Бир бүркүм... 99 МИҢ БАЛА 1-КЛАССКА БАРАТ...

  • Быйыл ажылык сапардын баасы 2300-2600 долларды түзөт”,- дейт муфтий Чубак ажы Жалилов.
  • Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына арналган 1 жана 10 сомдун коллекциялык тыйындары чыгарылат.
  • Жалал-Абад облусунда соңку 6 ай ичинде 61 өспүрүм дайынсыз жоголду.
  • Президенттикке талапкерлигин койгон Нурлан Мотуев: «Менин атымды кимдир бирөө жамынып, интернеттеги социалдык тармактарда терс мүнөздүү билдирүүлөрдү жарыялап жатыптыр. Бирок мен бир да сайтка катталган эмесмин»,- деп бизге кайрылды.
  • Жаштар министрлиги жаңы долбоорду ишке ашыруунун алдында турат. Анда 47 миңге чейин жаштар иш менен камсыз кылынат.
  • Талас районунун Калинин айылында суунун жетишсиздигинен 1500 гектарга айдалган төө буурчак куурап калды.
  • Кыргызстанга эң көп акча Орусия, Германия жана АКШда иштеген мигранттардан которулат.
  • “Манас жана Чыңгыз Айтматовдун айкелдерине керектүү 20 миллион сом чогулду. Эстеликтер өз убагында тургузулат”,- дейт вице-премьер Ибрагим Жунусов.
  • Өкмөт Каракол шаарындагы аэропортко эл аралык статус берерин билдирди.
  • Кыргыз-кытай-өзбек темир жолун куруу менен өлкө ичинде айланма темир жол курулуп, ал Балыкчыдан Нарынга карай созулат”,- деди Алмазбек Атамбаев.
  • Нарында 500 тонна жашылча сактоочу кампа жеке ишкер Акылбек Ыбыраев тарабынан курулду.
  • Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасы 100 миң евро турган заманбап операциялык микроскоп алды.
  • Кыргызстанда быйыл 99 миң бала 1-класстын босогосун аттайт. Жалпы мектеп окуучуларынын саны 1 миллиондун тегерегинде.
  • “Союз олку-солку болгон учурда легендарлуу парламент баш калаабыздын атын Фрунзеден Бишкекке өзгөрттү. Ошол сессияда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов борборду Манас деп атоону сунуш кылган. Бирок коммунисттер колдоого албай коюшкан”,- дейт редакциябызга күйүп-бышып келген Жолдошбек Стамалиев. Ал борбор калааны Манас деп атоо зарыл деген пикирде.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
turmus
2011-08-23 13:31:44
Борборду Манас шаары деп атап койсо эле иштин баары чечилип калчудай болуп!!! Стамалиев мырза бир кишинин атын озгорткондо паспортко канча чыгым кетээрин билесинби??? Башка жакта куйуп бышчы иш жок бекен???
0
zamir_kgz
2011-08-24 21:51:55
turmus, туура, Ош облусу азыркы Жалалабат облусу Туулг.туур.куболуктун айынан тиешелуу кызматтагылар канча акча ондурду экен элден. Эми Манас охуу акча иштешет да
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан