“Кыз-Бурактан” бөлүнүп өзүнчө ырдап калган Айпери Сыдыкова 17-август күнү көз жарды. Ымыркай 3 килограмм салмакта Кара-Көлдөгү төрөт үйүндө жарыкка келди. Учурда эне-баланын ден соолугу чың. “Кайындарым, төркүндөрүм уулдуу болгонубузга кубанышууда”,- дейт ырчы айым. Азырынча наристеге ысым ыйгарыша элек экен. Куттуктайбыз, бешик боосу бек, акылдуу жигит болсун!