ГРАФФИТИ

Баш калаанын ар кандай имараттарынын боорунан, көпүрө астындагы дубалдардан, канал боорлорунан өзгөчө ыкма менен жазылган жазууларды, сүрөттөрдү көзүңүз чалды беле? Андай искусствонун граффити деп аталарынан кабарыңыз бар чыгар.

ГРАФФИТИ ФЕСТИВАЛЫ
Негизи, граффити искусствосу мага абдан жакчу. Сүрөтчүлөрдүн өнөрүнө өз көзүм менен күбө болууну каалаганым менен, аларды жолуктура албай жүргөм. Граффити боюнча баш калаабызда фестиваль болорун укканда көктөн издегеним жерден табылгандай болду. Германиянын элчилигинин короосуна кирерим менен эле дубалга тартылган сүрөттөр көзгө урунду.
Граффити жаңы пайда болуп жатканда дубал бетине сүрөт тартууну коомчулук маданиятсыздык деп эсептеген. Мезгилдин өтүшү менен граффитинин өзүнчө бир искусство экенин аңдап түшүнүштү окшойт. Себеби аэрозолдогу боёкту дубалга чачып, шумдуктуудай иллюзиялуу сүрөт тартуу бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Ага өзгөчө шык, жөндөм керек.
12-13-август күндөрү Бишкекте Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин аймагында германиялык жана кыргызстандык чеберлер катышкан граффити искусствосу боюнча 3-эл аралык фестиваль болуп өттү.
Уюштуруучу жана сүрөтчү Виктор Цой: “Мындай иш-чара эки жыл мурун уюштурулуп, казакстандык сүрөтчүлөр да келишкен. А бүгүн бизде немистер конокто”,- деп билдирди. Европа мамлекеттеринен граффити чеберлеринин Кыргызстанга биринчи жолу келиши экен. Алыскы Герман өлкөсүнөн Маркус жана Тино аттуу сүрөтчүлөр келишкен. Маркустун кесиби – экономист, Тино техникалык билимге ээ. Экөө тең граффити менен 10 жылдан бери алектенишет.
Эки күн бою райтерлер (граффити сүрөтчүлөрү) элчиликтин дубалына “Европа менен Азиянын достук мамилеси” тематикасында өз чыгармаларын тартып, көрөрмандарга тартуулашты.
Германиялык коноктор Маркус жана Тино Азияны кандай элестетишерин өз эмгектеринде чагылдырышса, Европаны кыргызстандык балдар биздин көз караш менен тартышты.

«КЫРГЫЗСТАНДА РАЙТЕР КЫЗДАР ЖОК»
Граффити Кыргызстанда да акырындык менен өнүгүп келе жатат. Искусствонун бул түрү боюнча кыргызстандык сүрөтчү Антон Першаков менен маек курдук.

– Бизде бул искусство кайсы жылдан баштап өнүгүп келе жатат?
– Дубалга сүрөт тарткан өнөр АКШда 20-кылымдын 20-жылдарында пайда болгон. Кийинчерээк башка мамлекеттерге жайыла баштайт. Кыргызстанга 90-жылдары келген.
– Антон, айтсаң, Кыргызстанда граффити сүрөт тарткан кыздар барбы?
– Чет өлкөлөрдө бул чөйрөдө сүрөтчү кыздар көп эле. А бизде... Жок, кездештире элекмин.
– Сүрөт тартып сатасыңбы? Баасы канча болот?
– Граффитини дубалдарга, темирлерге тартасың. А кагазга тартып сатууну ойлонуп көргөн эмесмин.
– Баллондогу боёкторду кайдан аласыңар? Канча сомдон?
– Базарлардан оңой эле тапса болот. “Орто-Сай”, “Дордой” базарларынан алам. Баасы 70 сомдон өйдө.
– Менин бир тааныш балам кийимдерине граффити тартып алып кийчү. Балким, сен да кийимдерге сүрөт тарта аларсың?
– Жок, кийимдерге тартпайм. Кийимдерге, жалпы эле кездемеге акриль менен тартат. А бул баллондогу боёктор темирлер, дубалдар үчүн.
– Азыр сен тартып жаткан «Берлин» деген жазуу абдан жандуу көрүнүп жатат. Сүрөт үч өлчөмдөбү?
– Ооба, мындайларды 3D стиль деп атап коюшат.
– Эмне үчүн азыр боёктун зыяндуулугунан сактаган респираторду (мурунга тагынат) колдонбой эле иштеп жатасың?
– Ырас, респиратор дем алуу органдарын боёктун зыяндуу жагынан сактайт. Бирок аны ысыкта кийүү ыңгайсыз.
– Немис элчилиги граффити үчүн чоң аянт бөлүп бериптир. Бул сыяктуу чоң аянтка тартылган граффитилерди шаар ичинен дагы кайдан кездештире алабыз?
– Көлөмдүү сүрөттөрдү Бишкектеги №17-мектептин дубалдарынан табасың. Аны качан, кимдер тартканын жакшы билбейт экенмин. Балким, өзүң издештирип көрөрсүң.
– Антон, ишиңе ийгилик! Маегиң үчүн рахмат!

Эрлан Нурманбетов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
azumi
2011-08-27 12:02:38
эмнеге кыздар жок менчи?мага досторум уйротушкон биринчи анча кызыккан эмесмин убакыт отуп тарткан суротторум озумо жага баштады анан кызыгып кеткемин азыр москванын кочолорундо Саша экообуз тарткан суроттор жайнап кеткен.кыргызстанда болгонумда мен да катышмакмын бул фестивальга жаль...
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан