Бул сөз дегениң жаман. Бир акын айткандай, бир сөз менен дүйнө кетет уралып, бир сөз менен дүйнө калат экен куралып. Дегеним, Айчүрөк Иманалиева менен Назгүл Насиеванын чыры Чубактын чуусундай эле уу-чуу жаратууда. Айчүрөк эже «аброюма шек келтирди» деп Назгүл Насиеваны сотко берсе, Назгүл айым мындай дейт:
– Бул жашоодо адам баласы эч качан калдык болбойт. Ар бир адам өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек. Айчүрөк Иманалиева экөөбүз күтүүсүздөн гезиттен айтыша кеттик. Анын аброюна шек келтирүү менин оюмда жок. Айчүрөк Иманалиева «Назгүл Насиева калдыктар менен иштейт» деп айтып жатат. 11 жылдан бери мен айыккыс оору менен ооруган бөбөктөргө, кароосуз калган Балдар үйлөрүнө, абактагы убактылуу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга, Карылар үйүнө жардам берип жүрөм. Жазаны аткаруу башкармалыгынын начальнигинин кеңешчиси болуп иштедим. Абакта отурган жарандарга жаш ырчылар гана эмес, Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер барып ырдап беришип, концерт уюштуруп жүрдүк. Эмне, алар калдыктар болуп эсептелеби? Ошон үчүн ар бир адам сүйлөөрдүн алдында ойлонушу керек, кийин жооп берип калат. Айчүрөк эжекебиз ар кайсы гезитке барып “Назгүл Насиеваны сотко бердим” деп эле келе жатат. Сотко берсин. Сот «Насиева күнөөлүү» деп жыйынтык чыгаргандан кийин гана «мына, ушундай жыйынтык болду» деп айтса да туура болмок.
Албетте, менин да адвокатым, кесиптештерим бар. Урушпай жөн эле отура берейин десем, алар “анда сен бизди калдык катары санайсың. Биз сага калдык эмеспиз” дешти. Ошондо гана сотко кайрылууга аргасыз болдум. Азыр мен да Айчүрөк Иманалиеваны сотко бердим. Моралдык зыян келтиргендиги үчүн эмес, бул деген кылмыш иши козголо турган берене экен. Ал 1 миллион 200 миң сом айыпка жыгылат. Өзү «аягына чейин чуркайм» деп жатабы, биз деле тим турбайбыз.