КЫЗЫЛ КӨЙНӨКЧӨН

Ысык-Көл аймагындагы кызыл көйнөкчөн келин тууралуу аңызды уксаңыз керек. Жакында эле ошол окуяны экрандан көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонбуз. Учурда фильм Кыргызстанды кыдырып жүргөн кези.

ДОСТОРДУН МЕЛДЕШИ
Эки дос – Руслан менен Тоха Русландын жаңы алган машинасында бака-шака түшүп келатышат. Бул убакта тынч алып калган шаарда жол жээктеп кызыл көйнөкчөн кыз басып келаткан эле. Аны көргөн балдар адатынча “жеткирип коёлу” деп тийише башташат. Кызыл көйнөкчөн кыз алдын карай баса: “Мен сатылбайм! Эгер мага катылсаңар, өзүңөргө жаман болот!”- деп табышмактуу көздөн кайым болот.
Андан ары улай машинасын мактанып айдап бараткан эки достун ортосунда сөздөн сөз чыгып, мелдеше кетишет. Русландын кымбат баалуу машинасы мелдешке түшүп, ал досу Тоханын айтканын кылмай болот. Болбосо, машинасын ага арзан баада сатыш керек болчу. Ошентип баратып жолдо Русландын алыс тууган иниси Макс менен сүйлөшкөн кызы Жаннага жолугуп калышат. Кызды көрө калган Тоха “ушул кыз менен кумарга батасың” деп коёт. Экөө кечке талашып-тартышып, акыры Руслан куру намыс менен макул болот. Калп эле экөөнү «таштап коёбуз» демиш болуп, эртеси шаар четине чогуу эс алууга көндүрүшөт. Эки “карышкырдын” калп сөзүнө ишенген кыз-жигит алар менен бирге эртеси шаардын четинде жайгашкан, уюлдук байланыш тартпаган ээн үйгө келишет.

ТИЕШЕЛҮҮ ЖАЗАСЫН АЛЫП...
Кечке чейин кайтабыз” деген шылтоо менен алып келген эки дос планын ишке ашыруу үчүн эптеп айласын таап машинаны бузуп коюшат. Ошол күнү кете албай, айла жок түнөгөнгө туура келет. Ал эми иниси Макска эс-учун жоготсун деп атайын шараптан берип мас кылышат. Эч нерседен кабары жок Жанна кызыл көйнөкчөн келин тууралуу уламышты айтып отурат. Баары караңгы үйгө кирип, гитара менен ырдап-бийлеп отурганда Руслан арам ишине киришет. Кызды керебетке ыргытып, зордуктаганга аракет кылат. Каршылык көрсөткөн Максты жыга чаап, оозун басат. Бир маалда белгисиз бирөөнүн күчү менен үйдүн терезеси талкаланат. Табышмактуу мындай көрүнүштөн корккон жигиттер биринин артынан бири мыкаачылык менен каза болушат. Русланды машина тебелеп, Тоханы жер тартып кетет. Ал эми бейкүнөө Макс кызыл жоолук менен муунтуп өлтүрүлгөн болот. Бир гана Жанна тирүү калат. Аягында кызыл көйнөкчөн кыз тийиштүү жазаңарды алдыңар дегенсип жолдон өтүп кеткени менен тасма жыйынтыкталат.

ЧЫНЫГЫ ОКУЯДАН АЛЫНГАНБЫ?
Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылында жогорудагы фильмге окшош окуя болгону тууралуу кеп бар.
Бир кезде белгисиз эркектер жолдо бараткан жаш келинди зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүп, сөөгүн жолдун четине ыргытып салышкан экен. Ошондон кийин “келиндин арбагы зордуктаган адамдарды издеп жүрөт” деген уламыш тараган. Айрымдар “чын эле болгон окуя, керек болсо аны көргөнбүз” дешсе, кээ бирлери “болбогон кеп” деп этибарга алышпайт.
Ушул аңыздарга негизделген Чолпонбек Абыкеевдин “Кызыл көйнөкчөн келин” деген чыгармасы бар. Анда сюжет башкача болсо да, кеп ошол эле келин жөнүндө айтылат. Кино жаратуучулардын айтуусунда, ал чыгармага фильмдин тиешеси жок.
Жаш режиссёрлор Тилек Чериков, Айбек Дайырбеков, Данияр Абдыкеримов жана Санжар Абдыжапаровдордун эмгегинен жаралган тасма Кыргызстанда чоң кызыгууну жаратты. Фильмдин башындагы титрде “Бул видеоматериал биздин колго капыстан тийди. Учурда бул иш дагы деле тергөөдө. Окуяга тиешелүү адамдардын ичинен бири гана тирүү калып, ал азыр психиатриялык ооруканада. Биз, болгону, видеону монтаждап эл алдына алып чыгууну туура көрдүк” деген маалымат жазылган. Кыргыз киносундагы коркунучтуу тасмалардын катарын толуктаган бул эмгектин режиссёрлорунун бири Тилек Чериков мындай дейт:
– Бул чыныгы турмуштан алынган псевдо-документалдык фильм. Аны биз атайын актёрлорду тандап тарткан эмеспиз. Бул материал биздин колубузга белгисиз бирөөлөр аркылуу тийип отурат. Изилдеп көрүп, видеонун кээ бир жерлерин кыркып, монтаждап гана койгонбуз. Калганы бүт ошол алып келинген документтердин түп нускасы. Баш-аягы 3-4 айдын ичинде монтаждап бүтүрдүк. Фильмде ошол документтердин 10 пайызы гана ачылып берилди. Материалдын оригиналы 20 саатка жакын убакытты талап кылат.
Фильмдин биринчи бөлүмү көрүүчүлөр тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Көрүп жатып чыдабай чыгып кеткендери да болду. Учурда Ош шаарында кинотеатрларда жүрүп жатат. Угушумча, ошол жакта кино бүткөндөн кийин бир кыз өзүн жаман сезип, “Тез жардам” чакырып алып кетишиптир. Бул нерсе кинонун таасирдүүлүгүнөн кабар берет деп ойлойм.

Лунара Бекиева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
kino_xxi
2011-08-22 18:29:57
mundai nerseler oto muka4uluk dep oiloim
0
jazim
2011-08-22 22:04:10
Мен китебин окугам да, бирок анда таптакыр башкача баяндалган тобоо чын эле болгон окуя болсо ойлонуп олтуруп жалгыз калгандан коркум калдым
0
Arstan
2011-08-23 03:19:39
Ушул киного ккызыгып калдым коруш керек экен,кайсы сатта бар ким билет?
0
gulzat21kg
2011-08-23 10:29:26
Мен да кордум жаккан жок сапаты начар, убакыт кетирип барбайле койгон он.
0
dioro
2011-08-23 17:27:03
ишенген жокмун жон гана уламыш экен))))
0
sheff
2011-08-24 13:54:29
ЭЭЭ режиссер байке каратып туруп лапша чойосун да белгисиз бироолор таштап кетти деп, анан белгисиз бироо таштап кетсе кайдан билесин алардын бироо псих больницада жатканын, Пиар кылгындын башка турун таппай калдынарбы, ХАХАХАХАХААААА
0
arii
2011-08-24 16:10:11
эмнеси болсо да бир коруп коюш керек экен
0
Debi
2011-08-24 19:01:55
Мындай фильмдерди колуман келсе такыр чыгартпайт элем. Адамдын психикасына терс таасир берет, тарбиялык мааниси щтщ эле алсыз.
0
Dika
2011-08-26 10:25:07
Бул тасма сайттарда жок. Режисерлор акча кылып алуу учун аябай пленкаларын сактап журушот окшойт. Пират дисктеринде дагы жок. Бишкектеги Манас кинотеатрында 120 сомдон бир ай болду окшойт. Тасманын баашында анча деле эмес, аягында эле бир аз коркунучтуу жерлери бар. Ал эми кызыл койнок кийген актриса аябай семиз окшойт цилюлит басканы аз калыптыр, буттары арыгыраак актриса табышса болмок.
0
kosya700
2011-08-27 00:54:47
надо не просто так смотреть... а с позитивом + иссык кульскый косячок и все супер...
0
Саби
2011-08-28 12:30:05
Бул КЫзыл-Койнок жонундо кол тарапта мурун эле айтылып жургон.шоферлор коп корот деп укчумун ал кезде мен кичирээк болчумун.Ошондо мындан 20-25 жылдай мурун болуш керек.
0
Бекболот Абдимомунович
2011-08-30 03:02:16
Myndai oku9larga e4 kimdi tuw kylbasyn!!!
0
bloodboy
2011-09-01 01:52:59
окуяны мага байкем айтып берген жайлоого чыкканда кечинде уктай албай кыйналгам , кечинде барына ишенесин
0
Alibek_Forever
2011-11-06 19:57:28
Мен бул тасманы коргон эмесмин. Бирок коргондордун айтуусуна караганда сапаты начар деп укканым бар. Бирок кыргыздар баарыбир кыргыз экенсинер! Качан бир нормальный сапаттуу тасма тартасынар? Бирок мен да келечекте режисёр болгум келет (кудай буйруса). Германияга окуюн деп жатам. Бирок . Ошол жакта эле калып калышым мумкун. Кыргызстанга келгим келбейт. Эгер кийин Алибек Кубанычбеков деген атты угуп калсанар мени эстесенер болот!
-1
amerikano
2011-11-30 14:33:18
надо бы посмотреть этот фильм...
-1
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан