Өз учурунда экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев да ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендер менен соттошкон. Бул сапар Роза Отунбаевага кезек келген сыягы. Анткени мамлекет башчы соттошуу алдында турат. Айыпталуучу тарап – Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы генерал Мирослав Ниязов. Ал кыргыз тилдүү гезиттердин бирине берген интервьюсунда Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн, анын ичинде Роза Отунбаеваны да «мыйзамдагы уурулар» деп атаган.
Мындан улам президенттин кадыр-баркын коргоого башкы прокурор Аида Салянова бел байлап, Ниязовду жоопко тартууну чечти. Генерал, биринчиден, Отунбаева, Бабанов жана Атамбаевди «мыйзамдагы уурулар» менен салыштырганы, экинчиден, «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев кандай уурулук кылса, алар да элди ошондой тоноп жатат» деп айтканы, үчүнчүдөн, «учурдагы бийлик Акаев менен Бакиевдикинен кем калышпайт» дегени үчүн жооп берет дейт.
Маалымат үчүн: Былтыр парламенттик шайлоонун алдында Мирослав мырза өзүнүн партиясы менен Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстандын” курамына кошулган.