Кыял Шаршеева Айтаажы аттуу кызды тарбиялап декреттик эс алууда жүргөн эле. Эми дикторлугуна кайтып келди.
“1 жыл 2 ай убакыт эфирге чыкпай буулугуп калган элем, эми кызымды сиңдиме каратып коюп иштей баштадым. Тааныштарым "жумушуңду сагынганың эфирден да билинип жатат" деп айтышууда. Кайрадан декретке чыккыча эч жакка кетпейм”,- дейт диктор. Туура кылат, КТРКнын кээ бир дикторлору мушташып-тиштешип жүргөндө, Кыял айым унчукпай иштей берсин да.