны бир гана Кудай билет,тиги куболор баардыгы куйоосунун туугандары,тааныштары экен, мумкун алар куйоосунун куноосун жашырып атышат....жоопкерчиликке тартылбасын деп...
0
operaledi
2011-08-22 18:15:08
Сатуучу эже:-"Окуя болгондон бери бир жыл өттү. Бирок негедир ал келинди эстеп калгам; Дегени анан эле-:"Бою кичинекей, кара торураак беле... Анчалык эсимде жок." дегени кандай? Ой, ишенбейм, ишенбейм.
0
Arman
2011-08-22 23:04:46
boljoldo kainisi oltyryp alyp emne kylaaryn bilbei uksus ichirip salganga okshop jatat maga,
0
Asus84
2011-08-23 11:54:55
Arman дыкы туура балким кайниси кол салып анан тиги келин качып анан ал талылуу жерге чаап салганго кашайгыр, анан уксусту оозуна куйуп койду да, эмнеси болсо да кылмыштын бети ачылып ар кимиси оз жасазын алсын, Жамиля эженин жаткан жери жайлуу болсун! кадган омур жашын уулуна берсин! куйоосу бул маалда кайда эле деги ал жонундо да соз жок чиркин бир кем дуйно?.
0
solnyshko
2011-08-23 14:35:42
Asus84, сиз айтканыныз да туура,балким ошондой болгондур...
0
engel
2011-08-23 12:43:28
Uiaty joktor kishini kuidurot go bular,baaryn satyp algany korunup turat sottu da,konshusun da,satuuchu aialdy da al da uialbai 1 jyl ottu esimden ketpeytoshol kun dep surottonuz dese kara toru kichinekei deit Jamila eje sary kara emes,boiu normal'nyi bolchu!!!A Mahabat Baidyldaeva ishti nege dal'she alyp kete albai j-t antkeni al da satylyp ketken davno Jamila ejenin ata-enesine jolukpai kachyp jurot emi.Arman sen tuura aitasyn aga uksustu kyinap ichirgeni bashynda ele tushunktuu bolgon baaryna
0
engel
2011-08-23 12:48:56
A eger bashyn urup alyshsa a kabyrgasychy,kesilgen koldoruchu,oo Kudaai okshoshturup kalp aityshpaiby,uksus ichip,kolun keskilep oinogondoi al 15tegi kyz emes bir balanyn enesi i al balasy uchun andayga barmak emes!!!
0
NurUmar
2011-08-23 21:20:07
Uksus i4ip ozun ozu olturom degen bolso bol'nitsada "jardam bergile" dep aytat bele?Uksus i4ip ozun ozu olturom degen bolso bol'nitsada "jardam bergile" dep aytat bele?
0
Aybekk
2011-08-24 13:37:26
NurUmar, Жан ширин да. Сураса сурагандыр.
0
Eliza
2011-08-24 15:04:13
мурадакы сандарда кайненеси жаман болуп , жашай албай ажырашып кеткет деп жазылган. КАнтип ошончо кордукту коруп ажырашып кеткен келин кайра куйосуно чогуу жашайлы деп жалдырамак эле . И еще кичинекей баласы бар болсо , колун кесин , уксуз ичпейт болчуда ,кчинекей кыз эмес го.. энелик сезим ото кыйын да ошончолук жаман болсо , канча кыйналса да баласы учун жашамак.Мен сиздердин оюнуздарга кошулам кайниси олтуруп алып уксуз ичирип койгон.
0
merilin
2011-08-26 21:41:53
машинага салып атып башын уруп алдык дейт ишенуу кыйын булар оздору елек оултуруп уксуз ичирп койгон
0
kanat160677
2011-10-07 21:26:48
Киши колду эле болуптур,уксустан адамдын денеси когорбойт да.Ишти башынан козгош керек,мындай иштер жазасыз калбаш керек!Жамилянын жаткан жери жайлуу болсун!!!!
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан