АЙЗАТ АЙТАТ
– “Окуум биринчи орунда болгондуктан, шоу-бизнесте көп ийгиликтерге жетишпей жатсам керек” деген элең, азырчы?
– Азыр деле ийгиликтерди жарата албай келатам. 1-2-курста окуп жүргөнүмдө чыгармачылыкка жакшы эле жетишип жаткан элем, анан эле кийинки курстарда артка кеттим. Ойлонуп көрсөм, окуумду биринчи орунга коюп, андан кийин гана ырчылыкта катуу иштешим керек экен.
– Эмне себептен клиптериң аз, өзүң да сахнадан көрүнбөйсүң?
– Дагы деле окуума шылтайм. Чындыгында, көрүнбөй калдым. Буюрса, сентябрь айынан баштап чыгармачылыкка катуу киришейин деп учурда вокалдан сабак алып жатам.
– Түнкү клубдарга барып турасыңбы?
– Мурда көп эле барчумун. Азыр болсо чанда гана барам. Өткөндө үч курбум менен Ысык-Көлгө эс алганы барганбыз. Үчөөбүз түнкү клубга баралы деп караңгыда такси тоскону сыртка чыксак, бир машина токтоп жатпайбы. Такси эмес экен деп коркуп, башка машинага түшүп кеттик. Бир маалда эле биздин таксинин жолун тосуп чыга калышса болобу. Эки курбум коркуп кыйкырышса, мен болсо ала качып кетишсечи деп ойлоп алып ыйлаганымды сурабаңыз. Ошентип, ал бейтааныш адамдар түнкү клубга “таанышалы” деп ээрчип алышты. Биз калп эле шашкан болуп качып кеттик.
– Жигитиң барбы, качан турмушка чыгасың?
– 8-классымда классташым менен бир ай сүйлөшкөм. Ошондон бери жалгызмын. Элдер таң калып “кантип жигитиң жок?” дей беришет. 20га чыгып жигитим жок экенине өзүм да таң калам. Бой жеткен сайын турмуш тууралуу көп ойлонуп калат экенсиң. Мен дагы үч жылдан кийин турмушка чыккым келет. Негизи, шакек тагынганды жаман көрөм, бирок кийин нике шакегимди колумдан чечпейм.
– Тамеки чегип, ичкен кыздарга киресиңби?
– Тамеки чегип көргөм. Бир жолу эжем экөөбүз үйдө отуруп, атамдын тамекисин көрүп калып, чегип көргүбүз келип кетти. Тартып жатсак, атам келип калып жатпайбы. Эмне кыларыбызды билбей, артыбызга ката койсок, атам кечке бизди карайт, шекшип калгансып. Көрсө, эжем тамекисин өчүргөнгө жетишпей калгандыктан, палас күйүп, түтүн чыга баштаптыр да. Ошондо атам көрсө да көрмөксөнгө салып башка бөлмөгө кирип кеткен. Ичкилик ичпейм.
– Комуз үйрөнсөм деген ниетиңди ишке ашырдыңбы?
– Комуз үйрөнгүм келип жүргөн кезде мен ноталарды да билчү эмесмин. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, түшүнүп калдым. Ал эми комузга дагы деле убакытым жок болуп жатат.
– Ак колсуңбу же кара жумушту катырасыңбы?
– Колумдан келет, баары. Ичеги-карын артканды да билем. Ийне-жип кармай албаганым чатак да. Кенедей топчу кадагым келбейт.
– Өзүңө ырчы катары кандай баа бересиң?
– Өзүмдү орточо ырчылардан да кичине төмөнүрөөк көрөм. Бийик деңгээлдеги ырчылар күндө үндөрүн таптап турушат, мен деле көнүгүүлөрдү жасап турам, бирок баары бир жетпейм.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg