Туңгуч ажо Аскар Акаев президенттик шайлоонун алдында Маскөөдөн үн катты. Кыргызстанды 15 жыл башкарып, бирок жыргатпаган экс-президент “Акиpress” агенттигине берген маегинде актанууга, мактанууга, керек болсо өзүнө-өзү суроо берип, кайра ага жооп узатууга да үлгүрүптүр.
Айрым учурларына көңүл бурсак, Аскар мырза жубайы Майрам Акаева жөнүндө “менин оппоненттерим аялымдын мамлекеттик иштерге кийлигишкени боюнча жок дегенде бир далилди айтып көрүшсүнчү...” деп демитиптир.
Азыркы саясий кырдаалга токтолгон мурунку мамлекет башчы Курманбек Бакиев жана Роза Отунбаева баштаган оппозиция өлкөнү каалагандай калчап, алардын тиешеси бар окуялардын кесепетинен Кыргызстан бүгүнкү абалга кептелгенин айткан. “Чын эле былтыр уулуңуз Айдардын Москвада “Ата Журттун” адамдары Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков менен жолугушуусу болгонбу?” деген суроого “Айдар чоң киши, ал ким менен сүйлөшөрүн өзү чечет” деп жооп бериптир.