Сотторду тандоо кеңешинин ишмердиги жана Жогорку Сот менен Конституциялык Сотко тандалгандардын тегерегинде уу-дуу кептер тарай баштаганда өлкө башчысы ар бир талапкер менен сүйлөшүп чыгарын билдирген. Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Сотко 35 жана Конституциялык палатага 11 сотунун кызматына ачык сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгында Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын 11 судьясын, Жогорку Соттун 29 судьясын тандап, аларды президентке сунушташкан.
Ошентип, Роза Отунбаева соттук орундарга сунушталган талапкердин деңгээлин текшерүүгө өткөн. Биринчи күнү эле талапкерлердин мындай жооптуу кызматтарга даяр эместиги байкалды. Конституциялык палатага тандалган 11 адамдын ичинен үчөө гана өлкө башчынын элегинен өттү. Мамлекет башчы муну терс көрүнүш катары баалап, кесиптик суроолорго да жооп бере албагандар кантип сот боло аларына таң калды. Соттордун сынак тапшырып жаткан студент сыяктуу “жоопту эстей албай жатам, бирок сот болсом, үйрөнөм” дегендери далайларды кыжырдантты.
8 талапкерди жаратпай койгону «Ар- намыс» менен «Ата Журт» фракциялары Сотторду тандоо кеңеши менен тил бириктирип кетти» деген шек ажонун да оюнда тургандай сезим калтырат. Сотторду тандоо маселеси абдан олуттуу иш эмеспи. Ажонун бул маселеге тиешелүү деңгээлде көңүл бөлүп жатканы мактоого арзыйт.