Ильяз Абдыразаков үйлөнгөндөн бери дымы чыкпай, махабатка мас болуп, чыгармачылыктан оолактай түшкөн эле. Ильяз эми экс-продюсери Баяке Чааров менен кайрадан иштеше баштады. Ат айланып казыгын табат болуп, баягы эле байкеси Баякеге кайрылыптыр, “чыгармачылык сизсиз окшошпой жатат, жөлөк-таяк болуңуз” деп.
“Бир тууганымдай көргөн Ильязга жок дей албай, макул болдум. Буюрса, жапжаңы 15 ырдан турган ыр жыйнак чыгарганы турабыз. Ильязды сүйгөн күйөрмандар, күткүлө”,- деп ишендирет продюсери.