Жогорку Кеңеште Сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Садыр Жапаровдун абалы оор. Ал комитет башчылык кызматынан кетиши мүмкүн. Буга КСДПнын депутаты Данияр Тербишалиев да кошулду. Бирок Садыр Жапаров: «Мен эмне үчүн башчылыктан кетишим керек? Бул кызматка мени парламент дайындаган»,- дейт.
Эскерте кетсек, 15-август күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулмак. Эс алууда жүргөн депутаттарды бир эмес, үч кыймылдын митингчилери “кучак жайып” тосуп алышты. Алар эл өкүлдөрүн Ак үйгө киргизишпей, талаптарын жаадыра башташты.
Митингчилер Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандап алуу процессине каршы чыгышты. Алар депутаттар менен сүйлөшүү үчүн Ак үйгө киришкен соң Садыр Жапаровду көздөй тапичке ыргытышканы кызык болду. Элдин ачууга алдырып жатканын сезген Садыр мырза залдан чыгып кетүүгө шашыптыр. Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин мушташына арачы болом деп бешенесин жарып алганы сабак болгон көрүнөт.