Мамлекеттик “Учур” жаштар театры Москва шаарында өткөн Чехов атындагы Эл аралык театралдык фестивалга катышып келди. 20га жакын өлкө катышкан фестивалда алар Султан Раевдин пьесасы боюнча коюлган «Меккеге карай узак жол» спектаклин көрсөтүштү. Жол кире, акча каражатын президент өзү каржылаган. “Учур” муну менен токтоп калбай, октябрь айында Ташкентте өтчү фестивалга аттанат.